1 Жылнаама 5:1—26

5  Ысрайылдын тун уулу+ Рубейин+ болгон. Бирок ал атасынын төшөгүн арамдап койгондуктан+, анын туңгучтук укугу Ысрайылдын уулу Жусуптун уулдарына берилген+. Ошондуктан ал санжырага тун уул катары жазылган эмес.  Ошондой эле Жүйүт+ бир туугандарынан күчтүү болсо да, анын урпактарынан жол башчы чыкса да+, туңгучтук укук Жусупка берилген+.  Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары: Ханох+, Палу+, Кесрон, Карми+.  Шемая Жоелдин уулу болгон. Шемаядан Гок, Гоктон Шимей төрөлгөн.  Шимейден Микей, Микейден Реай, Реайдан Баал төрөлгөн.  Баалдан Берак төрөлгөн. Аны Ашур падышасы Тиглатпилнесер*+ туткундап кеткен. Берак Рубейин уруусундагылардын башчысы болгон.  Анын ата-теги боюнча үй-бүлөлөрү менен санжырага+ жазылган бир туугандары булар: Жиел башчы, Закарыя,  ошондой эле Жоелдин+ чөбүрөсү, Шеманын небереси, Азаздын уулу Бела. Ал жашаган аймак Ароерден+ Небого+ жана Баал-Меонго+ чейин созулган.  Ал эми анын чыгыш тарабы Эфрат дарыясына+ чейин созулган чөлгө чейин жеткен, анткени Гилат жеринде+ алардын малы абдан көбөйгөн. 10  Алар Шабулдун убагында агрылыктар+ менен согушуп, аларды жеңип алышкан. Анан Гилаттын чыгышындагы жерлеринин баарын ээлеп, алардын чатырларында жашап калышкан. 11  Гаттын уулдары+ алардын жанында, Башандын+ Салхага+ чейинки жерлеринде жашашкан. 12  Башанда алардын башчысы Жоел, андан кийинкиси Шапам болгон. Жанай менен Шапат да жооптуу иштерди аткарышкан. 13  Алардын Микеил, Мешулам, Шеба, Жорай, Жакан, Зия, Эбер деген жети тууганы болгон. 14  Алар Хуринин уулу Абыкайылдын уулдары болушкан. Хури Жароахтын, Жароах Гилаттын, Гилат Микеилдин, Микеил Жешишайдын, Жешишай Жахдонун, Жахдо Буздун уулу болгон. 15  Гунинин небереси, Абдиелдин уулу Аки тукум башчысы болгон. 16  Алар Гилат+ менен Башан+ жеринде жана аларга караштуу шаарларда+ жашашкан. Ошондой эле Шарондогу жайыттардын баары чет-жакаларына чейин аларга караштуу болгон. 17  Алардын бардыгы Жүйүт падышасы Жотамдын+ жана Ысрайыл падышасы Жеробамдын+ убагында санжырага киргизилген. 18  Рубейин менен Гат уулдарынын жана Менашенин жарым уруусунун аскер кызматына жарактуу+ 44 760 кишиси болгон. Алар жаа тартканды, согушканды билген, калкан, кылыч көтөргөн эр жүрөк+ жоокерлер болушкан. 19  Алар агрылыктар+ менен, Жетур+ менен, Напиш+ менен, Нодап менен согушушкан. 20  Согушуп жатканда алар Кудайга таянып+, ага жардам сурап кайрылышкандыктан+, Кудай алардын жалынычын уккан. Ошондуктан алар агрылыктар менен алар тараптагылардын баарын жеңип алышкан. 21  Анан алардын бүт малын+: 50 000 төөсүн, 250 000 коюн, 2 000 эшегин тартып алып, 100 000 кишисин*+ туткундап алышкан. 22  Ал чыныгы Кудайдын согушу болгондуктан+, өлгөндөрдүн саны көп болгон. Андан кийин алар алардын жерин ээлеп, туткундалып кетишкенге чейин+ ошол жерде жашашкан. 23  Менашенин жарым уруусундагылар+ Башандан+ тартып Баал-Хермонго+, Сенирге+, Хермон тоосуна+ чейинки жерлерде жашашкан. Алардын саны көп болгон. 24  Алардын тукум башчылары: Эпер, Иши, Элиел, Азриел, Жеремия, Одабия, Жахдиел. Булар эр жүрөк, күчтүү, атактуу кишилер, тукум башчылары болушкан. 25  Бирок алар ата-бабаларынын Кудайына ишенимсиздик кылып, Кудай жок кылган элдердин кудайлары менен+ бузуктук кыла башташкан+. 26  Ошондо Ысрайылдын Кудайы Ашур+ падышасы Пулга+, тактап айтканда, Тиглатпилнесерге+ түрткү берип, аны аларга каршы чыгарган+. Ал Рубейин менен Гат уулдарын жана Менаше уруусунун жарымын туткундап+, Халакка+, Хаборго, Харага, Гозан дарыясы тарапка көчүрүп кеткен. Алар ушу күнгө чейин ошол жакта жашашат.

Шилтемелер

Же: «Тиглатпаласар».
Сөзмө-сөз: «адамдын жанын».