1 Жылнаама 19:1—19

19  Арадан убакыт өтүп, Амон уулдарынын падышасы Нахаш+ көз жумуп, ордуна уулу падыша болду+.  Бул тууралуу укканда Дөөтү: «Нахаш мага мээримдүүлүк көрсөткөндүктөн+, мен да анын уулу Ханунга мээримдүүлүк көрсөтөйүн»+ — деп, атасын жоктоп кайгырып жаткан Ханунга көңүл айтыш үчүн кишилерин жиберди. Алар Ханунду жубатканы Амон уулдарынын+ жерине барышты.  Бирок Амон уулдарынын төрөлөрү Ханунга: «Дөөтү кишилерин атаңды сыйлагандыктан көңүл айтканы жиберди деп жатасыңбы? Анын кызматчылары жерибизди чалгындап+, бардыгын байкап көрүп, анан аны талкалаш үчүн келишкен жокпу?» — дешти+.  Ошондо Ханун Дөөтүнүн кишилерин кармап алып+, сакалдарын кырып+, кийимдерин белинен ылдый кесип+, жолго салды+.  Бул жөнүндө Дөөтүгө билдиришкенде, ал ошол замат аларды тосуп чыкканы кишилерин жөнөттү, анткени алар аябай маскара болушкан эле. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо+ тура тургула, анан келесиңер»,— деп айттырып жиберди.  Дөөтүгө жек көрүндү болуп калышканын+ билгенде Ханун+ менен Амон уулдары Месопотамиядан, Арам-Маахадан+ жана Собадан+ майдан арабалар+ менен атчандарды жалдаш үчүн 1 000 талант* күмүш+ берип жиберишти.  Ошентип, алардын 32 000 майдан арабасын+, Мааханын падышасы менен анын кишилерин жалдашты+. Алар келип, Медебанын+ тушуна жайгашышты. Амон уулдары да өз шаарларынан чыгып, согушканы жөнөштү.  Муну угары менен Дөөтү Жоапты+ бүт аскери, күчтүү кишилери+ менен жөнөттү.  Амон уулдары шаардын дарбазасынын алдына аскердик тартипте тизилишти+. Ал эми келген падышалар болсо талаага барып, өзүнчө турушту. 10  Душмандардын алды жактан да, арт жактан да келатканын көрүп, Жоап Ысрайылдын жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алды да, аларды сириялыктардын каршысына койду+. 11  Калган кишилерин болсо, Амон уулдарынын+ каршысына туруп, алар менен согушушу үчүн, бир тууганы Абышайга+ берди. 12  Жоап ага: «Эгер сириялыктар+ мени жеңип баратса, сен мага жардамга келесиң+. Эгер Амон уулдары сени жеңип баратса, мен сага жардамга барам+. 13  Кайраттуу бол+, элибиз үчүн, Кудайыбыздын шаарлары үчүн эр жүрөктүк менен согушалы+. Жахаба болсо өзү туура көргөндөй кылат»,— деди+. 14  Анан Жоап кишилери менен сириялыктарга каршы согуша баштады+, алар качып жөнөштү+. 15  Сириялыктардын качканын көрүп, Амон уулдары да Жоаптын бир тууганы Абышайдан качып+, шаарга кирип кетишти+. Андан кийин Жоап Иерусалимге кайтып барды. 16  Ысрайылдыктардан жеңилип калышканын көрүп+, сириялыктар дарыя*+ тараптагы сириялыктарды чакырганы киши жиберишти. Аларга Ададезердин аскер башчысы Шопак жетекчилик кылчу. 17  Бул тууралуу Дөөтүгө билдиришкенде, ал дароо бүт Ысрайылды чогултту да, Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, алардын каршысына аскерлерин тизди+. Дөөтү аскерлерин тизгенде, сириялыктар алар менен согуша башташты. 18  Бирок алар ысрайылдыктардан качып жөнөштү+. Дөөтү алардын араба айдаган 7 000 жоокерин, 40 000 жөө аскерин, ошондой эле аскер башчысы Шопакты өлтүрдү+. 19  Ысрайылдыктардан жеңилип калышканын көргөндө+ Ададезердин кишилери Дөөтү менен тынчтык келишимин түзүп, ага кызмат кыла башташты+. Ошондон кийин сириялыктардын Амон уулдарына жардам бергиси келбей калды+.

Шилтемелер

1 талант = 34,2 кг.
Евфрат.