2 Жылнаама 11:1—23

11  Ысрайыл менен согушуп, падышалыкты кайра өзүнө кайтарып алыш үчүн Рехабам Иерусалимге кайтып келери менен+ Жүйүт үйү менен Бенжемин уруусун+, 180 000 тандамал жоокерди+, чогултту.  Ошондо чыныгы Кудайдын кишиси Шемаяга+ Жахаба мындай деди:  «Сулаймандын уулу Жүйүттүн падышасы Рехабамга+, ошондой эле Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусундагы ысрайылдыктардын баарына:  „Жахаба мындай дейт: “Бир туугандарыңар менен согушканы барбагыла+. Үйлөрүңөргө кайткыла, анткени бул менден болду”,— деп айт“»+. Алар Жахабага тил алып, Жеробам менен согушканы барбай, артка кайтышты+.  Рехабам Иерусалимде жашады. Ал Жүйүт жерине чептүү шаарларды курду.  Ал кайра курган шаарлар булар: Бетлехем+, Эйтам+, Текоя+,  Бет-Сур+, Соко+, Адулам+,  Гат+, Мареша+, Зип+,  Адорайым, Лакиш+, Азек+, 10  Сора+, Айлон+, Хеброн+. Булар — Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун жериндеги чептүү шаарлар. 11  Рехабам ушул чептүү шаарларды чыңдап+, аларга башчыларды дайындады+ жана азык-түлүк, май, шарап сакталчу жайларды курду. 12  Ал шаарлардын баарын чоң калкан+, найзалар+ менен камсыз кылып, аларды абдан чыңдады. Жүйүт менен Бенжемин анын бийлиги астында болду. 13  Бүт Ысрайылдагы дин кызматчылар менен лебилер өздөрү жашаган жерлерден келип, анын тарабына өтүштү. 14  Лебилер өздөрүнүн талаалары+ менен жерин+ калтырып, Жүйүт менен Иерусалимге келишти+, анткени Жеробам+ менен анын уулдары аларды Жахабанын алдындагы дин кызматчылык милдетинен четтетип салышкан эле+. 15  Жеробам, теке түспөл жиндер*+ менен өзү жасаган музоолорго+ кызмат кылышы үчүн, бийик жерлерге өзүнүн дин кызматчыларын дайындады+. 16  Ысрайыл урууларындагы Ысрайылдын Кудайы Жахабаны бүт жүрөгү менен издегендердин баары ата-бабаларынын Кудайы Жахабага курмандык чалыш үчүн+ дин кызматчылар менен лебилердин артынан Иерусалимге келишти+. 17  Алар үч жыл Дөөтү менен Сулаймандын жолу менен жүрүштү+, ошондуктан үч жыл Жүйүт падышалыгын бекемдеп+, Сулаймандын уулу Рехабамга колдоо көрсөтүштү. 18  Рехабам Дөөтүнүн уулу Жеримоттун кызы Махалатты аялдыкка алды. Махалаттын энеси Абикейил Жышайдын уулу Элиаптын+ кызы болгон. 19  Махалат ага Жеуш, Шемария, Захам деген уулдарды төрөп берди. 20  Андан кийин ал Абышаломдун+ небереси Мааханы+ аялдыкка алды. Ал ага Абияны+, Атайды, Зизаны, Шеломитти төрөп берди. 21  Рехабам башка бардык аялдары+ менен токолдоруна караганда Абышаломдун небереси Мааханы жакшы көрчү. Анын он сегиз аялы, алтымыш токолу бар болчу. Алар ага жыйырма сегиз уул, алтымыш кыз төрөп беришти. 22  Рехабам Мааханын уулу Абияны падыша кылууну ойлоп, аны бир туугандарына башчы, жол башчы кылып дайындады. 23  Ал акылдуулук кылып+, айрым уулдарын Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун+ жериндеги чептүү шаарларга+ жөнөтүп, аларга абдан көп азык-түлүк берип+, көп аял алып берди+.

Шилтемелер

Аларга сыйынгандар, сыягы, аларды текеге окшогон саксайган жандыктар катары элестетишчү.