2 Жылнаама 21:1—20

21  Акыр-аягы, Жошапат ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына, ата-бабалары коюлган жерге коюшту+. Анын ордуна уулу Жорам падышалык кыла баштады+.  Жошапаттын уулдары Азария, Жехиел, Закарыя, Азария, Микеил жана Шепатия анын бир туугандары болгон. Алардын баары Ысрайыл падышасы Жошапаттын уулдары болушкан.  Атасы аларга көп алтын, күмүш, кымбат баалуу буюмдарды жана Жүйүттөгү чептүү шаарларды+ белек кылып берген+. Падышалык бийликти болсо Жорамга+ берген, анткени ал тун уулу болчу+.  Атасынын ордуна падышалык кыла баштагандан кийин Жорам өзүнүн бийлигин чыңдап, бир туугандарынын баарын+, ошондой эле Ысрайылдын төрөлөрүнүн айрымдарын кылычтап өлтүрдү.  Ал отуз эки жашында такка отуруп, Иерусалимде сегиз жыл падышалык кылды+.  Ал Ахаптын кызына үйлөнгөндүктөн+, Ахаптын үйүндөгүлөрүнө окшоп, Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрдү+ жана Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+.  Бирок Жахаба Дөөтүнүн үйүн жок кылгысы келген жок+, анткени ал Дөөтү менен келишим түзүп+, ага жана анын уулдарына тукум*+ калтырууну убада кылган болчу+.  Анын күндөрүндө Эдом+ Жүйүт бийлигине каршы чыгып+, өзүнө падыша шайлап алды+.  Ошондо Жорам өзүнүн аскер башчылары жана бүт майдан арабалары менен ошол жакка барды. Анан түн ичинде туруп, өзүн жана майдан арабаларынын башчыларын курчап алган эдомдуктарды талкалады. 10  Анткен менен Эдом ушул күнгө чейин Жүйүт бийлигине баш ийбей келет. Ошол убакта Либна+ да анын бийлигине каршы чыкты, анткени ал ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны таштап койгон болчу+. 11  Ал Иерусалимдин тургундарын адеп-ахлаксыз иш кылууга азгырыш үчүн+, жүйүт элин туура жолдон адаштырыш үчүн+ Жүйүт тоолоруна бийик жерлерди жасады+. 12  Бир күнү Жорам Илияс+ пайгамбардан мындай кат алды+: «Чоң аталарыңан болгон Дөөтүнүн Кудайы Жахаба мындай дейт: „Сен атаң Жошапаттын+ жана Жүйүт падышасы Асанын жолу менен жүрбөй+, 13  Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрүп+, Ахаптын үйүндөгүлөрүнө окшоп+, жүйүт эли менен Иерусалимдин тургундарын адеп-ахлаксыз иш кылууга азгырып жатканың үчүн+ жана өзүңдөн алда канча жакшы бир туугандарыңды, атаңдын уулдарын, өлтүргөнүң үчүн+, 14  Жахаба сенин элиңди+, уулдарыңды+, аялдарыңды жана бүт мал-мүлкүңдү чоң бүлгүнгө учуратат+. 15  Өзүң болсо ар кандай ооруларга+, алардын ичинде ичеги-карын дартына чалдыгасың. Ооруң күндөн күнгө күчөп, акыр-аягы, ичегилериң сыртка чыгып калат“»+. 16  Жахаба пелиштиликтерди+ жана эфиопиялыктардын+ жанында жашаган арабиялыктарды+ Жорамга каршы чыгарды+. 17  Алар Жүйүт жерине кирип барып, падышанын үйүндөгү бүт мүлкүн талап-тоноп, аялдарын+ жана кенже уулу Жахаздан+ башка уулдарынын баарын туткундап кетишти+. 18  Анан Жахаба аны айыккыс ичеги-карын оорусуна чалдыктырды+. 19  Арадан убакыт өтүп, эки жылдан кийин ошол дартынын айынан ичегилери+ сыртка чыгып, кыйналып жатып өлдү. Эл ата-бабаларына жыпар жыттуу зат түтөткөндөй+, анын урматына жыпар жыттуу зат түтөткөн жок. 20  Жорам отуз эки жашында такка отуруп, Иерусалимде сегиз жыл падышалык кылды. Анын өлгөнүнө эч ким деле кайгырган жок+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына коюшту+, бирок падышалар коюлган жерге эмес, башка жерге коюшту+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чырак».