1 Шемуел 7:1—17

7  Кириат-Жеаримдин+ тургундары келип, Жахабанын келишим сандыгын алып кетишти. Алар аны адырда жашаган Абынадаптын үйүнө+ алып барышты да, анын уулу Элазарды Жахабанын келишим сандыгын кайтарышы үчүн ыйыкташты.  Келишим сандыгы Кириат-Жеаримге алынып келгенден көп убакыт, жыйырма жыл, өткөндөн кийин, бүт Ысрайыл ыйлап, Жахабага кайрылды+.  Шемуел ысрайыл элине: «Эгер Жахабага бүт жүрөгүңөр менен кайрылып жатсаңар+, анда араңардан Астарталарды+ жана бөтөн жерликтердин башка кудайларын жоготкула да+, жүрөгүңөрдү чечкиндүү түрдө Жахабага буруп, ага гана кызмат кылгыла+, ошондо ал силерди пелиштиликтердин колунан куткарат»,— деди+.  Ысрайыл уулдары Баалдар+ менен Астарталарды+ жок кылып, Жахабага гана кызмат кыла башташты.  Андан кийин Шемуел: «Бүт Ысрайылды+ Миспага+ чогулткула, мен силер үчүн Жахабадан тиленейин»,— деди+.  Алар Миспага чогулушту да, суу сузуп, Жахабанын алдына төгүп: «Биз Жахабанын алдында күнөөгө баттык» — деп+, ошол күнү орозо тутушту+. Шемуел Миспада Ысрайыл уулдарына сот жүргүздү+.  Пелиштиликтер Ысрайыл уулдарынын Миспага чогулганын угушту. Ошондо алардын шериктеш башкаруучулары+ Ысрайыл менен согушканы чыгышты. Бул тууралуу укканда Ысрайыл уулдары коркуп кетип+,  Шемуелге: «Жахаба Кудайыбызга кайрылып, жардам сура+, бизди пелиштиликтердин колунан куткарсын»,— дешти.  Шемуел отуга элек козуну Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү, толугу менен өрттөлүүчү+, курмандыкка чалды да, Жахабадан Ысрайылга жардам беришин суранды+. Жахаба анын тилегин кабыл кылды+. 10  Шемуел бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып жатканда, пелиштиликтер Ысрайыл уулдары менен согушуу үчүн жакын келишти. Бирок Жахаба аларды дүрбөлөңгө түшүрүш үчүн+ ошол күнү катуу күн күркүрөткөндүктөн+, алар ысрайылдыктардан жеңилип калышты+. 11  Ысрайыл уулдары пелиштиликтерди Миспадан Бет-Кардын түштүгүнө чейин кууп барышты. Алар жолду карай пелиштиликтерди кырып барышты. 12  Андан кийин Шемуел бир таш алып+, Миспа менен Жешандын ортосуна койду да: «Жахаба бизге мурункудай эле жардам берип жатат» — деп+, аны Эбенезер* деп атады. 13  Ошентип, пелиштиликтер Ысрайыл уулдарына багынып беришти. Ошондон кийин алар ысрайылдыктардын жерине кол салбай калышты+. Шемуелдин өмүрү өткөнчө, Жахаба колун пелиштиликтерге каршы сунуп турду+. 14  Ысрайылдыктар мурун пелиштиликтер тартып алган жерлерди, Экрондон Гатка чейинки шаарларды жана алардын жанындагы жерлерди, кайра алышты. Ысрайыл уулдары менен аморлуктардын+ ортосунда да тынчтык орноду. 15  Шемуел өмүрү өткөнчө Ысрайылда бий болду+. 16  Ал жыл сайын Бейтелди+, Гилгалды+ жана Миспаны+ кыдырып, ал шаарларда жашаган Ысрайыл уулдарына сот жүргүзчү+. 17  Андан кийин үйүнө, Рамага+ кайтып барып, ал жактагы ысрайылдыктарга да сот жүргүзчү. Шемуел ал жерде Жахабага арнап курмандык жайын курду+.

Шилтемелер

Мааниси: «жардам ташы». 1Шм 4:1 менен 1Шм 5:1деги «Эбенезер» эмес.