2 Жылнаама 22:1—12
22 Иерусалимдин тургундары Жорамдын ордуна анын кенже уулу Ахазияны*+ падыша кылышты. Анткени анын агаларынын бардыгын арабиялыктар+ менен бирге келип, Жүйүт кошуунуна кол салган талап-тоноочулар өлтүрүп кетишкен эле+. Ошентип, Жорамдын уулу Ахазия Жүйүткө падыша болду.
2 Ахазия жыйырма эки жашында такка отуруп, Иерусалимде бир жыл падышалык кылды+. Анын энеси Аталея+ Омринин+ небереси болчу.
3 Ал да Ахаптын үйүндөгүлөрүнүн жолу менен жүрдү+, анткени энеси+ анын кеңешчиси болчу. Ал аны жаман иштерге түртчү.
4 Ахаптын үйүндөгүлөрүнө окшоп, ал Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды, анткени атасы өлгөндөн кийин, алар анын кеңешчиси+ болуп калышкан эле. Алардын кеңештери акыры аны өлүмгө алып келди.
5 Ошолордун берген кеңеши боюнча+, ал Ысрайылдын падышасы Ахаптын уулу Жорамга+ кошулуп, Сирия падышасы Хазаел+ менен согушканы Рамот-Гилатка+ барды. Ошол жерден жаа аткычтар Жорамды жарадар кылышты+.
6 Рамада+ Сирия падышасы Хазаел менен согушканда алган жараатын айыктыруу үчүн Жорам Изреилге+ кайтып келди.
Ахаптын уулу Жорам+ ооруп жаткандыктан+, Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Азария*+ аны+ көргөнү Изреилге барды.
7 Бирок Ахазиянын Жорамга барып, ошол жактан өлгөнү+ Кудайдын эрки боюнча болду+. Жорамга баргандан кийин, экөө Нимшинин небереси+ Жехуга+ жолукканы чыгышты+. Жахаба Жехуну Ахаптын үйүн жок кылыш үчүн+ майлаган эле+.
8 Ахаптын үйүнө+ чыгарылган өкүмдү аткарып жаткан убакта Жеху Ахазияга кызмат кылган Жүйүттүн төрөлөрү менен Ахазиянын бир туугандарынын уулдарына жолугуп калды+. Ал алардын баарын өлтүрүп салды+.
9 Анан Ахазияны издей баштады. Акыры, аны Самарияда+ жашынып жүргөн жеринен таап+, Жехуга алып келишти да, өлтүрүп салышты. Бирок алар: «Кантсе да, бул Жахабаны бүт жүрөгү менен издеген+ Жошапаттын небереси эмеспи»+ — деп, анын сөөгүн мүрзөгө коюшту+. Ошентип, Ахазиянын үйүнөн падыша боло турган эч ким калган жок.
10 Ахазиянын энеси Аталея+ уулунун өлгөнүн көрүп, Жүйүт үйүндөгү падыша тукумунун баарын кырып таштады+.
11 Бирок падышанын кызы Жехошабет+ падышанын өлтүрүлө турган уулдарынын арасынан Ахазиянын уулу Жаашты+ көрсөтпөй алып кетип, эмчек энеси экөөнү уктоочу бөлмөгө жашырып койду. Жорам+ падышанын кызы, Ахазиянын бир тууганы, дин кызматчы Жояттын+ аялы Жехошабет аны жашырып койгондуктан, Аталея аны өлтүргөн жок+.
12 Аны алты жыл чыныгы Кудайдын үйүндө жашырып жүрүштү+. Ал убакта+ Аталея падышалык кылып жатты+.