2 Жылнаама 16:1—14

16  Жүйүт падышасы Асанын+ башкаруусунун отуз алтынчы жылында Ысрайылдын падышасы Бааша+ Жүйүт менен согушканы чыкты. Ал, Асанын жерине эч ким кирип-чыга албашы үчүн, Раманы+ чыңдай баштады.  Ошондо Аса Жахабанын үйүнүн+ жана падышанын үйүнүн казынасындагы алтын-күмүштүн+ баарын алып чыгып, аларды Дамаскта+ жашаган Сирия падышасы+ Бенадатка жөнөттү+. Ал ага:  «Экөөбүздүн ортобузда жана аталарыбыздын ортосунда келишим түзүлгөнүн билесиң. Бул алтын-күмүштү сага берип жибердим. Барып, Ысрайыл падышасы Бааша+ менен түзгөн келишимиңди буз, ал менин жеримден кетсин»,— деп айттырып жиберди+.  Бенадат Аса падышанын айтканын угуп, өзүнүн аскер башчыларын Ысрайылдын шаарларына кол салганы жөнөттү. Алар Ионду+, Данды+, Абыл-Майымды+ жана Напталы уруусуна+ таандык жердеги кампалары+ бар шаарлардын баарын талкалашты.  Бул тууралуу укканда Бааша Рамадагы куруу иштерин токтотту+.  Аса падыша болсо жүйүттөрдүн баарын чогултуп+, Бааша курулушка колдонгон таштар менен устундарды+ Рамадан+ алып кетти да, Геба+ менен Миспаны+ чыңдай баштады.  Ошондо Жүйүт падышасы Асага Ханани+ көрөгөч келип: «Сен Жахаба Кудайыңа эмес+, Сирия падышасына таянгандыктан+, Сирия падышасынын аскерлери сенден качып кутулуп кетишти.  Эфиопиялыктар+ менен ливиялыктардын+ аскерлери, арабалары, атчан жоокерлери+ сансыз көп эмес беле? Бирок сен Жахабага таянгандыктан, ал алардын баарын сенин колуңа салып берген болчу+.  Анткени Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен+ берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн+ карап турат+. Сен акылсыз иш кылдың+, ошондуктан мындан ары жериңде дайыма согуш болот»,— деди+. 10  Асанын буга абдан ачуусу келди+. Ал көрөгөчкө кыжыры кайнап, аны кишендеп, түрмөгө отургузуп койду+. Ал башкаларга да кысым көрсөтө баштады+. 11  Асанын алгачкы жана акыркы иштери Жүйүт падышалары менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган+. 12  Аса өзүнүн башкаруусунун отуз тогузунчу жылында бут оорулуу болуп, катуу ооруп калды+. Бирок ооруп жатканында да ал жардам издеп Жахабага эмес+, дарыгерлерге кайрылды+. 13  Аса өзүнүн башкаруусунун кырк биринчи жылында көз жумуп, ата-бабаларына кошулду+. 14  Аны Дөөтүнүн шаарына+, өзү даярдап койгон чоң мүрзөгө коюшту+. Анын сөөгүн бальзам майы+ менен ар кандай жыттуу майлардын+ аралашмасы+ толтурулган орунга жаткырып, анын урматына көп жыпар жыттуу зат түтөтүштү+.

Шилтемелер