1 Тесалоникалыктар 1:1—10
1 Пабылдан, Силуандан*+ жана Тиметейден+ Кудай Атабыз жана Мырзабыз Иса Машаяк менен биримдикте болгон+ тесалоникалыктардын жыйналышына:
Кудайдын ырайымы, тынчтыгы силер менен болсун+.
2 Баарыңар үчүн тиленген сайын Кудайга ыраазычылык билдиребиз+.
3 Анткени ишеним менен кылып жаткан ишиңерди+, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Мырзабыз Иса Машаякка үмүттөнүү+ менен көрсөтүп жаткан туруктуулугуңарды Кудай Атабыздын алдында ар дайым эстейбиз.
4 Кудай сүйгөн бир туугандар, биз анын силерди тандап алганын билебиз+.
5 Себеби силерге жакшы кабарды сөз менен гана эмес, күч менен+, ыйык рух жана бекем ишеним+ менен да жарыялаганбыз. Араңарда жүргөнүбүздө силердин пайдаңарды көздөгөнүбүздү билесиңер+.
6 Силер көптөгөн кыйынчылыктарга карабай+ сөздү ыйык рухтан+ келген кубаныч менен кабыл алып, бизди жана Мырзабызды+ туурай баштадыңар+.
7 Ошентип, Македония менен Ахаядагы бардык ишенимдештериңерге үлгү болуп калдыңар.
8 Жахабанын сөзү+ силер аркылуу Македония менен Ахаяга да угулду, ал гана эмес, Кудайга болгон ишенимиңер+ бардык жерге тарады+, ошондуктан бизге аны айтуунун зарылдыгы жок.
9 Алар өзүлөрү силерге биринчи жолу кантип жолукканыбызды жана тирүү+, чыныгы Кудайдын+ кулу болуш үчүн кантип буркандарыңардан баш тартып+, Ага кайрылганыңарды айтып жүрүшөт.
10 Силер Кудайга кайрылып, өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Уулунун+, башкача айтканда, бизди келечектеги каардан+ куткара турган Исанын асмандан келишин+ күтүп жатасыңар+.