1 Жылнаама 18:1—17
18 Ошондон кийин Дөөтү пелиштиликтерди талкалап+, аларды багындырып, Гат+ менен ага караштуу шаарларды тартып алды.
2 Андан кийин ал Маап жерин талкалады+. Мааптыктар ага кул болуп, салык төлөй башташты+.
3 Соба+ падышасы Ададезер+ бийлигин орнотуу үчүн Эфрат дарыясынын+ аймагына барганда, Дөөтү ага Хаматтын+ жанынан катуу сокку урду.
4 Ал анын 1 000 арабасын, 7 000 атчан аскерин жана 22 000 жөө аскерин колго түшүрүп+, арабага чегилген аттарынын+ буттарынын тарамыштарын кесип салды+, анын жүз атына гана тийген жок.
5 Соба падышасы+ Ададезерге жардамга Дамасктан сириялыктар келишти. Дөөтү алардын 22 000 кишисин өлтүрүп,
6 Сириядагы Дамаскка+ күзөтчүлөрдүн бир нече тобун койду. Сириялыктар Дөөтүгө кул болуп, салык төлөй башташты+. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны коргоп жүрдү+.
7 Дөөтү Ададезердин кишилеринин алтындан жасалган тегерек калкандарын+ алып, Иерусалимге алып барды+.
8 Андан сырткары, Дөөтү падыша Ададезерге таандык Тибхат+ жана Кун шаарларынан абдан көп жез алды. Кийин Сулайман ал жезден чоң казанды+, мамыларды+ жана башка буюмдарды жасады+.
9 Хамат падышасы+ Той Дөөтүнүн Соба падышасы Ададезердин+ аскерлерин талкалаганын угары менен
10 анын ал-абалын сураганы жана Ададезерге катуу сокку уруп, жеңишке ээ болушу менен куттуктаганы өзүнүн уулу Хадорамды*+ жиберди. (Анткени мурун Ададезер Той менен көп согушчу.) Хадорам ага күмүштөн, алтындан+, жезден жасалган ар кандай буюмдарды алып барды.
11 Дөөтү аларды Жахаба үчүн ыйыктады+. Ал башка элдерден+: эдомдуктардан, мааптыктардан+, Амон уулдарынан+, пелиштиликтерден+, Амалыктын тукумдарынан+ тартып алган алтын-күмүштү да ыйыктаган болчу.
12 Зеруянын уулу+ Абышай+ Туздуу өрөөндө эдомдуктардын 18 000 кишисин өлтүрдү+.
13 Ал Эдомдун ар кайсы жерине күзөтчүлөр тобун койду. Эдомдуктар Дөөтүгө кул болуп калышты+. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны коргоп жүрдү+.
14 Дөөтү бүт Ысрайылга падышалык кылып+, элин адилеттик, калыстык менен башкарды+.
15 Зеруянын уулу Жоап аскер башчы+, Акилуттун уулу Жошапат+ жылнаамачы,
16 Акитуптун уулу Садок+ менен Абыятардын уулу Акимелек+ дин кызматчы, Шапша+ катчы болуп кызмат кылды.
17 Жояттын уулу+ Беная+ керейтиликтер+ менен пелеликтерге+ башчылык кылды, ал эми Дөөтүнүн уулдары падышанын башкы кызматчылары болушту+.