1 Шемуел 26:1—25

26  Бир канча убакыт өткөндөн кийин зиптиктер+ Гибага+ барып, Шабулга: «Дөөтү Жешимондун+ тушундагы Гахила+ адырында жашынып жүрөт»,— дешти.  Шабул ысрайыл элинин арасынан тандап алган үч миң кишиси+ менен Дөөтүнү издегени Зип чөлүнө түшүп барды+.  Алар Жешимондун тушундагы, жолдун боюндагы Гахила адырына барып жайгашышты. Ошол убакта Дөөтү чөлдө болчу. Ал Шабулдун аны издеп чөлгө келгенин укканда  анын чын эле келген-келбегенин билип келүүгө тыңчыларды жиберди+.  Андан кийин Дөөтү Шабулдун кошууну жайгашкан жерге барып, Шабул менен анын аскер башчысы Неирдин уулу Абинердин+ жаткан жерин көрдү. Шабул конуштун ортосунда+, кишилери болсо анын тегерегинде жатыптыр.  Дөөтү Хеттин+ тукумдарынан болгон Акимелектен жана Зеруянын+ уулу Жоаптын бир тууганы Абышайдан+: «Мени менен Шабулдун конушуна кимиңер барасыңар?» — деп сурады. Абышай: «Мен барам»,— деди+.  Дөөтү менен Абышай түн ичинде Шабулдун конушуна барышты. Шабул конуштун ортосунда уктап жатыптыр, баш жагында найзасы жерге сайылып туруптур. Абинер менен калган кишилери анын тегерегинде жатыптыр.  Абышай Дөөтүгө: «Кудай бүгүн душманыңды колуңа салып берди+. Мага уруксат берсең, мен муну найза менен жерге кадап салайын, бир сайып эле өлтүрөм»,— деди.  Бирок Дөөтү: «Ага тийбе. Жахабанын майланганына+ кол көтөргөн адам жазасыз калмак беле?» — деди+. 10  Анан: «Жахаба тирүү+, аны Жахаба өзү жазалайт+ же бир күнү ажалы жетип өлөт+, же согуштан каза табат+. 11  Жахабанын майланганына+ кантип кол көтөрмөк элем?+ Жахаба анын бетин ары кылсын!+ Анын баш жагындагы найза менен суу куюлчу кумураны ал, кетели»,— деди. 12  Ошентип, Дөөтү Шабулдун баш жагындагы найза менен кумураны алып, Абышай экөө кетип калды. Аларды эч ким көргөн да, байкаган да жок+. Ал жерде жаткандардын эч кимиси ойгонгон жок, баары катуу уктап жаткан эле+, анткени Жахаба аларды уктатып койгон болчу. 13  Дөөтү карама-каршы тарапка өтүп, тоонун чокусуна чыгып, ошол жерде турду. Алардын ортосундагы аралык бир топ эле. 14  Дөөтү Шабулдун кишилерине, Неирдин уулу Абинерге: «Абинер, угуп жатасыңбы?» — деп кыйкырды. Абинер+ андан: «Падышанын тынчын алып, кыйкырып жаткан бул ким?» — деп сурады. 15  Дөөтү ага: «Сен эркек эмессиңби, Ысрайылда сага тең келген ким бар? Эмнеге мырзаңды, падышаны, жакшылап кайтарган жоксуң? Элдин арасынан бирөө барып, аны өлтүрүп коё жаздабадыбы+. 16  Бул кылганың жакшы эмес. Жахаба тирүү+, силер мырзаңарды, Жахабанын майланганын+, жакшылап кайтарбаганыңар үчүн+ өлүм жазасына тартылышыңар керек!+ Падышанын баш жагындагы найза менен суу куюлчу кумура+ кана?!» — деп кыйкырды. 17  Шабул Дөөтүнүн үнүн таанып: «Дөөтү, уулум, бул сенсиңби?» — деди+. Дөөтү: «Менмин, улуу урматтуу падышам»,— деп жооп берди. 18  Анан мындай деди: «Эмнеге мырзам кулунун артынан кууп жүрөт?+ Мен эмне кылдым? Эмне жамандык кылдым?+ 19  Улуу урматтуу падышам, кулуңуздун сөзүнө кулак салыңыз. Эгер сизди мага Жахаба каршы чыгарып жатса, анда ал менин нан курмандыгымды+ кабыл алсын. Эгер сизди мага каршы адамдар тукуруп жатса+, анда алар Жахабанын каргышына калсын+, анткени мени Жахаба мураска берген жерде+ жашатпай, кууп жиберишти. Алар мага: „Бар, башка кудайларга кызмат кыл!“ — деп айткандай эле болушту+. 20  Мырзам, Жахабанын алдында канымды төкпөй эле койсоңуз экен+. Тоодон чил кубалаган кишидей болуп+, Ысрайылдын падышасы бир бүргөнү издеп чыкты»+. 21  Шабул ага: «Мен күнөө кылдым+. Дөөтү, уулум, кайтып кел, мындан ары сага жамандык кылбайм, анткени сен бүгүн менин өмүрүмдү баалаарыңды көрсөттүң+. Мен акылсыздык кылып, катуу жаңылып жүрүптүрмүн»,— деди. 22  Ошондо Дөөтү: «Мына падышанын найзасы. Кишилериңиздин бири келип, алып кетсин. 23  Жахаба ар бир кишиге адилдигине+, ишенимдүүлүгүнө жараша берет. Бүгүн Жахаба сизди колума салып берди, бирок мен Жахабанын майланганына кол көтөргүм келген жок+. 24  Мен бүгүн сиздин өмүрүңүздү кандай бааласам, Жахаба да менин өмүрүмдү ошондой бааласа экен+, мени ар кандай жамандыктан сактаса экен»,— деди+. 25  Шабул ага: «Дөөтү, уулум, Кудай сага батасын берсин! Сен улуу иштерди кылгандан тышкары, жеңүүчү да болуп чыгасың»,— деди+. Андан кийин Дөөтү өз жолу менен кетти, Шабул болсо үйүнө кайтты+.

Шилтемелер