2 Жылнаама 1:1—17
1 Дөөтүнүн уулу Сулаймандын падышалыгы бекемделе берди+. Жахаба Кудайы аны менен болуп+, анын зоболосун көтөрдү+.
2 Сулайман бүт Ысрайылды: миң башыларды+, жүз башыларды+, бийлерди+, Ысрайылдын уруу башчылары+ менен тукум башчыларын+ чогултту.
3 Андан кийин ал бүт жыйналыш менен чогуу Гибондогу бийик жерге+ барды. Анткени чыныгы Кудайдын жыйын чатыры+, Жахабанын кызматчысы Муса+ чөлдө жүргөндө жасаган жыйын чатыры, ошол жакта эле.
4 Чыныгы Кудайдын келишим сандыгын+ болсо Дөөтү Кириат-Жеаримден алып келип+, Иерусалимдеги өзү тиккен чатырга+, атайын ал үчүн даярдаган орунга койгон болчу+.
5 Хурдун небереси+, Уринин уулу Безелел+ жезден жасаган курмандык жайы+ болсо Жахабанын ыйык чатырынын алдында турчу. Ошондуктан Сулайман менен бүт жыйналыш Кудайдан жетекчилик сураш үчүн ошол жакка барышчу.
6 Сулайман Жахабанын алдында ыйык чатырдын жанындагы ошол жез курмандык жайынын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка миң мал чалды+.
7 Ошол түнү Кудай Сулайманга көрүнүп: «Айт, сага эмне берейин?» — деди+.
8 Сулайман Кудайга: «Сен атам Дөөтүгө улуу мээримдүүлүгүңдү көрсөтүп+, мени анын ордуна падыша кылдың+.
9 Жахаба Кудайым, эми атам Дөөтүгө берген убадаңды аткара көр+, анткени сен мени жер бетиндеги кумдай көп элге+ падыша кылып койдуң+.
10 Бул элди башкара алышым үчүн+, мага акылмандык, билим бере көр+. Болбосо сенин улуу элиңе ким сот жүргүзө алат?» — деди+.
11 Ошондо Кудай Сулайманга: «Жүрөгүңдө ушундай каалоо болгону үчүн+, дүнүйө, байлык, атак-даңк же сени жек көргөндөрдүн жанын, же узак өмүр сурабай+, мен сени падыша кылып койгон элиме сот жүргүзүүгө акылмандык менен билим сураганың үчүн+,
12 сага акылмандык менен билим берем+. Андан сырткары, сага өзүңө чейинки падышаларда болбогон жана сенден кийинки падышаларда да болбой турган+ дүнүйө, байлык, атак-даңк да берем»,— деди+.
13 Андан кийин Сулайман Гибондогу+ жыйын чатыры+ турган бийик жерден Иерусалимге кайтып келди. Ал бүт Ысрайылга падышалык кылды+.
14 Сулайман майдан арабаларын, жылкыларын көбөйттү. Анын 1 400 арабасы, 12 000 аты бар болчу+. Ал аларды арабалар үчүн курулган шаарларга+ жана өзүнө жакын жерге, Иерусалимге жайгаштырды.
15 Падыша Иерусалимде күмүш менен алтынды ташка теңеди+, ал эми бал карагайды анын көптүгүнөн Шепелада+ өскөн анжир дарагына теңеди+.
16 Сулайман падышага жылкыларды Мисирден алып келишчү+. Анын соодагерлери жылкыларды үйүрү менен сатып келишчү+.
17 Бир арабаны Мисирден 600 күмүш шекелге*, жылкыны болсо 150 күмүш шекелге алып келишчү. Хеттин тукумдарынын падышалары менен Сириянын падышалары да арабалар менен жылкыларды падышанын соодагерлеринен сатып алышчу+.
Шилтемелер
^ Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.