1 Шемуел 3:1—21
3 Жаш Шемуел Эйлинин жанында Жахабага кызмат кылып жүрдү+. Ал кезде Жахаба сүйлөгөн учурлар+ чанда болчу+, аяндар+ дээрлик берилбей калган эле.
2 Эйлинин көзү начарлап, көрбөй калган болчу+. Бир күнү ал өзүнүн бөлмөсүндө жатканда,
3 Кудайдын шамчырагы али өчө электе, мындай окуя болду: Шемуел Кудайдын келишим сандыгы турган жерде, Жахабанын ибадатканасында+, жатканда,
4 Жахаба аны чакырды. Ал: «Угуп жатам»,— деди да+,
5 Эйлиге чуркап барып: «Мырзам, мени чакырдыңызбы?» — деп сурады. Эйли: «Жок, чакырган жокмун. Ордуңа барып жата бер»,— деди. Шемуел кайра ордуна барып жатты.
6 Жахаба аны: «Шемуел!» — деп дагы чакырды+. Шемуел турду да, Эйлиге барып: «Мырзам, мени чакырдыңызбы?» — деп сурады. Ал: «Жок, чакырган жокмун, уулум+. Ордуңа барып жата бер»,— деди.
7 (Шемуел Жахабаны жакшы биле элек эле, Жахаба ага али сүйлөй элек болчу.)+
8 Жахаба аны үчүнчү жолу: «Шемуел!» — деп чакырды. Ал ордунан туруп, Эйлиге барды да: «Мырзам, мени чакырдыңызбы?» — деп сурады.
Ошондо Эйли баланы Жахаба чакырып жатканын түшүндү.
9 Ал Шемуелге: «Ордуңа барып жат да, ал дагы чакырса: „Айта бер, Жахаба, кулуң угуп жатат“,— деп айт»,— деди. Шемуел ордуна барып жатты.
10 Жахаба аны: «Шемуел, Шемуел!» — деп дагы чакырды. Шемуел: «Айта бер, кулуң угуп жатат»,— деди+.
11 Жахаба ага мындай деди: «Мен Ысрайылда бир иш кылам+, ал жөнүндө уккан адамдын үрөйү учат*+.
12 Ошол күнү мен Эйлинин үйү жөнүндө айткандарымды башынан аягына чейин аткарам+.
13 Ага бул күнөөсү үчүн анын үй-бүлөсүн түбөлүккө жазалай турганымды айт+. Ал уулдарынын Кудайга акарат кылып+ жатканын билсе да+, аларды тыйган жок+.
14 Ошондуктан Эйлинин үйүнө ант берем: Эйлинин үйүн күнөөсү үчүн берилчү жазадан эч бир курмандык, эч бир тартуу эч качан куткара албайт»+.
15 Шемуел таң атканга чейин жатты. Анан туруп, Жахабанын үйүнүн эшигин ачты+. Ал алган аяны жөнүндө Эйлиге айткандан коркту+.
16 Эйли аны: «Шемуел, уулум!» — деп чакырды. Ал: «Угуп жатам, мырзам»,— деди.
17 Эйли ага: «Ал сага эмне деди? Мага эч нерсесин жашырбай айтып бер+. Кудай айткан сөздөрдүн бирин жашырсаң, ал сени катуу жазаласын»,— деди+.
18 Шемуел ага эч нерсесин жашырбай бүт баарын айтып берди. Ошондо Эйли: «Бул — Жахабанын эрки. Ал өзү туура көргөндөй кылсын»,— деди+.
19 Шемуел чоңоё берди. Жахаба аны менен болуп+, айткандарынын баарын аткарып жатты+.
20 Дандан Беир-Шебага+ чейин жашаган бүт ысрайыл эли Шемуелдин Жахабанын пайгамбары болуп дайындалганын билди+.
21 Ошентип, Жахаба кайрадан Шилодо көрүнө баштады+, анткени Жахаба Шемуелге Шилодо көрүндү; Жахаба ага сөзү аркылуу көрүндү+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «кулагы зыңылдайт».