1 Жылнаама 25:1—31

25  Андан кийин Дөөтү жана ибадатканада кызмат кылган топтордун+ башчылары+ арфа+ менен башка кыл аспаптарды чертип+, жез табак кагып+, пайгамбарлык кылган Асаптын, Хемандын+ жана Жедутундун+ уулдарынын айрымдарын кызмат кылууга бөлүп коюшту. Ал кызматка дайындалгандар булар:  Асаптын уулдарынан Закур, Жусуп+, Нетания, Ашарел+. Аларга падышанын жетеги астында пайгамбарлык кылган Асап+ жетекчилик кылды.  Жедутундун+ уулдарынан Гедалия+, Зери+, Жешая+, Шимей, Хашабия, Матития+. Бул алтоо — Жедутундун уулдары. Аларга Жахабага ыраазычылык билдирип, аны даңазалаш үчүн+ арфа чертип пайгамбарлык кылган атасы Жедутун жетекчилик кылды.  Хемандын+ уулдарынан Букия+, Матания+, Узиел+, Шебуел, Жеримот, Ханания+, Ханани, Элиата+, Гидалти+, Ромамти-Эзер+, Жошбекаша+, Малоти+, Отир+, Махазиот. Булар — Хемандын уулдары.  Булардын баары падышанын көрөгөчүнүн+, чыныгы Кудайдын сөзүн жарыялап, Кудайды даңкташ үчүн мүйүзүн* көтөргөн Хемандын, уулдары болгон. Чыныгы Кудай ага он төрт уул, үч кыз берген+.  Булар атасынын жетеги астында Жахабанын үйүндө ырдап, жез табак кагып+, арфа+ жана башка кыл аспаптарды чертип+, чыныгы Кудайдын үйүндө кызмат кылышкан. Ал эми Асапты, Жедутунду жана Хеманды+ падыша жетектеп турган.  Алар менен алардын бир туугандары, баары биригип 288 киши, Жахабаны даңктап ырдоого үйрөтүлгөн+, абдан жакшы ырдаган+ ырчылар болушкан.  Милдеттерди бөлүштүрүп жатканда алар улуу-кичүү+, устат-шакирт+ дебей, өкчөмө таш ыргытышты+.  Өкчөмө таш ыргытканда, биринчиси Асаптын уулу Жусупка+ түштү. Экинчиси Гедалияга+, анын бир туугандары менен уулдарына (баары биригип 12 киши), 10  үчүнчүсү Закурга+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 11  төртүнчүсү Исриге+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 12  бешинчиси Нетанияга+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 13  алтынчысы Букияга, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 14  жетинчиси Жешарелге+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 15  сегизинчиси Жешаяга, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 16  тогузунчусу Матанияга, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 17  онунчусу Шимейге, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 18  он биринчиси Азарелге+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 19  он экинчиси Хашабияга, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 20  он үчүнчүсү Шубаелге+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 21  он төртүнчүсү Матитияга, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 22  он бешинчиси Жеремотко, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 23  он алтынчысы Хананияга, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 24  он жетинчиси Жошбекашага, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 25  он сегизинчиси Хананиге, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 26  он тогузунчусу Малотиге, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 27  жыйырманчысы Элиатага, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 28  жыйырма биринчиси Отирге, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 29  жыйырма экинчиси Гидалтиге, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 30  жыйырма үчүнчүсү Махазиотко+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши), 31  жыйырма төртүнчүсү Ромамти-Эзерге+, анын уулдары менен бир туугандарына (баары биригип 12 киши) түштү.

Шилтемелер

Ыйык Китепте «мүйүз» деген сөз көп учурда күч-кубатты, бийликти билдирет.