1 Жылнаама 21:1—30
21 Шайтан* Ысрайылга каршы чыгып, Дөөтүнү Ысрайылды санап чыгууга түрттү+.
2 Ошондо Дөөтү Жоап+ менен эл башчыларына: «Барып, Беир-Шебадан+ Данга+ чейин кыдырып, Ысрайылды санап чыккыла да+, эсебин алып келгиле, канча элим бар экенин билейин»,— деди+.
3 Бирок Жоап: «Жахаба өз элин азыркыдан жүз эсе көбөйтсүн+. Улуу урматтуу падышам, алардын баары сенин кызматчыларың эмеспи? Мырзам эмнеге элин санап чыккысы келип жатат?+ Ысрайылды күнөөгө батырып эмне кылат?» — деди.
4 Бирок падышанын сөзү+ Жоаптын сөзүнөн күчтүүлүк кылгандыктан, Жоап бүт Ысрайылды кыдырып чыгып+, кайра Иерусалимге келди+.
5 Ал Дөөтүгө элдин саны канча экенин билдирди: Ысрайылдын согушка жарактуу эркектеринин саны 1 100 000, ал эми Жүйүттүн согушка жарактуу эркектеринин саны 470 000 болду+.
6 Жоап Леби+ менен Бенжемин уруусундагыларды санаган жок+, анткени ага падышанын буйругу жаккан жок.
7 Бул чыныгы Кудайдын көз алдында жаман иш болгондуктан+, ал Ысрайылды жазалады.
8 Ошондо Дөөтү чыныгы Кудайга кайрылып: «Ушул ишти кылып, оор күнөө кетирдим+. Эми кулуңдун күнөөсүн кечире көр+, мен акылсыздык кылыптырмын»,— деди+.
9 Жахаба Дөөтүнүн көрөгөчү+ Гатка+ мындай деди:
10 «Дөөтүгө барып: „Жахаба: “Сага үч жаза сунуш кылам+. Сени алардын кайсынысы менен жазалайын, танда”,— деди“+,— деп айт».
11 Гат Дөөтүгө келип+: «Жахаба сага: „Өзүң танда:
12 же үч жыл ачарчылык болот+, же үч ай душмандарың сени кылычы менен кырып+, кыйратышат, же үч күн жериңди Жахабанын кылычы жазалайт+: жугуштуу оору каптап+, Жахабанын периштеси бүт Ысрайыл жерин кыйратат“,— деди+. Эми өзүң айт, мени жибергенге эмне деп айтып барайын?» — деди.
13 Дөөтү Гатка: «Бул мен үчүн абдан оор. Бирок кантсе да Жахабанын колуна түшкөнүм жакшы эмеспи+, анткени ал абдан кайрымдуу+, адамдардын колуна түшпөсөм эле болду»,— деди+.
14 Ошондо Жахаба Ысрайылга жугуштуу оору каптатты+. Натыйжада алардын 70 000 кишиси өлдү+.
15 Андан сырткары, чыныгы Кудай Иерусалимди кыйратыш үчүн периштесин жиберди+. Бирок периштенин кыйрата баштаганын көргөндө Жахаба элин аяп+, ал периштеге: «Жетишет!+ Колуңду түшүр»,— деди. Ошол убакта Жахабанын периштеси жебустук+ Орнандын*+ кырманынын жанында турган эле.
16 Дөөтү башын көтөрүп, жер менен асмандын ортосунда Жахабанын периштеси турганын көрдү+. Ал колундагы кылычын+ Иерусалимди көздөй сунуп туруптур. Ошондо таар* жамынган+ Дөөтү менен аксакалдар, жүзтөмөндөп жыгылышты+.
17 Дөөтү чыныгы Кудайга: «Элди санап чыгууга буйрук берген да, бул жаман ишти кылып, күнөө кетирген да мен эмесминби+, бул койлордо+ эмне айып? Оо, Жахаба Кудайым, суранам, колуңду мага, менин атамдын үйүнө каршы сун, элиңди жазалаба»,— деди+.
18 Жахабанын периштеси Гат+ аркылуу Дөөтүгө жебустук Орнандын кырманына+ Жахабага арнап курмандык жайын курууну буйрук кылды.
19 Дөөтү, Гаттын Жахабанын атынан айткан сөзү боюнча, ошол жакка жөнөдү+.
20 Ал убакта Орнан+ эгин бастырып жаткан эле. Бир маалда ал артын карап, периште турганын көрдү. Жанындагы төрт уулу жашынып калды.
21 Дөөтү Орнандыкына келгенде, Орнан аны көрөрү менен+ кырманынан чыгып, жерге чейин ийиле таазим кылды.
22 Дөөтү ага: «Мага кырманыңды бер, мен ал жерге Жахабага арнап курмандык жайын курайын. Аны мага, канча турса+, ошончого сат+, ошондо элдин кырылганы токтойт»,— деди+.
23 Орнан Дөөтүгө: «Ала бериңиз+. Улуу урматтуу падышам өзү туура көргөндү кылсын. Бул өгүздөрдү+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, эгин бастырган+ чананы отунга+, ал эми буудайды нан курмандыгына берейин, баарын алыңыз»,— деди+.
24 Бирок Дөөтү падыша ага: «Жок, мен аны, канча турса, ошончого сатып алам+. Жахабага сага таандык нерсени берип, бекер алган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалбайм»,— деди.
25 Ошентип, Дөөтү ал жерди Орнандан 600 алтын шекелге* сатып алды+.
26 Анан ал жерге Жахабага арнап курмандык жайын куруп+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалып, Жахабага кайрылды+. Ал аны угуп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар чалынчу курмандык жайына асмандан от жиберди+.
27 Андан кийин Жахаба периштеге+ кылычын кынына салууну буйруду.
28 Дөөтү Жахабанын ага жебустук Орнандын кырманында жооп бергенин көрүп, ошол жерде курмандык чала баштады+.
29 Ал кезде Муса чөлдө жасаган Жахабанын ыйык чатыры жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынчу курмандык жайы Гибондогу бийик жерде эле+.
30 Бирок Дөөтү Кудайдан жетекчилик сураш үчүн ал жакка бара алган жок, анткени ал Жахабанын периштесинин кылычынан коркту+.
Шилтемелер
^ Же: «Душман».
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.
^ Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.