2 Жылнаама 17:1—19

17  Асанын ордуна уулу Жошапат+ падыша болуп, Ысрайылдын үстүнөн болгон бийлигин чыңдай баштады.  Ал Жүйүттөгү чептүү шаарлардын баарына өзүнүн аскерлерин жайгаштырып, Жүйүт жерине жана Эпрайым уруусуна таандык жердеги атасы Аса басып алган шаарларга+ күзөтчүлөрдүн топторун койду.  Ал чоң аталарынан болгон Дөөтүнүн жолун жолдогондуктан+ жана Баалдарга табынбагандыктан+, Жахаба аны менен болду+.  Жошапат атасынын Кудайына кызмат кылып+, анын осуяттарын аткарды+. Ал Ысрайыл кылган иштерди кылган жок+.  Жахаба анын падышалык бийлигин бекем кылды+. Жүйүт жериндегилердин баары ага белек алып келип турушкандыктан+, ал абдан көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду+.  Жошапат Жахабанын жолунда жүрүп+, барган сайын кайраттуу боло берди. Ал Жүйүт жериндеги бийик жерлерди жок кылып+, ыйык устундарды кыйратты+.  Жошапат өзүнүн башкаруусунун үчүнчү жылында Бенкайыл, Обадия, Закарыя, Нетанел жана Микая деген төрөлөрүн чакырып, элди окутуу үчүн аларды Жүйүт шаарларына жиберди.  Аларга кошуп Шемая, Нетания, Зебадия, Асаел, Шемирамот, Жонатан, Адония, Тобиях жана Топадония деген лебилерди, ошондой эле Элишама, Жорам деген дин кызматчыларды жиберди+.  Алар Жахабанын мыйзамы жазылган китепти+ көтөрүп алып, Жүйүт жериндегилерди окута башташты+. Ошентип, Жүйүттүн бардык шаарларын кыдырып, элди окутуп жүрүштү. 10  Жахаба Жүйүттүн тегерегиндеги падышалыктардын баарына коркунуч жибергендиктен+, алар Жошапат менен согушкан жок+. 11  Пелиштиликтер Жошапатка тартуу жиберип+, салык төлөшчү+. Арабиялыктар+ болсо ага майда мал: 7 700 кочкор, 7 700 теке айдап келишчү+. 12  Жошапат барган сайын күчтөнө берди+. Ал Жүйүт жерине чептерди+, кампалары бар шаарларды курду+, 13  ошондой эле Жүйүт шаарларында көп иштерди жасады. Анын Иерусалимде эр жүрөк, күчтүү+ жоокерлери+ бар болчу. 14  Алардын тукуму боюнча түзүлгөн тизмеси жана аткарган милдеттери мындай: Жүйүт уруусунан чыккан миң башылардын бири — Аднак башчы. Анын 300 000 эр жүрөк, күчтүү жоокери болгон+. 15  Ага Жахонан башчы баш ийген. Анын 280 000 жоокери болгон. 16  Андан сырткары, ага Жахабага ыктыярдуу кызмат кылган+ Зихринин уулу Амасия да баш ийген. Анын 200 000 эр жүрөк, күчтүү жоокери болгон. 17  Ал эми Бенжемин+ уруусунан Элиада деген эр жүрөк, күчтүү киши чыккан. Анын жаа, калкан көтөргөн 200 000 жоокери болгон+. 18  Ага Жеозабат баш ийген. Анын курал-жаракчан 180 000 жоокери болгон. 19  Падышага ал өзү Жүйүт жериндеги чептүү шаарларга+ жайгаштырган жоокерлерден тышкары ушулар да кызмат кылышкан.

Шилтемелер