2 Жылнаама 2:1—18

2  Сулайман Жахабанын ысмына арнап+ үй курууга+ жана өзүнө падыша сарайын курууга+ буйрук берди.  Ал жүк көтөргөнгө 70 000, тоолордо таш кескенге 80 000 киши тандап+, аларды көзөмөлдөп турууга 3 600 кишини дайындады+.  Андан сырткары, Сулайман Тирдин падышасы Хирамга+ мындай деп айттырып жиберди: «Сиз атам Дөөтү менен жакшы мамиледе болчусуз+. Ага өзүнө үй курсун деп бал карагайларды жибергенсиз.  Эми мен Жахаба Кудайымдын ысмына арнап+ үй курганы+, аны ыйыктаганы жатам+. Анткени ал жерде Кудайдын алдында жыпарзат түтөтүп+, дайыма нан коюп+, ар бир ишембиде+, ай жаңырганда+, Жахаба Кудайыбызга арналган майрамдарда+ эртең менен жана кечинде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып турушат+. Бул Ысрайылга түбөлүккө берилген көрсөтмө болот+.  Мен кура турган үй заңгыраган үй болушу керек+, себеби биздин Кудайыбыз башка кудайлардын баарынан улук+.  Ага үй курганга кимдин күчү жетет?+ Анткени аны асман, асмандын асманы да батыра албайт+. Анын алдында курмандык түтүнүн түтөтүш үчүн+ эле жай курбасам, ага үй кургудай мен ким болуп калыптырмын?+  Ошондуктан мага алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, кызгылт көк, кочкул кызыл жүндөн, көк жиптен ар кандай нерселерди жасаганды, оймо-чийме түшүргөндү билген жөндөмдүү киши жибериңиз+. Ал Жүйүт жериндеги, Иерусалимдеги атам Дөөтү дайындаган усталар менен бирге иштейт+.  Ошондой эле мага Лебанондо+ өскөн бал карагайлардан+, арча+ менен кызыл дарактан+ жибериңиз, анткени мен билгенден, сиздин кулдарыңыз Лебанондо+ өскөн дарактарды кыйганды жакшы билишет. Менин кулдарым болсо сиздин кулдарыңыз менен чогуу иштейт.  Алар мага көп устун камдап беришсин, анткени мен кура турган үй заңгыраган үй болушу керек. 10  Мен болсо сиздин бак кыйып, жыгач камдай турган кулдарыңыздын тамак-ашына 20 000 кор* буудай+, 20 000 кор арпа, 20 000 бат* шарап+, 20 000 бат май берем». 11  Тирдин падышасы Хирам+ Сулайманга: «Жахаба элин сүйгөндүктөн+ сени аларга падыша кылып дайындады»+,— деп кат жазып, 12  анан мындай деп улады: «Дөөтү падышага акылдуу, Жахабага арнап үй кура турган жана өзүнө падыша сарайын кура турган+ эстүү, түшүнүгү терең уул бергени үчүн+ асман-жерди жараткан+ Ысрайылдын Кудайы Жахабага даңк+. 13  Мен сага өзүнүн ишин мыкты билген Хирам-Аби деген жөндөмдүү кишини жиберип жатам+. 14  Анын энеси Дандын тукумдарынан болот, ал эми атасы — Тирдин тургуну. Ал алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, таштан+, жыгачтан, кызгылт көк жүндөн+, көк жиптен+, өзгөчө чебердик менен токулган кездемеден+, кочкул кызыл жүндөн+ ар кандай нерселерди жасаганды, ар түрдүү оймо-чиймелерди түшүргөндү+ жакшы билет+. Ошондой эле ал, өзүнө кандай иш тапшырылбасын, аны чыгармачылык менен+ аткаруунун жолун да табат. Ал сенин жана сенин атаңдын, мырзам Дөөтүнүн, усталары менен бирге иштесин. 15  Ал эми мырзам өзү убада кылган буудайды, арпаны, май менен шарапты кулдарына берип жиберсин+. 16  Биз Лебанондон сага канча керек болсо, ошончо+ бак кыйып+, аларды сал кылып, деңиз аркылуу+ Жапага+ агызып жиберебиз. Андан ары аларды Иерусалимге өзүң жеткирип ал». 17  Сулайман, атасы Дөөтү санагандай+, Ысрайыл жеринде келгин катары жашап жаткан эркектердин баарын санап чыкты+. Алардын саны 153 600 болду. 18  Сулайман алардын 70 000ин жүк көтөргөнгө+, 80 000ин тоолордо таш кескенге+, ал эми 3 600үн иштеп жаткандарды көзөмөлдөп турууга дайындады+.

Шилтемелер

1 бат = 22 л.
1 кор = 220 л.