2 Жылнаама 18:1—34
18 Жошапат абдан көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду+. Бирок ал Ахап+ менен куда-сөөк болду+.
2 Бир нече жылдан кийин ал Самарияга, Ахапка барды+. Ахап ал үчүн жана аны менен келген кишилер үчүн курмандыкка көп кой менен бодо мал чалды+. Анан аны Рамот-Гилат+ менен согушканы барууга көндүрө баштады+.
3 Ысрайылдын падышасы Ахап Жүйүт падышасы Жошапаттан: «Мени менен Рамот-Гилатка барасыңбы?» — деп сурады+. Ал: «Сен экөөбүз бирбиз. Менин элим — сенин элиң. Биз сени менен согушка барабыз»,— деп жооп берди+.
4 Бирок Жошапат Ысрайыл падышасына: «Адегенде Жахабадан сурап көрбөйсүңбү?» — деди+.
5 Ошондо Ысрайыл падышасы төрт жүз пайгамбарды чогултуп+, алардан: «Рамот-Гилат менен согушканы барайынбы же барбай эле коёюнбу?» — деп сурады+. Алар: «Бар, чыныгы Кудай аны падышанын колуна салып берет»,— дешти.
6 Бирок Жошапат: «Бул жерде Жахабанын дагы башка пайгамбары барбы?+ Бар болсо, ошол аркылуу да сурап көрбөйлүбү»,— деди+.
7 Ысрайыл падышасы ага+: «Дагы бирөө бар+, Жахабадан ошол аркылуу да сурасак болот. Бирок мен аны жек көрөм+, анткени ал мен жөнүндө бир да жакшы пайгамбарлык айтпайт, дайыма жаман пайгамбарлык айтат+. Ал — Имланын уулу Микая»,— деди+. Жошапат ага: «Падыша, антип айтпа»,— деди+.
8 Ысрайыл падышасы ак сарай кызматчысын+ чакырып: «Тезинен Имланын уулу Микаяны алып кел»,— деди+.
9 Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат өздөрүнүн падыша кийимдерин кийип+, Самариянын дарбазасынын алдындагы аянтта* өз тактыларында отурушту. Пайгамбарлар болсо алардын алдында пайгамбарлык кылып жатышты+.
10 Кенаананын уулу Ситкия темир мүйүздөрдү+ жасап алып: «Жахаба мындай дейт+: „Сириялыктарды ушул мүйүздөр менен сүзүп өлтүрөсүң“»,— деди+.
11 Калган пайгамбарлар да: «Рамот-Гилатка бара бер, жеңишке жетесиң+. Жахаба аны падышанын колуна сөзсүз салып берет»,— деп пайгамбарлык кылып жатышты+.
12 Микаяны чакырганы барган кабарчы ага: «Пайгамбарлардын баары падышага жеңишке жетерин айтып жатышат. Сен да аларга окшоп+ жакшы нерсе айтчы»,— деди+.
13 Бирок Микая: «Жахаба тирүү*!+ Мен, менин Кудайым эмне десе, ошону гана айтам»,— деди+.
14 Ал падышага келгенде, падыша андан: «Микая, Рамот-Гилат менен согушканы баралыбы же барбай эле коёлубу?» — деп сурады. Ал ага: «Бар, жеңишке жетесиң. Алар колуңарга салынып берилет»,— деди+.
15 Падыша ага: «Жахабанын атынан сүйлөгөндө+ мага чындыкты гана айт деп, сага канча жолу ант+ бердиртишим керек?» — деди.
16 Ошондо ал: «Ысрайылдыктардын баары тоолордо койчусу жок койлордой болуп чачырап жүргөнүн көрүп жатам+. Жахаба: „Булардын кожоюну жок+. Ар бири өз үйүнө тынчтык менен кайтсын“,— деп айтып жатат»,— деди+.
17 Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен сага: „Ал мен жөнүндө бир да жакшы пайгамбарлык айтпайт, жалаң жаман пайгамбарлык айтат“,— деп айтпадым беле»,— деди+.
18 Микая мындай деди: «Жахабанын сөзүн уккула+. Мен Жахабанын тактыда отурганын+, анын оң тарабы менен сол тарабында+ бүт асман аскерлеринин турганын+ көрүп турам.
19 Жахаба: „Ысрайыл падышасы Ахап Рамот-Гилатка барып, ошол жакта өлүшү үчүн, аны ким алдайт?“ — деп сурады. Ошондо алар өздөрүнүн оюн айта баштады: бири мындай, бири тигиндей деди+.
20 Акырында бир периште*+ Жахабанын алдына туруп: „Аны мен алдайм“,— деди. Жахаба: „Кантип?“ — деп сурады+.
21 Ал: „Мен барып, анын пайгамбарларынын баарын жалган сүйлөтөм“,— деди+. Ошондо Кудай: „Сен аны алдай аласың+. Бар да, ошондой кыл“,— деди+.
22 Ошентип, Жахаба бул пайгамбарларыңды жалган сүйлөтүп койду+. Бирок чынында Жахаба сенин каргашага кабыларыңды айтты»+.
23 Кенаананын уулу+ Ситкия+ Микаянын+ жанына келди да, аны жаакка чаап+: «Сага сүйлөш үчүн Жахабанын руху менден кетип калды деп ойлойсуңбу, ыя?!» — деди+.
24 Микая: «Сен муну ички бөлмөгө жашынган күнү+ билесиң»,— деди+.
25 Ошондо Ысрайыл падышасы: «Микаяны алып, шаар башчысы Амон менен падышанын уулу Жоашка баргыла да+:
26 „Падыша: “Мен тынчтык менен кайтып келгиче, муну түрмөгө камап тургула+, ага нан+ менен сууну демейдегиден аз бергиле”,— деп буйрук кылды“,— деп айткыла»,— деди+.
27 Микая ага: «Эгер сен тынчтык менен кайтып келе турган болсоң, анда мен аркылуу Жахаба сүйлөгөн эмес болот»,— деп айтты+. Анан: «Эл-журт, баарыңар уккула!» — деди+.
28 Ошентип, Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат Рамот-Гилатка+ жөнөштү.
29 Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен согушка башка кийим кийип барам+, сен болсо өзүңдүн кийимиңди кийип ал»,— деди+. Ошентип, Ысрайыл падышасы башка кийим кийгенден кийин, алар согуша башташты+.
30 Сирия падышасы болсо майдан арабаларын башкаргандарга: «Чоңу менен да, кичинеси менен да согушпагыла, Ысрайыл падышасы менен гана согушкула»,— деген буйрук берген болчу+.
31 Майдан арабаларын башкаргандар Жошапатты көрөрү менен: «Ысрайылдын падышасы — ушул» — дешип+, аны менен согушуш үчүн аны көздөй бурулушту. Бирок Жошапат жардамга чакыра баштаганда+, Жахаба жардамга келди+. Кудай аларды андан буруп кетти+.
32 Алар анын Ысрайыл падышасы эмес экенин көрүп, артынан куубай калышты+.
33 Бир убакта бир киши жаа тартып жибергенде, жебеси Ысрайыл падышасына тийип, соотунун бириктирилген жеринен өтүп кетти+. Ошондо ал араба айдаган кишисине+: «Артка тарт, катуу жарадар болдум, мени бул жерден алып кет»,— деди+.
34 Бирок ошол күнү салгылаш күчөп, падыша сириялыктардын каршысында майдан арабасында кечке чейин туруп турууга аргасыз болду. Анан күн батып баратканда өлүп калды+.