1 Шемуел 30:1—31

30  Үчүнчү күнү Дөөтү кишилери менен Сыклакка+ кайтып келатканда, Амалыктын тукумдары+ түштүккө жана Сыклакка кол салып, Сыклакты талкалап, өрттөп кетишти.  Ал эми аялдар+ менен шаардагылардын баарын, жашынан карысына чейин, туткундап кетишти, эч кимисин өлтүрүшкөн жок.  Дөөтү менен анын кишилери шаарга келип, шаардын өрттөлгөнүн, аялдары менен уул-кыздарынын туткундалып кеткенин көрүштү.  Ошондо баары боздоп ыйлай башташты+, акырында алардын ыйлаганга да алы келбей калды.  Дөөтүнүн эки аялы тең: изреилдик Акиноам+ менен мурда кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил+ да туткундалып кетиптир.  Дөөтү абдан оор жагдайга туш болду+, анткени уул-кыздары туткундалып кеткенине жаны кашайган кишилер+ аны таш бараңга алгысы келди+. Ошондо Дөөтү Жахаба Кудайынын жардамы менен бекемделди+.  Дөөтү Акимелектин уулу дин кызматчы Абыятарга+: «Эфодду алып келчи»,— деди+. Абыятар эфодду алып келди.  Дөөтү Жахабадан: «Бул каракчылардын артынан барайынбы? Аларды кууп жетемби?» — деп сурады+. Ал: «Жөнө, сен аларды кууп жетип, элиңди куткарып аласың»+,— деп жооп берди+.  Дөөтү жанындагы 600 кишиси+ менен дароо алардын артынан жөнөдү. Бесор өзөнүнө жеткенде кээ бирлери ошол жерде калышты. 10  Ошентип, анын 200 кишиси катуу чарчагандыктан Бесор+ өзөнүнөн өтө албай, ошол жерде калып калышты. Дөөтү болсо 400 кишиси менен андан ары жөнөдү+. 11  Жолдо баратып алар талаадан мисирлик бир кишини+ таап алышты. Аны Дөөтүгө алып келип, нан, суу беришти. 12  Ошондой эле анжирдин ныкталып жасалган кагынан бир үзүм, жүзүмдүн ныкталып жасалган кагынан экини беришти+. Ал аны жеп, күчтөнүп калды+. Көрсө, ал киши үч күн, үч түн нан да жебептир, суу да ичпептир. 13  Дөөтү андан: «Кимсиң, каяктан болосуң?» — деп сурады. Ал: «Мен мисирликмин, Амалыктын тукумдарынан болгон бир кишинин кулумун. Үч күн мурун мен ооруп калып, мырзам мени таштап кетип калды+. 14  Биз керейтиликтер+ жашаган жердин түштүгүнө, Жүйүт жерине, Калептин+ түштүгүнө жортуулга бардык, Сыклакты болсо өрттөп жибердик»,— деп жооп берди. 15  Дөөтү андан: «Мени ошол каракчыларга алып барасыңбы?» — деп сурады. Ал: «Мени өлтүрбөй турганыңды, мырзамдын колуна салып бербей турганыңды айтып+, Кудайды оозанып ант берсең+, алып барам»,— деди. 16  Ошентип, ал Дөөтүнү алар токтогон жерге алып барды+. Амалыктын тукумдары пелиштиликтердин жеринен жана Жүйүт жеринен көп олжо алып келишкенине кубанып+, ар-ар жерде ичип-жеп, тойлоп жатышкан эле+. 17  Дөөтү алар менен таң аткандан кечке чейин согушуп, баарын кырып таштады. Төө минип качып кеткен 400 жигиттен башка эч кимиси аман калган жок+. 18  Дөөтү Амалыктын тукумдары туткундап кеткендердин баарын+, анын ичинде өзүнүн эки аялын да бошотуп алды. 19  Алардын эч кимиси: кичинеси да, чоңу да, уулдары да, кыздары да эч нерсе болбоптур. Олжого кеткен нерселерден да эч нерсе кемибептир+. Ошентип, Дөөтү бардыгын кайтарып алды. 20  Андан сырткары, алардын майда малы менен бодо малынын баарын тартып алды. Дөөтү менен баргандар аларды: «Булар — Дөөтүнүн олжосу» — деп+, өзүлөрүнүн малынын алдына салып айдап алышты. 21  Андан кийин Дөөтү эки жүз кишисине+, аябай чарчаганынан аны менен жол жүрө албай, Бесор өзөнүндө калып калган кишилерине, кайтып келди. Алар Дөөтү менен анын жанындагыларды тосуп чыгышты. Дөөтү алардын жанына келип, ал-жайын сурады. 22  Ошондо Дөөтү менен баргандардын арасындагы кара ниет, начар кишилер+: «Булар биз менен барбай коюшкан, ошондуктан буларга түшкөн олжодон эч нерсе бербейбиз. Аялдары менен балдарын алышсын да, кете беришсин»,— дешти. 23  Бирок Дөөтү: «Бир туугандарым, мындай кылбагыла. Мунун баарын бизге Жахаба берди+. Ал бизди коргоп+, бизге кол салган каракчыларды колубузга салып берди+. 24  Силердикин ким туура көрсүн? Согушка баргандар канча үлүш алса, жүктүн+ жанында калгандар да ошончо үлүш алат. Баары үлүш алат»,— деди+. 25  Ошол күндөн тартып Дөөтүнүн бул айткандары Ысрайыл үчүн көрсөтмө, мыйзам болуп калды+. 26  Сыклакка келгенде Дөөтү олжосунан досторуна+, Жүйүт аксакалдарына жөнөтүп: «Бул — Жахабанын душмандарынан тартып алган олжодон силерге деген белек*»,— деп айттырып жиберди+. 27  Ошентип, ал Бейтелдегилерге+, түштүктөгү Рамоттогуларга+, Жатирдегилерге+, 28  Ароердегилерге, Шипмоттогуларга, Эштемодогуларга+, 29  Рахалдагыларга, Жерахмелдин тукумдары+ жашаган шаардагыларга, кейниликтер жашаган шаардагыларга+, 30  Хормадагыларга+, Борашандагыларга+, Атахтагыларга, 31  Хеброндогуларга+, ошондой эле өзү менен кишилери жүргөн жерлердегилердин баарына белек жөнөттү.

Шилтемелер

Же: «бата».