2 Жылнаама 13:1—22
13 Абия Жеробам падышанын башкаруусунун он сегизинчи жылында Жүйүткө бийлик кыла баштады+.
2 Ал Иерусалимде үч жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Микая* болчу+. Ал гибалык+ Уриелдин кызы эле. Абия менен Жеробамдын ортосунда согуш болуп турду+.
3 Абия согушка 400 000 күчтүү, тандамал жоокерден+ турган аскери менен барды. Жеробам болсо 800 000 күчтүү+, эр жүрөк, тандамал жоокерин ага каршы тизди.
4 Абия Эпрайымдын тоолуу аймагындагы+ Семарайым тоосунда туруп мындай деди: «Сөзүмө кулак салгыла, Жеробам жана бүт Ысрайыл!
5 Туз келишими боюнча+, Ысрайылдын Кудайы Жахабанын Ысрайылдагы падышалык бийликти түбөлүккө+ Дөөтүгө жана анын уулдарына+ бергенин+ билбейсиңерби?
6 Бирок Дөөтүнүн уулу Сулаймандын кулу+, Небаттын уулу Жеробам+, козголоң чыгарып+, өзүнүн мырзасына каршы чыккан+.
7 Анын тегерегине бекерпоз+, жүзү кара кишилер+ чогулуп, акыры, алар Сулаймандын уулу Рехабамдан+ күчтүүлүк кылып кетишкен. Анткени Рехабам жаш, коркок болгондуктан+ аларга туруштук бере албай калган.
8 Силер көп болгондуктан+ жана Жеробам кудай кылып жасап берген алтын музоолоруңар+ бар болгондуктан, Жахабанын Дөөтүнүн уулдарына берген падышалыгына+ каршы чыга алабыз деп ойлоп жатасыңар.
9 Силер Жахабанын дин кызматчылары болуп кызмат кылган Арундун уулдары менен лебилерди кууп жиберип+, башка элдерди туурап, өзүңөргө дин кызматчыларды дайындап албадыңар беле?+ Ошол убакта букачар менен жети кочкорду курмандыкка чалып бийликке ээ болгондордун* баары кудай эместерге, буркандарга, дин кызматчы болушкан+.
10 Биздин Кудайыбыз болсо Жахаба+, биз аны таштаган жокпуз. Арундун уулдары, дин кызматчылар, Жахабага кызмат кылып жатышат, лебилер да кызмат кылып, аларга жардам берип жатышат+.
11 Алар күн сайын эртең менен, кечинде Жахабанын алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып+, жыпарзат түтөтүшөт+. Ошондой эле таза алтындан жасалган үстөлгө нан коюп+, күн сайын кечинде алтын чыракпаядагы+ чырактарды күйгүзүшөт+. Биз Жахаба Кудайыбыздын алдындагы милдеттерибизди аткарып жатабыз+, силер болсо аны таштап койдуңар+.
12 Бизди чыныгы Кудай өзү баштап баратат+. Ал бизди силерге каршы согушту башташ үчүн белги бере турган сурнайларын+ көтөргөн дин кызматчылары+ менен баштап баратат. Ысрайыл уулдары, ата-бабаларыңардын Кудайы Жахабага каршы чыкпагыла+, баары бир жеңишке жетпейсиңер»+.
13 Жеробам болсо жүйүттөрдүн арт жагына буктурма коюш үчүн жоокерлерин жөнөттү. Ошентип, алардын арт жагына буктурма коюлду+, ал эми алды жагында Жеробамдын аскеринин негизги бөлүгү турду.
14 Жүйүттөр артын карап, арт жактагылар менен да, алды жактагылар менен да согушууга туура келерин түшүнүштү+. Ошондо алар Жахабага жалына башташты+, дин кызматчылар болсо сурнайларын катуу тартып киришти.
15 Жүйүттөр ураан чакырып кыйкырганда+, чыныгы Кудай Абия+ менен жүйүттөрдүн алдында Жеробам менен бүт Ысрайылды талкалап таштады+.
16 Ысрайыл уулдары жүйүттөрдөн качып жөнөштү. Кудай аларды жүйүттөрдүн колуна салып берди+.
17 Абия менен анын жоокерлери Ысрайыл уулдарын чоң жоготууга учуратышты: алардын 500 000 тандамал жоокерин өлтүрүштү.
18 Ошондо Ысрайыл уулдары аларга моюн сунуп калышты. Жүйүт уулдары болсо ата-бабаларынын Кудайы Жахабага таянышкандыктан+ күчтүүлүк кылышты.
19 Абия Жеробамдын артынан кууп, анын шаарларын: Бейтелди+, Жешанды, Эпраинди жана аларга караштуу шаарларды+ басып алды.
20 Абиянын күндөрүндө Жеробам ошол бойдон бутуна тура алган жок+. Жахаба аны жазалагандыктан+, ал өлдү.
21 Абия болсо күчтөнө берди+. Анын он төрт аялы бар болчу+. Ал жыйырма эки уулдуу+, он алты кыздуу болду.
22 Абиянын калган иштери, эмнелерди кылып, эмнелерди айтканы Идо пайгамбардын түшүндүрмөлөрүндө жазылган+.