1 Жылнаама 4:1—43

4  Жүйүттүн уулдары: Перес+, Кесрон+, Карми+, Хур+, Шобал+.  Шобалдын уулу Реайдан+ Жахат, Жахаттан Акумай менен Лахад төрөлгөн. Булардан соралыктар+ тараган.  Эйтамдын+ атасынын Изреил+, Ишма, Итпаш деген уулдары, Хатселелпони деген кызы болгон.  Ошондой эле андан Гедордун+ атасы Пенуел менен Хуштун атасы Эзер төрөлгөн. Булар — Эфратанын тун уулу, Бетлехемдин+ атасы Хурдун+ уулдары.  Текоянын+ атасы Ашкурдун+ Хела, Наара деген эки аялы болгон.  Наара ага Акузамды, Хеперди, Темени, Акаштарды төрөп берген. Булар — Нааранын уулдары.  Хеланын уулдары: Зерет, Итсар, Этан.  Коздон Ануп менен Зобеба төрөлгөн. Ошондой эле андан Харумдун уулу Ахархелдин тукумдары тараган.  Жабес+ бир туугандарына караганда кадыр-барктуу болгон+. Энеси анын атын: «Муну мен кыйналып төрөдүм»+ — деп, Жабес койгон. 10  Жабес Ысрайылдын Кудайына кайрылып+: «Мага батаңды берип+, жеримди көбөйтсөң+, зыян тартпашым үчүн+, колуңду сунуп+, мени кырсыктан коргосоң...»+ — деп суранган. Кудай анын суранычын аткарган+. 11  Шуханын бир тууганы Келуптан Эштондун атасы Мехир төрөлгөн. 12  Эштондон Бетрапа, Пасеах жана Ир-Нахаштын атасы Техина төрөлгөн. Булар — Реханын тургундары. 13  Кеназдын+ уулдары: Отниел+ менен Серая. Хатат Отниелдин уулу болгон. 14  Меонотайдан Опра төрөлгөн. Сераядан Ге-Харашимдин* атасы Жоап төрөлгөн. Алар уста болушкан+. 15  Жепундун уулу+ Калептин+ уулдары: Иру, Эла, Наам. Кеназ Эланын уулу болгон. 16  Жехелелелдин уулдары: Зип, Зипа, Тирия, Асарел. 17  Эсранын уулдары: Жетер, Мерет, Эпер, Жалон. Анын аялы Мириямды, Шамаяны жана Эштемонун+ атасы Ишпахты төрөгөн. 18  Мереттин жүйүт аялы ага Гедордун атасы Жеретти, Соконун атасы Хеберди жана Заноахтын атасы Жекутиелди төрөп берген... Булар — Мереттин аялы, фараондун кызы Битиянын уулдары. 19  Нахамдын бир тууганы, Одиянын аялынын уулдары: гармиттиктер жашаган Кеиланын+ негиздөөчүсү менен маахаттык Эштемо. 20  Шымондун уулдары: Амнон, Рина, Бенканан, Тилон. Ишинин уулдары: Зохет менен Бензохет. 21  Жүйүттүн уулу Шелахтын+ уулдары: Леханын атасы Эр, Марешанын атасы Лада жана Ашбеянын тукумдарынан болгон, өзгөчө чебердик менен кездеме токуган кишилер+, 22  Жоким, Хозебанын тургундары, мааптыктардан аял алган+ Жоаш менен Сарап жана Жашуби-Лекем. Булар тууралуу байыркы билдирүүлөрдө айтылган+. 23  Алар карапачылар болушкан+. Алар Нетаим менен Гедерада жашап, падышанын кол алдында иштешкен+. 24  Шымондун уулдары: Немуел+, Жамин+, Жарип, Зерак, Шабул+. 25  Шабулдан Шалум, Шалумдан Мипсам, Мипсамдан Мишма төрөлгөн. 26  Мишмадан Хамуел, Хамуелден Закур, Закурдан Шимей төрөлгөн. 27  Шимейдин он алты уулу, алты кызы болгон, бирок анын бир туугандары мынчалык көп балалуу болгон эмес. Алардын уруусундагы бир да үй-бүлөнүн Жүйүттүкүндөй көп баласы болгон эмес+. 28  Алар жашаган жерлер булар: Беир-Шеба+, Молада+, Хазар-Шуал+, 29  Била+, Эсем+, Толат+, 30  Бетуел+, Хорма+, Сыклак+, 31  Бет-Маркабот, Хазар-Сусим+, Бет-Бири, Шаарайым+. Дөөтү падыша болгонго чейин, бул шаарлар аларга таандык болгон. 32  Алар жашаган жерлер булар: Эйтам, Айын, Римон, Тохен, Ашан+. Бардыгы болуп беш шаар. 33  Ал шаарлардын тегерегиндеги айыл-кыштактар Баалга+ чейин созулган. Булар — алардын жашаган жерлери жана алардын санжырасы. 34  Шымондун башка тукумдары булар: Мешобап, Жамлек, Жоша, Амазия, 35  Жоел, Асиелдин чөбүрөсү, Сераянын небереси, Жошибиянын уулу Жеху, 36  Элионай, Жакып, Жешохая, Асая, Адиел, Жесимиел, Беная жана 37  Шипинин уулу Зиза. Шипи Алондун, Алон Жедаянын, Жедая Шимринин, Шимри Шемаянын уулу болгон. 38  Аттары аталып кеткен бул кишилер тукум башчылары болгон+. Алардын тукумуна кирген үй-бүлөлөр абдан көбөйгөн. 39  Малдарына жайыт издеп, алар Гедордун кире беришине, өрөөндүн чыгышына чейин барышкан. 40  Акыры, алар кенен, тынч+, коопсуз жерден оттуу, жакшы жайыт табышкан+. Мурун ал жерде Хамдын+ тукумдары жашаган. 41  Аттары аталган бул кишилер ал жакка Жүйүт падышасы Хискиянын+ убагында барып, чатырларда жашаган Хамдын тукумдары менен меунимдерге кол салып+, алардын бирин да калтырбай кырып ташташкан+. Өздөрү болсо алардын жерине отурукташып алышкан, анткени ал жактан малдарына жайыт табышкан+. 42  Шымондун уулдарынын арасынан 500 киши Сеир тоосуна+ барган. Аларды Ишинин уулдары Пелатия, Неария, Репая жана Узиел жетектеп барган. 43  Алар Амалыктын тукумдарынын+ аман калгандарын өлтүрүп, ошол жерге отурукташып алышкан. Алар ушул убакка чейин ошол жерде жашашат.

Шилтемелер

Мааниси: «усталар өрөөнү».