1 Шемуел 16:1—23

16  Бир канча убакыттан кийин Жахаба Шемуелге: «Качанкыга чейин Шабулду ойлоп кайгыра бересиң?+ Ысрайылга падыша болбошу үчүн, мен аны четке кактым+. Мүйүзгө май толтуруп+, жолго чык. Мен сени бетлехемдик Жышайдыкына+ жиберем, анткени анын уулдарынын арасынан өзүмө падыша тандадым»,— деди+.  Бирок Шемуел: «Ал жакка кантип барам? Шабул укса, мени өлтүрүп койбойбу»,— деди+. Жахаба ага: «Короодогу малдын арасынан бир кунажын алып: „Жахабага курмандык чалганы келдим“,— деп айт+.  Анан курмандык чалганда Жышайды да чакыр. Андан ары эмне кылышты ошондо айтам+. Мен кимди тандасам, ошону майла»,— деди+.  Шемуел Жахаба айткандай кылды. Ал Бетлехемге+ барганда, аны көрүп шаардын аксакалдары коркконунан титиреп+: «Тынччылыкпы?» — деп сурашты+.  Ал: «Тынччылык эле. Жахабага курмандык чалганы келдим. Өзүңөрдү ыйыктап+, мени менен курмандык чалганы баргыла»,— деди. Анан Жышай менен анын уулдарын ыйыктап, аларды да курмандык чалынчу жерге чакырды.  Алар келгенде, Шемуел Элиапты+ көрүп: «Жахабанын майланганы — ушул»,— деп ойлоду.  Бирок Жахаба Шемуелге: «Анын сырткы көрүнүшүнө, боюнун узундугуна караба+, мен аны четке кактым. Кудай адам карагандай карабайт+, анткени адам көзү көргөндү гана көрөт+, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт»,— деди+.  Андан кийин Жышай Абынадапты+ чакырып, ага Шемуелдин алдынан өтүүнү буйруду, бирок Шемуел: «Жахаба муну да тандаган жок»,— деди.  Анан Жышай Шамайга+ Шемуелдин алдынан өтүүнү буйруду, бирок Шемуел: «Жахаба муну да тандаган жок»,— деди. 10  Ошентип, Жышайдын жети уулу тең Шемуелдин алдынан өттү. Шемуел Жышайга: «Жахаба булардын эч кимисин тандаган жок»,— деди. 11  Анан Жышайдан: «Булардан башка дагы балдарың барбы?» — деп сурады. Ал: «Дагы эң кичүүсү бар+, ал кой кайтарып жүрөт»,— деди+. Шемуел: «Киши жиберип, аны чакырт, анткени ал келмейинче, тамакка отурбайбыз»,— деди. 12  Жышай киши жиберип, аны алдырды. Ал кызыл жүздүү+, көздөрү жайнаган, келишимдүү улан эле. Жахаба Шемуелге: «Тур, ушуну майла, анткени мен ушуну тандагам»,— деди+. 13  Шемуел май куюлган мүйүздү алып+, аны агаларынын көзүнчө майлады. Ошол күндөн тартып Дөөтүгө Жахабанын руху таасир эте баштады+. Шемуел кайра Рамага+ кетти. 14  Шабул болсо Жахабанын рухунан айрылып калды+. Жахаба жаман рухтун+ аны кыйнашына жол берип койду. 15  Шабулдун кызматчылары ага: «Кудай жол берген жаман рух сизди кыйнап жатат. 16  Мырзабыз кол алдында кызмат кылгандарга арфа черткенди+ жакшы билген бирөөнү+ табууну буйрук кылсын. Кудай жол берген жаман рух сизге таасир эте баштаганда, ал арфа чертсин, ошондо көңүлүңүз ачылат»,— дешти. 17  Шабул кызматчыларына: «Арфа черткенди жакшы билген бирөөнү таап, мага алып келгиле»,— деп буйруду+. 18  Ошондо кызматчыларынын бири: «Мен бетлехемдик Жышайдын бир уулунун арфаны жакшы чертерин билем+. Ал — эр жүрөк, күчтүү+, мыкты жоокер+, сүйлөгөнү да орундуу+, келбети да келишимдүү+; Жахаба аны менен»,— деди+. 19  Шабул Жышайга киши жиберип: «Кой кайтарып жүргөн уулуң Дөөтүнү мага жибер»,— деп айттырды+. 20  Жышай эшекке нан, шарап куюлган чанач+ жана бир улак артып берип, Дөөтүнү Шабулга жөнөттү+. 21  Дөөтү Шабулга барып, ага кызмат кыла баштады+. Шабул аны аябай жакшы көрүп калгандыктан өзүнүн курал көтөрүүчүсү кылып алды+. 22  Ал Жышайга: «Дөөтү меникинде калып, мага кызмат кылсын, анткени ал менин көз алдымда ырайым тапты»,— деп айттырып жиберди. 23  Кудай жол берген жаман рух Шабулга таасир эте баштаганда, Дөөтү арфа черте баштачу. Ошондо Шабул жеңилдеп, көңүлү ачыла түшчү да, жаман рух андан кетчү+.

Шилтемелер