2 Жылнаама 23:1—21

23  Жетинчи жылы Жоят+ кайраттанып, жүз башылар+ менен: Жерохамдын уулу Азария, Жахонандын уулу Ысмайыл, Обейттин уулу Азария, Адаянын уулу Маасея жана Зихринин уулу Элишапат менен келишим түздү.  Алар Жүйүт жерин кыдырып, Ысрайылдын тукум+ башчыларын+, бүт шаарлардагы лебилерди+ чогултушту. Ошентип, баары Иерусалимге келишти.  Чогулгандардын бардыгы чыныгы Кудайдын үйүндө+ падыша менен келишим түзгөндөн кийин+, Жоят аларга мындай деди: «Жахабанын Дөөтүнүн уулдарына байланыштуу берген убадасына ылайык+, эми падышанын уулу+ башкарат+.  Силер мындай кылгыла: ишемби күнү келген+ дин кызматчылар+ менен лебилерди+ үч топко бөлгүлө. Алардын бир тобу дарбаза кайтарсын+.  Экинчи тобу падышанын үйүнө+, үчүнчү тобу болсо Пайдубал деп аталган дарбазанын жанына+ барып турсун. Ал эми калган элдин баары Жахабанын үйүнүн короолорунда+ турат.  Кызмат кылган дин кызматчылар менен лебилерден башка+ эч кимди Жахабанын үйүнө киргизбегиле+. Ал жакка ошолор гана кире алат, анткени алар ыйык+. Калган элдин баары сыртта туруп, Жахабанын алдында өз милдеттерин аткарышсын.  Лебилер колуна курал алып, падышаны тегеректеп алышсын+. Эгер кимдир бирөө үйгө киргенге аракет кылса, аны өлтүрүшсүн. Падыша киргенде да, чыкканда да, анын жанында болгула».  Лебилер менен бүт жүйүт эли баарын дин кызматчы Жоят+ айткандай кылышты+. Алар ишемби күнү келген кишилери менен ишемби күнү кете турган кишилеринин баарын чогултушту+, анткени дин кызматчы Жоят ал топторду+ кетирбей алып калды.  Анан дин кызматчы Жоят жүз башыларга+ Дөөтү падышанын+ чыныгы Кудайдын үйүндө турган+ найзаларын, калкандарын жана тегерек калкандарын берди+. 10  Ал колунда найзасы бар кишилерди, алар падышаны тегеректеп турушу үчүн+, үйдүн оң жагынан тартып сол жагына чейин, курмандык жайынын жанына да, үйдүн жанына да койду. 11  Андан кийин падышанын уулун сыртка алып чыгып+, башына таажы+ менен Кудайдын мыйзамы жазылган түрмөктү+ коюшту да, аны падыша деп жарыялашты. Жоят менен анын уулдары аны майлап+: «Жашасын падыша!» — деп жар салышты+. 12  Падышаны даңктап чуркап бараткандардын ызы-чуу түшкөн үндөрүн угуп+, Аталея Жахабанын үйүнө чогулган элди көздөй жөнөдү. 13  Ал жерге барып, кире бериштеги мамынын+ жанында падышанын турганын, ал эми анын жанында төрөлөр+ менен сурнайчылардын+ турганын жана бүт элдин кубанганынан+ сурнай тартып жатканын+, күү аспаптарын көтөргөн ырчылар+ менен даңктоо ырларын ырдагандарды жетектегендердин да кубанып жатканын көрдү. Ошондо ал үстүндөгү кийимин айрып жиберип: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» — деп кыйкыра баштады+. 14  Дин кызматчы Жоят аскерлердин үстүнөн дайындалган жүз башыларды жиберип: «Муну бул жерден алып чыккыла, ким мунун артынан ээрчисе, аны кылыч менен өлтүргүлө!» — деди+. Анткени буга чейин ал: «Аны Жахабанын үйүндө өлтүрбөгүлө»,— деп айткан болчу. 15  Алар аны кармап, падышанын үйүндөгү аттар кирген дарбазанын кире беришине алып барып, ошол жерден өлтүрүштү+. 16  Андан кийин Жоят, алар андан ары да Жахабанын эли болушу үчүн, өзү* менен элдин жана падышанын ортосунда келишим түздү+. 17  Анан элдин баары Баалдын ибадатканасына барып, аны бузуп+, курмандык жайларын+, сөлөкөттөрүн талкалашты+. Баалдын дин кызматчысы Матанды+ болсо курмандык жайынын алдында өлтүрүштү+. 18  Андан сырткары, Жоят мурун Дөөтү Жахабанын үйүндө кызмат кылышы үчүн топторго бөлүп койгон+ дин кызматчылар менен лебилерге Жахабанын үйүндөгү кызматты тапшырды. Дөөтү аларды, өзүнүн көрсөтмөсү боюнча, ыр ырдап, кубанып, Мусанын мыйзамында жазылганга ылайык, Жахабага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалууга+ дайындаган болчу. 19  Ошондой эле ал, кайсы бир себептен улам таза эмес болуп калган киши кирип кетпеши үчүн, Жахабанын үйүнүн дарбазасына+ дарбазачыларды койду+. 20  Андан кийин ал жүз башыларды+, жогорку даражалуу кишилерди, элди башкаргандарды жана ал жердеги элдин бардыгын ээрчитип, падышаны Жахабанын үйүнөн алып чыкты+. Анан баары жогорку дарбаза аркылуу падышанын үйүнө барып, аны такка отургузушту+. 21  Ал жердеги бүт эл кубанып жатты+. Ошентип, шаарда тынчтык өкүм сүрдү. Аталеяны болсо кылыч менен өлтүрүштү+.

Шилтемелер

2Пд 11:17де «Жахаба».