1 Жылнаама 6:1—81
6 Лебинин+ уулдары: Гершон+, Каат+, Мерари+.
2 Кааттын уулдары: Амрам+, Итсар+, Хеброн+, Узиел+.
3 Амрамдын+ балдары: Арун+, Муса+, Мириям+. Арундун уулдары: Надап+, Абый+, Элазар+, Итамар+.
4 Элазардан+ Пинехас+, Пинехастан Абышуа+ төрөлгөн.
5 Абышуадан Буки, Букиден Узи+ төрөлгөн.
6 Узиден Зерахия, Зерахиядан Мераот+ төрөлгөн.
7 Мераоттон Амария, Амариядан Акитуп+ төрөлгөн.
8 Акитуптан Садок+, Садоктон Акимаас+ төрөлгөн.
9 Акимаастан Азария, Азариядан Жоханан төрөлгөн.
10 Жоханандан Азария+ төрөлгөн. Ал Иерусалимдеги Сулайман курган үйдө дин кызматчы болгон.
11 Азариядан Амария+, Амариядан Акитуп+ төрөлгөн.
12 Акитуптан Садок+, Садоктон Шалум төрөлгөн.
13 Шалумдан Хилкия+, Хилкиядан Азария төрөлгөн.
14 Азариядан Серая+, Сераядан Жеосадак+ төрөлгөн.
15 Жахаба Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарын Небухаданасардын колуна салып бергендиктен, ал аларды туткундап кеткен. Алардын арасында Жеосадак да болгон.
16 Лебинин уулдары+: Гершом*, Каат, Мерари.
17 Гершомдун уулдары: Либни+ менен Шимей+.
18 Кааттын уулдары+: Амрам+, Итсар, Хеброн, Узиел+.
19 Мераринин уулдары: Махли менен Муши+.
Лебилердин тукум башчылары булар+:
20 Гершомдон Либни+ төрөлгөн. Либниден Жахат, Жахаттан Зима төрөлгөн.
21 Зимадан Жоах+, Жоахтан Идо, Идодон Зерак, Зерактан Жеатрай төрөлгөн.
22 Кааттан Аминадап төрөлгөн. Аминадаптан Корак+, Корактан Асир төрөлгөн.
23 Асирден Элкана, Элканадан Эбиасап+, Эбиасаптан Асир төрөлгөн.
24 Асирден Тахат, Тахаттан Уриел, Уриелден Узия, Узиядан Шабул төрөлгөн.
25 Элкананын+ уулдары: Амасай менен Акимот.
26 Зопай Элкананын уулу болгон. Зопайдан+ Нахат төрөлгөн.
27 Нахаттан Элиап+, Элиаптан Жерохам, Жерохамдан Элкана+ төрөлгөн.
28 Шемуелдин+ уулдары: тун уулу — Жоел, экинчиси — Абия+.
29 Махли+ Мераринин уулу болгон. Махлиден Либни, Либниден Шимей, Шимейден Уза төрөлгөн.
30 Узадан Шима, Шимадан Хагая, Хагаядан Асая төрөлгөн.
31 Келишим сандыгы Жахабанын үйүнө коюлгандан кийин+, Дөөтү+ ал үйдө ырдай тургандарга башчы кылып буларды дайындаган.
32 Сулайман Иерусалимге Жахабанын үйүн курганга чейин+, алар ыйык чатырдын, тактап айтканда, жыйын чатырынын алдында ырдала турган ырларга+ жооптуу болушкан+. Ар бири өздөрүнө тапшырылган кызматты аткарган+.
33 Ал кызматчылар менен алардын уулдары булар: Кааттын уулдарынан ырчы Хеман+. Ал Жоелдин, Жоел+ Шемуелдин+ уулу болгон.
34 Шемуел Элкананын+, Элкана Жерохамдын, Жерохам Элиелдин+, Элиел Тоахтын уулу болгон.
35 Тоах Зуптун+, Зуп Элкананын, Элкана Махаттын, Махат Амасайдын уулу болгон.
36 Амасай Элкананын, Элкана Жоелдин, Жоел Азариянын, Азария Сепаниянын уулу болгон.
37 Сепания Тахаттын, Тахат Асирдин, Асир Эбиасаптын+, Эбиасап Корактын+ уулу болгон.
38 Корак Итсардын+, Итсар Кааттын, Каат Лебинин, Леби Ысрайылдын уулу болгон.
39 Анын оң жагында бир тууганы Асап+ кызмат кылчу. Асап Шиманын небереси, Берекиянын уулу болгон+.
40 Шима Микеилдин, Микеил Баасеянын, Баасея Малкиянын уулу болгон.
41 Малкия Этнинин, Этни Зерактын, Зерак Адаянын уулу болгон.
42 Адая Этандын, Этан Зиманын, Зима Шимейдин уулу болгон.
43 Шимей Жахаттын+, Жахат Гершомдун+, Гершом Лебинин уулу болгон.
44 Алардын сол жагында турган бир туугандары, Мераринин+ уулдары булар: Кишинин+ уулу Этан+. Киши Абдынын, Абды Малухтун уулу болгон.
45 Малух Хашабиянын, Хашабия Амазиянын, Амазия Хилкиянын уулу болгон.
46 Хилкия Амзинин, Амзи Банинин, Бани Шемердин уулу болгон.
