1 Жылнаама 23:1—32
23 Дөөтү жашаарын жашап, ичерин ичип, карылыгы жеткенде+ уулу Сулайманды Ысрайылга падыша кылып койду+.
2 Дөөтү Ысрайылдын бардык төрөлөрүн+, дин кызматчыларды+, лебилерди чогултту+.
3 Отуз жаштан өйдөкү жаштагы лебилердин баарын бир-бирден санап чыкканда+, 38 000 киши болду.
4 Алардын 24 000и Жахабанын үйүндөгү ишке көзөмөл кылууга дайындалды. 6 000и башчы+ жана бий болду+,
5 ал эми 4 000и дарбаза кайтарганга+, дагы 4 000и күү аспаптарда ойноп+, Жахабаны даңктаганга дайындалды+. Дөөтү ал аспаптар жөнүндө: «Буларды Кудайды даңкташ үчүн жасадым»,— деп айткан болчу.
6 Андан кийин Дөөтү чогулгандарды, Лебинин кайсы уулунан+ тараса, ошого жараша топторго бөлдү+. Лебинин Гершон, Каат, Мерари деген үч уулу болгон.
7 Гершондун тукумдарынан Ладан менен Шимей болду.
8 Ладандын Жехиел+, Зетам, Жоел+ деген үч уулу болгон. Жехиел башчы болгон.
9 Шимейдин Шеломот, Хазиел, Харан деген үч уулу болгон. Алар Ладандан тарагандардын тукум башчылары болушкан.
10 Шимейдин уулдары: Жахат, Зина*, Жеуш, Берия. Бул төртөө Шимейдин уулдары болгон.
11 Башчысы Жахат, андан кийинкиси Зизах болгон. Жеуш менен Бериянын уулдары аз болгондуктан, экөө биригип бир тукумду түзүшкөн+ жана бир милдетти аткарышкан.
12 Кааттын+ Амрам, Итсар+, Хеброн+, Узиел+ деген төрт уулу болгон.
13 Амрамдын уулдары: Арун+ менен Муса+. Арун менен анын уулдары дайыма Ыйыктын ыйыгын+ ыйыкташ үчүн, Жахабанын алдында курмандык түтүнүн түтөтүп+, ага кызмат кылыш үчүн+ жана анын атынан бата бериш үчүн+ тандалган+.
14 Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын+ уулдары Леби уруусундагылар+ менен бирге саналды.
15 Мусанын уулдары: Гершом+ менен Элиезер+.
16 Шебуел+ башчы Гершомдун уулу болгон.
17 Рехабия+ башчы болсо Элиезердин уулу болгон. Элиезердин андан башка уулу болгон эмес, ал эми Рехабиянын уулдары көп болгон.
18 Шеломит+ башчы Итсардын+ уулу болгон.
19 Хеброндун уулдары: башчысы — Жерия, андан кийинкиси — Амария, үчүнчүсү — Жахазиел, төртүнчүсү — Жекамам+.
20 Узиелдин уулдары+: башчысы — Микей, андан кийинкиси — Ишия.
21 Мераринин уулдары+: Махли менен Муши+. Махлинин уулдары: Элазар+ менен Киш.
22 Элазар эркек бала көрбөй көз жумган. Анын кыздары эле болгон. Аларды туугандары, Киштин уулдары, аялдыкка алышкан+.
23 Мушинин Махли, Эдер, Жеремот+ деген үч уулу болгон.
24 Булар — аттарынан аталып, өздөрүнө тапшырылган милдеттери, тукуму боюнча бир-бирден саналган жыйырма жаштан өйдөкү+ Леби уулдары+, тукум башчылары. Алар Жахабанын үйүндөгү кызматка байланышкан иштерди аткарышкан+.
25 Дөөтү: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба өзүнүн элине тынчтык берди+. Эми ал түбөлүккө Иерусалимде жашайт+.
26 Ошондуктан лебилер мындан ары ыйык чатырды жана андагы кызмат үчүн колдонулган нерселерди көтөрүп жүрүшпөйт»,— деди+.
27 Дөөтүнүн акыркы буйругу боюнча+ саналган жыйырма жаштан өйдөкү Леби уулдары — ушулар.
28 Алар Арундун уулдарына+ Жахабанын үйүндөгү кызматты аткарганга жардам берип, короолорго+, ашканаларга кам көрүшчү+, ыйык нерселерди тазалашчу+ жана чыныгы Кудайдын үйүндөгү кызматка байланышкан башка иштерди аткарышчу,
29 ошондой эле үстү-үстүнө коюла турган нандарга+, нан курмандыгына алынып келчү эң жакшы унга+, ачыткы кошулбай жасалган+ нандарга+, көмөч казанга бышырылган нандарга+, майга жуурулган+ камырга жана ар кандай чен-өлчөмдөргө+ жооптуу болушчу.
30 Андан сырткары, алар күндө эртең менен+ жана кечинде Жахабага ыраазычылык билдирип+, аны даңкташ үчүн+ өздөрүнө белгиленген орундарга турушчу+.
31 Ошондой эле алар дайыма Жахабанын алдында ишемби күндөрү+, ай жаңырганда+ жана майрамдарда+, мыйзамда жазылган боюнча, Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалганга жардам беришчү.
32 Алар Жахабанын үйүндөгү кызматын аткарып+, жыйын чатырын, ыйык жайды+ жана өздөрүнүн бир туугандары болгон Арундун уулдарын кайтарышчу+.