2 Жылнаама 14:1—15
14 Акыр-аягы, Абия ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына+ коюшту. Абиянын ордуна уулу Аса+ падышалык кыла баштады. Асанын убагында ал жерде он жыл тынчтык болду+.
2 Аса Жахаба Кудайынын алдында жакшы, туура иштерди кылды.
3 Ал бөтөн жерликтердин кудайларынын курмандык жайлары+ менен бийик жерлерди талкалап+, ыйык мамыларды кыйратып+, ыйык устундарды кыйып салды+.
4 Ошондой эле ал жүйүттөргө ата-бабаларынын Кудайы Жахабага кызмат кылууну+, анын мыйзам-осуяттарын аткарууну+ буйрук кылды.
5 Аса Жүйүттүн бардык шаарларындагы бийик жерлер менен жыпарзат түтөткүчтөрдү талкалады+. Ал башкарып турган кезде падышалыгында тынчтык болду+.
6 Жүйүт жеринде тынчтык өкүм сүрүп тургандыктан, ал чептүү шаарларды курду+. Жахаба аны тегерегиндеги душмандарынан коргоп, тынчтык бергендиктен+, ошол жылдары эч ким аны менен согушкан жок.
7 Ал жүйүттөргө: «Келгиле, шаарларды куруп+, аларды дубалдар, мунаралар+, бекиткичтери бар дарбазалар+ менен курчайлы. Биз Жахаба Кудайыбызды издегендиктен+, жер азыр бизге таандык. Биз аны издегендиктен, ал бизди тегерегибиздеги душмандардан коргоп, тынчтык берди»,— деди+. Ошентип, алар шаарларды куруп, ийгиликке жетишти+.
8 Асанын Жүйүт уруусунан чоң калкан+ менен найза+ көтөргөн 300 000 жоокери+ жана Бенжемин уруусунан кичине калкан көтөргөн, жаа тарткан+ 280 000 жоокери болгон+. Алардын баары эр жүрөк, күчтүү кишилер болушкан.
9 Кийинчерээк эфиопиялык+ Зерак миллион жоокери+, үч жүз арабасы менен ага каршы согушканы жөнөдү. Ал Марешага+ жеткенде,
10 Аса аны менен согушканы чыкты. Алар Марешадагы Сепата өрөөнүнө барып, аскердик тартипте тизилишти.
11 Аса Жахаба Кудайына кайрылып+: «Оо, Жахаба, сен үчүн күчтүүлөргө да, алсыздарга да, кимисине болбосун, жардам берүү кыйын эмес+. Жахаба Кудайыбыз, бизге жардам бере көр, биз сага таянабыз+. Бул сансыз элге да сенин ысмың менен+ каршы чыктык. Жахаба, сен биздин Кудайыбызсың+. Көр пенденин сенден күчтүү болуп кетишине жол бербе»,— деди+.
12 Ошондо Жахаба Аса менен жүйүттөргө эфиопиялыктарды талкалаганга жардам берди+. Эфиопиялыктар качып жөнөштү.
13 Аса өзүнүн кишилери менен аларды Герарга+ чейин кууп барды. Эфиопиялыктардын бири да аман калган жок, баары өлдү. Ошентип, Жахаба менен анын кошууну+ аларды талкалап+, жүйүттөр көп олжолуу болушту+.
14 Жахаба Герардын айланасындагы шаарларга коркунуч жибергендиктен+, жүйүттөр ал шаарлардын баарын басып алып, талап-тоноп кетишти, анткени ал жакта олжо көп болчу+.
15 Ошондой эле алар малчылардын чатырларына+ кол салып, көп майда малын, төөлөрүн+ айдап кетишти+. Андан кийин Иерусалимге кайтышты.