47 Шемер Махлинин, Махли Мушинин, Муши+ Мераринин, Мерари+ Лебинин уулу болгон.
48 Алардын бир туугандары лебилер+ ыйык чатырда, чыныгы Кудайдын үйүндө, ар кандай кызмат аткарууга дайындалган+.
49 Арун+ менен анын уулдары, чыныгы Кудайдын кызматчысы Мусанын буйругу боюнча, Ысрайылды+ күнөөдөн арылтыш үчүн+ жана өзгөчө ыйык нерселерге байланышкан бардык милдеттерин аткарыш үчүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ чалынчу курмандык жайы менен жыпарзат түтөткүчтүн+ үстүндө курмандык түтүнүн түтөтүшчү+.
50 Арундун+ уулдары булар: анын уулу Элазар+, Элазардын уулу Пинехас+, Пинехастын уулу Абышуа+.
51 Абышуанын уулу Буки, Букинин уулу Узи, Узинин уулу Зерахия+ болгон.
52 Зерахиянын уулу Мераот+, Мераоттун уулу Амария, Амариянын уулу Акитуп+ болгон.
53 Акитуптун уулу Садок+, Садоктун уулу Акимаас+ болгон.
54 Кааттын тукумдарынан+ болгон Арундун уулдары өздөрүнө бөлүнүп берилген аймакта дубал менен курчалган жерлерде жашашкан+. Өкчөмө таш ыргытылганда аларга ошол жерлер бөлүнүп берилген.
55 Аларга Жүйүт жериндеги Хеброн+ жана анын тегерегиндеги бүт жерлер тийген.
56 Ал эми ал шаардын тегерегиндеги талаалар+ менен айыл-кыштактар Жепундун уулу+ Калепке берилген+.
57 Арундун уулдарына баш калкалай турган шаар*+ Хеброн+, Либна+ жана анын тегерегиндеги жерлер, Жатир+, Эштемо+ жана анын тегерегиндеги жерлер берилген.
58 Ошондой эле аларга Хилен+, Дебир+ жана алардын тегерегиндеги жерлер,
59 Ашан+, Бет-Шемеш+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.
60 Бенжемин уруусуна таандык жерден аларга Геба+, Алемет+, Анатот+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. Алардын үй-бүлөлөрүнө бардыгы болуп он үч шаар берилген+.
61 Өкчөмө таш ыргытылганда Кааттын калган уулдарына башка уруунун үй-бүлөлөрүнө жана Менаше уруусунун жарымына таандык он шаар берилген+.
62 Гершом уулдарынын+ үй-бүлөлөрүнө Исахар+, Ашыр+, Напталы урууларына+ жана Башандагы Менаше уруусуна+ таандык жерлерден он үч шаар берилген.
63 Мерари+ уулдарынын үй-бүлөлөрүнө Рубейин+, Гат+ жана Забулун+ урууларына таандык жерлерден он эки шаар берилген.
64 Ошентип, Ысрайыл уулдары лебилерге шаарларды жана алардын тегерегиндеги жерлерди+ беришкен+.
65 Ошондой эле өкчөмө таш ыргытылганда аларга Жүйүт+, Шымон+ жана Бенжемин урууларына+ таандык жерлерден төмөндө аттары аталган шаарлар берилген.
66 Кааттын уулдарынын айрым үй-бүлөлөрүнө Эпрайым уруусуна таандык жерден шаарлар тийген+.
67 Аларга Эпрайымдын тоолуу аймагындагы баш калкалай турган шаар* Шекем+ жана анын тегерегиндеги жерлер, Гезер+ жана анын тегерегиндеги жерлер,
68 Жокмеим+, Бет-Орон+ жана алардын тегерегиндеги жерлер,
69 Айлон+, Гат-Римон+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.
70 Кааттын уулдарынын калган үй-бүлөлөрүнө Менаше уруусунун жарымына таандык жерден Анер+, Билам+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген+.
71 Гершомдун уулдарына+ Менаше уруусунун жарымына таандык үй-бүлөнүн жеринен Башандагы Голан+ жана анын тегерегиндеги жерлер, Аштарот+ жана анын тегерегиндеги жерлер берилген.
72 Исахар уруусуна таандык жерден аларга Кедеш+, Даберат+ жана алардын тегерегиндеги жерлер,
73 Рамот+, Анем+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.
74 Ашыр уруусуна таандык жерден аларга Машал, Абдон+ жана алардын тегерегиндеги жерлер,
75 Хукок+, Рекоп+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.
76 Напталы уруусуна+ таандык жерден аларга Галилеядагы+ Кедеш+ жана анын тегерегиндеги жерлер, Хамон, Кириатайым+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.
77 Мераринин калган уулдарына Забулун уруусуна+ таандык жерден Римоно+, Табор жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.
78 Иордандын аймагынан, Жерихонун жанынан, Иордандан чыгышты карай аларга Рубейин уруусуна+ таандык жерден чөлдөгү Безер+ жана анын тегерегиндеги жерлер, Жаас+ жана анын тегерегиндеги жерлер,
79 Кедемот+, Мепат+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.
80 Гат уруусуна+ таандык жерден аларга Гилаттагы Рамот+ жана анын тегерегиндеги жерлер, Маханаим+ жана анын тегерегиндеги жерлер,
81 Хешпон+, Жазер+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.