2 Жылнаама 10:1—19
10 Рехабам+ Шекемге+ барды, анткени ысрайылдыктардын баары аны падыша кылыш үчүн ошол жерге чогулган болчу.
2 Ошол убакта Мисирде жашап жүргөн+ Небаттын уулу Жеробам+ (ал Сулайман падышадан качып кеткен болчу) бул тууралуу угары менен Мисирден кайтып келди+.
3 Аны чакыртыш үчүн киши жиберишти. Ал бүт Ысрайыл менен бирге Рехабамга келди. Анан алар+:
4 «Сенин атаң мойнубузга оор моюнтурук салган эле+, эми сен ошол моюнтурукту+, жумушубузду жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз»,— дешти+.
5 Рехабам аларга: «Үч күндөн кийин кайра келгиле»,— деди. Эл тарап кетти.
6 Рехабам падыша атасы Сулайманга кызмат кылган аксакалдардан: «Элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?»+ — деп сурады+.
7 Алар: «Эгер сен бүгүн бул элге боорукердик көрсөтсөң, алардын көңүлүн алып, жылуу-жумшак сүйлөсөң+, алар сага түбөлүккө кул болушат»,— дешти+.
8 Бирок ал аксакалдардын берген кеңешин четке кагып+, өзү менен бирге чоңойгон+, өзүнө кызмат кылган жаштар менен кеңешип+,
9 алардан: «„Атаңдын мойнубузга салган оор моюнтуругун жеңилдет“,— деп келген элге эмне деп жооп берейин?+ Силер кандай кеңеш бересиңер?» — деп сурады+.
10 Өзү менен бирге чоңойгон жаштар ага: «„Сенин атаң мойнубузга оор моюнтурук салган эле, эми сен аны жеңилдет“,— деп келген элге сен+: „Менин чыпалагым атамдын белинен жоон+.
11 Атам мойнуңарга оор моюнтурук салган болсо, мен аны ого бетер оордотом+. Атам силерди жөнөкөй камчы менен жазаласа, мен силерди тиштери бар камчы менен жазалайм“,— деп айт»,— дешти+.
12 Рехабам падышанын: «Үч күндөн кийин кайра келгиле»,— деген буйругуна ылайык, Жеробам менен бүт эл үч күндөн кийин кайра ага барышты+.
13 Рехабам падыша аларга орой сүйлөдү+. Ошентип, ал аксакалдардын кеңешин+ укпай койду+.
14 Ал, жаштар кеңеш кылгандай+: «Мен силердин моюнтуругуңарды оордотом, аны ого бетер оор кылам. Атам силерди жөнөкөй камчы менен жазаласа, мен силерди тиштери бар камчы менен жазалайм»,— деп айтты+.
15 Ошентип, падыша элди укпай койду. Бул чыныгы Кудайдан болду+, анткени Жахабанын шилолук+ Ахия+ аркылуу Небаттын уулу Жеробамга+ айткан сөзү аткарылышы керек эле+.
16 Падыша укпай койгондо, бүт ысрайылдыктар ага: «Дөөтүдөн алчу үлүшүбүз бар беле?+ Жышайдын уулунан бизге кандай мурас тиймек эле?+ Ысрайылдыктар, ар бириңер өз кудайларыңарга кайткыла!+ Дөөтү, өз үйүңдү өзүң кара!»+ — дешти да, чатырларына тарап кетишти.
17 Рехабам Жүйүт уруусуна таандык шаарларда жашаган ысрайылдыктарга гана падышалык кылып калды+.
18 Бир жолу Рехабам жалданма жумушчулардын башчысы Хадорамды*+ Ысрайыл уулдарына бир иш менен жиберди, бирок алар аны таш бараңга алып+, өлтүрүп коюшту. Рехабам падыша болсо арабасына түшүп, Иерусалимге качып кетти+.
19 Ысрайылдыктар ушул күнгө чейин Дөөтүнүн үйүнө каршы+.