1 Жылнаама 26:1—32
26 Топторго бөлүштүрүлгөн дарбазачылар+ булар: Корактын уулдарынын+ арасынан Асаптын уулдарынан болгон Коренин уулу Мешелемия+.
2 Мешелемиянын уулдары: тун уулу — Закарыя, экинчиси — Жедаел, үчүнчүсү — Зебадия, төртүнчүсү — Жатниел,
3 бешинчиси — Эйлам, алтынчысы — Жахонан, жетинчиси — Элионай.
4 Обет-Эдомдун+ уулдары: тун уулу — Шемая, экинчиси — Жеозабат, үчүнчүсү — Жоах, төртүнчүсү — Сакар, бешинчиси — Нетанел,
5 алтынчысы — Амиел, жетинчиси — Исахар, сегизинчиси — Пеултай. Кудай Обет-Эдомго ушундайча бата берген+.
6 Анын Шемая деген уулунун жөндөмдүү, күчтүү уулдары болгон. Алар тукум башчылары болушкан.
7 Шемаянын уулдары: Отни, Репаел, Обейт, Элзабат. Элзабаттын Элиу, Семакия деген жөндөмдүү бир туугандары болгон.
8 Алардын баары Обет-Эдомдун уулдары болушкан. Алардын өздөрү да, уулдары да, бир туугандары да жөндөмдүү, кызматка жарактуу кишилерден болушкан. Обет-Эдомдун уулдары баары биригип алтымыш эки киши болгон.
9 Мешелемиянын+ уулдары менен бир туугандары да жөндөмдүү кишилер болушкан. Алар баары биригип он сегиз киши болгон.
10 Мераринин уулдарынан болгон Хосанын уулдары: башчысы — Шимри (ал тун уулу+ болбосо да, атасы аны башчы кылып дайындаган)+,
11 экинчиси — Хилкия, үчүнчүсү — Тебалия, төртүнчүсү — Закарыя. Хосанын уулдары менен бир туугандарынын саны он үч болгон.
12 Топторго бөлүштүрүлгөн дарбазачылардын башчыларынын да, алардын бир туугандарынын да Жахабанын үйүндө аткарган милдети болгон+.
13 Дарбаза тандаганда алар, үй-бүлөсү чоң болсо да, кичине болсо да+, өкчөмө таш ыргытышкан+.
14 Өкчөмө таш ыргытканда Шелемияга+ чыгыш тарап, анын уулуна, акылдуу кеңешчи+ Закарыяга+, түндүк тарап тийди+.
15 Обет-Эдомго түштүк тарап, ал эми анын уулдарына+ кампалар тийди+.
16 Шупим менен Хосага+ батыш тарап, өйдө кеткен чоң жолдун боюндагы Шалекет дарбазасынын жаны тийди. Бир күзөт тобу+ экинчи күзөт тобуна жанаша турчу+.
17 Чыгыш тарапта алты леби турчу. Түндүк тарапта күн сайын төрттөн, түштүк тарапта да күн сайын төрттөн леби турчу+. Кампалардын+ жанында болсо эки күзөтчү, алардын жанында дагы башка эки күзөтчү турчу.
18 Батыш тарапта болсо, чоң жолдун боюнда+ төрт күзөтчү, түркүктөрү бар үстү жабык жайдын жанында эки күзөтчү турчу.
19 Булар — Корак+ менен Мераринин+ уулдарынын арасынан тандалган дарбазачылар.
20 Калган лебилердин ичинен Ахия чыныгы Кудайдын үйүндөгү казына менен ыйыкталган буюмдар+ сакталган казынага жооптуу болгон+.
21 Ладандын+ уулдарынан, тактап айтканда, Гершондун Ладандан тараган уулдарынан тукум башчылардын бири болгон Жехиели+.
22 Жехиелинин уулдары: Зетам менен анын бир тууганы Жоел+. Алар Жахабанын үйүндөгү казынага+ жооптуу болушкан.
23 Амрамдын, Итсардын, Хеброндун, Узиелдин уулдарынан+
24 Мусанын уулу Гершомдун уулу Шебуел+. Ал кампаларды кайтаргандардын башчысы болгон.
25 Анын бир туугандары, Элиезердин+ уулдары: Элиезердин уулу Рехабия+, Рехабиянын уулу Жешая, Жешаянын уулу Жорам, Жорамдын уулу Зихри, Зихринин уулу Шеломот.
26 Шеломот менен анын бир туугандары Дөөтү+ падыша менен тукум башчылары+, миң башылар, жүз башылар жана аскер башчылары ыйыктаган буюмдар+ сакталган казынадагы нерселердин баарына жооптуу болушкан.
27 Согушта душмандардан тартып алган олжонун+ бир бөлүгүн алар Жахабанын үйүнө байланышкан иштерге керектөө үчүн ыйыкташчу.
28 Көрөгөч+ Шемуел, Киштин уулу Шабул, Неирдин уулу Абинер+, Зеруянын уулу+ Жоап+ жана башкалар ыйыктаган нерселерге да Шеломит* менен анын бир туугандары жооптуу болушкан.
29 Итсардын+ уулдарынан Кенания менен анын уулдары. Алар сырттагы иштерди аткарып+, Ысрайылда башчы жана бий болуп кызмат кылышкан+.
30 Хеброндун+ уулдарынан Хашабия менен анын бир туугандары, баары биригип 1 700 киши. Алар жөндөмдүү кишилер болушкан+. Алар Ысрайылда, Иордандын батыш тарабындагы жерлерде, Жахабага жана падышага кызмат кылууга байланышкан иштердин баарын аткарышчу.
31 Хеброндун уулдарынан тукум башчы жана Хеброндон тараган үй-бүлөлөрдүн башчысы Жерия+. Дөөтүнүн башкаруусунун кыркынчы жылында+ Дөөтүнүн кызматчылары алардын арасынан эр жүрөк, күчтүү кишилерди издештирип отуруп, Гилаттагы+ Жазерден+ табышты.
32 Анын бир туугандары, 2 700 киши, жөндөмдүү тукум башчылары+ болушкан+. Дөөтү падыша аларды Рубейин менен Гат уруусундагыларга, ошондой эле Менаше уруусунун жарымындагыларга+ чыныгы Кудайга жана падышага байланышкан иштерди аткарууда жетекчилик кылышы үчүн+ башчы кылып койду.
Шилтемелер
^ 1Жл 26:25, 26-аяттарда «Шеломот».