1 Шемуел 11:1—15
11 Амондун тукумдарынан+ болгон Нахаш кошууну менен келип, Гилаттагы Жабештин+ тушуна жайгашты. Жабештин тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, биз сага кызмат кылалы»,— дешти+.
2 Нахаш аларга: «Келишим түзүү үчүн силерге бир шарт коём: ар бириңердин оң көзүңөрдү оюп+, бүт Ысрайылды маскара кылам»,— деди+.
3 Жабештин аксакалдары: «Бизге жети күн убакыт бер. Бүт Ысрайыл жерине кабарчыларды жиберели. Эгер бизди куткарар+ эч ким чыкпаса, биз сага багынып беребиз»,— дешти.
4 Кабарчылар Шабулга жолугуш үчүн Гибага+ келип, бул сөздөрдү элге айтышты, ошондо эл боздоп ыйлады+.
5 Ошол маалда Шабул малын талаадан айдап келген эле. Ал: «Эмне болду? Эл эмнеге ыйлап жатат?» — деп сурады. Алар ага Жабештин тургундарынын айткандарын айтып беришти.
6 Ошондо Шабулга Кудайдын руху түшүп+, анын каары кайнады+.
7 Ал эки буканы алып, аларды жиликтеп, кабарчыларга берди да, бүт Ысрайыл жерине+: «Шабул менен Шемуелдин артынан барбагандардын малы ушундай болот!» — деп айттырып жиберди+. Ошондо элди Жахабадан келген+ коркунуч+ басып, баары бир кишидей болуп жолго чыгышты+.
8 Шабул аларды Безекте санап чыкканда+, Ысрайыл уулдарынын саны үч жүз миң, Жүйүт уруусундагы эркектердин саны отуз миң болду.
9 Алар кабарчыларга: «Жабештин тургундарына: „Эртең чак түштө куткарыласыңар“,— деп айткыла»,— дешти+. Кабарчылар барып, муну Жабештин тургундарына айтышканда, алар сүйүнүп кетишти.
10 Алар Нахашка: «Эртең биз силерге багынып беребиз, бизди кандай кылам десеңер, өзүңөр билгиле»,— дешти+.
11 Эртеси күнү Шабул+ элди үч топко бөлдү+. Алар эртең мененки күзөт маалында+ Амон уулдарынын+ конушуна кирип барышты да, аларды чак түшкө чейин кырышты. Аман калгандары болсо бириндеп, туш тарапка качып кетишти+.
12 Эл Шемуелге: «„Бизге Шабул падышалык кылмак беле?“ — дегендер ким?+ Алып келгиле ал кишилерди, аларды өлтүрөбүз»,— деди+.
13 Бирок Шабул: «Бүгүн эч кимди өлтүргөнгө болбойт+, анткени Жахаба бүгүн Ысрайылды куткарды»,— деп айтты+.
14 Андан кийин Шемуел элге: «Жүргүлө, Гилгалга+ барып, падышалык бийликти бекемдейли»,— деди+.
15 Бүт эл Гилгалга барып, Жахабанын алдында Шабулду такка отургузду. Анан алар Жахабанын алдында тынчтык курмандыктарын чалышты+. Шабул менен бүт ысрайыл эли чоң кубанычка бөлөндү+.