1 Падышалар 3:1—28
3 Сулайман Мисирдин падышасы фараонго күйөө бала болду+. Ал анын кызын алып+, Дөөтүнүн шаарына+ алып келди. Сулайман өзүнүн үйүн+, Жахабанын үйүн+ жана Иерусалимдин дубалын+ куруп бүткүчө, аялы ошол жерде жашады.
2 Ал убакта Жахабанын ысмына арналган үй али курула элек болгондуктан+, эл курмандыктарын бийик жерлерде чалчу+.
3 Сулайман Жахабаны абдан жакшы көргөндүктөн+ атасы Дөөтүнүн көрсөтмөлөрү менен жүрдү+. Ал дайыма бийик жерлерде+ курмандыктарды өрттөчү.
4 Бир күнү Сулайман падыша курмандык чалганы Гибонго+ барды, анткени негизги бийик жер ошол жерде болчу+. Ал ошол курмандык жайында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка миң мал чалды+.
5 Сулайман Гибондо жүргөндө+, Жахаба түн ичинде ага түшүндө+: «Айт, сага эмне берейин?» — деди+.
6 Сулайман мындай деди: «Менин атам кулуң Дөөтү сенин алдыңда ишенимдүүлүк*, адилдик менен, таза жүрөк менен жүргөндүктөн+, сен ага улуу мээримдүүлүгүңдү көрсөттүң+. Сен ага улуу мээримдүүлүгүңдү көрсөтүп, анын тактысында отура турган уул бердиң, бүгүн ал анын тактысында отурат+.
7 Жахаба Кудайым, сен кулуңду атасы Дөөтүнүн ордуна падыша кылдың, бирок мен али жашмын+, менин эч кандай тажрыйбам жок+.
8 Кулуң өзүң тандап алган+ сан жеткис, көптүгүнөн санап бүткүс элиңди+ башкарып жатат.
9 Элиңе сот жүргүзүп+, жакшы менен жаманды ажырата алышы үчүн+, кулуңа тил алчаак жүрөк бер. Болбосо бул кежир* элиңе+ ким сот жүргүзө алат?»+
10 Сулаймандын ушуну сураганы Жахабага жакты+.
11 Ошондуктан ал ага мындай деди: «Узак өмүр, байлык+ же душмандарыңдын жанын сурабай, сот иштерин териштиргенге акылмандык* сураганың үчүн+,
12 сенин өтүнүчүңдү орундатып+, сага акылдуу, түшүнүктүү жүрөк берем+. Сендей адам сага чейин болгон эмес, сенден кийин да болбойт+.
13 Мен сага сен сурабаган нерсени — байлык+ менен атак-даңкты да — берем+, сенин көзүң тирүү кезде сендей падыша болбойт+.
14 Эгер атаң Дөөтүдөй болуп+ менин көрсөтмөлөрүм менен осуяттарымды аткарып+, менин жолум менен жүрсөң, өмүрүңдү да узун кылам»+.
15 Сулайман ойгонуп+, аян алганын түшүндү. Ал Иерусалимге келип, Жахабанын келишиминин сандыгынын алдына барып+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалды+ жана кызматчыларынын баарын чакырып+, той өткөрдү+.
16 Күндөрдүн биринде падышанын алдына+ эки сойку аял+ келди.
17 Алардын бири мындай деди: «Мырзам+, биз бул экөөбүз бир үйдө жашайбыз. Мен төрөгөндө, бул үйдө болчу.
18 Мен төрөгөндөн үч күн өткөндөн кийин, бул да төрөдү. Үйдө бизден башка эч ким жок болчу, экөөбүз эле болчубуз.
19 Бир нече күндөн кийин бул аял түндө уктап жатып баласын басып өлтүрүп алыптыр.
20 Анан түн ортосунда туруп, күңүңүз уктап жатканда, менин баламды өзүнүн койнуна жаткырып, өзүнүн өлүп калган баласын болсо менин койнума салып коюптур.
21 Эртең менен туруп, баламды эмизейин десем+, өлүп калыптыр. Бирок жакшылап карасам, ал менин балам эмес экен».
22 Ошондо берки аял: «Жок, тирүү бала меники, өлүп калганы сеники!» — деди. Тиги аял болсо: «Жок, өлүп калган бала сеники, менин балам тирүү»,— деди. Ошентип, экөө падышанын алдында талашып жатышты+.
23 Акырында падыша: «Бул аял: „Тирүү бала меники, өлүп калганы сеники!“ — десе, мунусу болсо: „Жок, өлүп калган бала сеники, менин балам тирүү!“ — деп жатат»,— деди да,
24 анан: «Кылыч алып келгиле»,— деди+. Кылыч алып келишкенде,
25 ал: «Тирүү баланы бөлө чаап, жарымын мунусуна, жарымын мунусуна бергиле»,— деди.
26 Ошондо тирүү баланын энесинин жүрөгү кабынан чыгып кете жаздап+, падышага: «Мырзам!+ Тирүү баланы буга эле бергиле, өлтүрө көрбөгүлө»,— деди. Берки аял болсо: «Мага да жок, сага да жок болсун! Бөлө чапкыла!» — деди+.
27 Ошондо падыша: «Баланы өлтүрбөгүлө, бул аялга бергиле. Баланын энеси — ушул»,— деди.
28 Падыша чыгарган өкүм+ жөнүндө бүт ысрайылдыктар укту. Алар Кудайдын ага сот өкүмдөрүн чыгарганга акылмандык+ бергенин көрүп, андан корко башташты+.