2 Жылнаама 24:1—27

24  Жааш жети жашында такка отуруп+, Иерусалимде кырк жыл падышалык кылды+. Анын энесинин аты Зибиа болчу, ал Беир-Шебадан эле+.  Дин кызматчы Жоят+ тирүү кезде, Жааш+ Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+.  Жоят ага эки аял алып берди. Алар ага уул-кыздарды төрөп беришти+.  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Жааштын жүрөгүндө Жахабанын үйүн оңдоюн деген каалоо пайда болду+.  Ал дин кызматчылар+ менен лебилерди чогултуп, аларга: «Жүйүт жериндеги шаарларды кыдырып, Кудайыңардын үйүн оңдоо үчүн+ бүт ысрайылдыктардан акча чогулткула. Жыл сайын ошенткиле+. Бул ишти создуктурбай аткаргыла»,— деди. Бирок лебилер шашылган жок+.  Ошондо падыша жогорку дин кызматчы Жоятты чакырып+, ага: «Эмне үчүн сен Жахабанын кызматчысы Муса буйрук кылган жана Ысрайыл жамааты келишим сандыгы турган ыйык чатырга+ бериши керек болгон ыйык салыктын+ Жүйүт жери менен Иерусалимде кандай чогултулуп жатканы жөнүндө лебилерден эсеп-кысап талап кылбайсың?  Ыймансыз аял Аталеянын уулдары+ чыныгы Кудайдын үйүн талап-тоноп+, Жахабанын үйүндөгү ыйык нерселерди+ Баалдарга табынуу үчүн+ колдонушканын өзүң деле билесиң да»,— деди.  Ошондо алар падышанын буйругу менен куту жасап+, аны Жахабанын үйүнүн дарбазасынын алдына коюшту.  Андан кийин чыныгы Кудайдын кызматчысы Муса ысрайылдыктарга чөлдө жүргөндө буйрук кылган+ ыйык салыкты+ Жахабага алып келүүнү бүт Жүйүт жери менен Иерусалимге жарыя кылышты. 10  Төрөлөр+ менен элдин баары кубанып+, өз салыгын алып келип, кутуга салып жатышты+. Ошентип, ар бири өз салыгын алып келди. 11  Убагы келгенде лебилер кутуну падышага алып барып жатышты+. Кутуга көп акча чогулганда+, падышанын катчысы+ менен жогорку дин кызматчынын жардамчысы келип, кутуну бошотуп, анан аны көтөрүп кайра ордуна коюп жатышты. Алар күн сайын ошентишти. Акыры, көп акча чогулду. 12  Падыша менен Жоят акчаны Жахабанын үйүндөгү кызматка байланышкан иштерге+ көзөмөл кылгандарга беришти+. Алар Жахабанын үйүн калыбына келтирүү үчүн+ таш кескендерди+, усталарды+, ошондой эле Жахабанын үйүн оңдоо үчүн темир усталар менен жез усталарды жалдашты+. 13  Ишке көзөмөл кылгандар үйдү оңдоого киришип+, иш тез жыла баштады. Ошентип, алар чыныгы Кудайдын үйүн толугу менен калыбына келтирип, аны бекем кылып курушту. 14  Жумуштардын баары бүткөндөн кийин, калган акчаны падыша менен Жоятка алып келип беришти. Аларды Жахабанын үйүндө колдонула турган буюм-тайымдарды+, кызматка колдонулчу жана курмандыктарды чалганда керектелчү буюм-тайымдарды, чөйчөктөрдү+, ошондой эле алтын-күмүш буюмдарды+ жасаганга жумшашты. Жоят тирүү кезде, Жахабанын үйүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ дайыма чалынып турду. 15  Жоят жашаарын жашап+, ичерин ичип, 130 жашында көз жумду. 16  Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына, падышалар коюлган жерге коюшту+, анткени ал Ысрайылда чыныгы Кудай үчүн жана анын үйү үчүн жакшы иштерди жасаган болчу+. 17  Жояттын көзү өткөндөн кийин, Жүйүт төрөлөрү+ падышага келип, таазим кылышты. Ошондон тартып падыша аларды уга баштады+. 18  Убакыттын өтүшү менен алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабанын үйүн таштап, ыйык устундар+ менен буркандарга+ кызмат кыла башташты. Ошондуктан алардын күнөөсү үчүн Жүйүт менен Иерусалимге Кудайдын каары кайнады+. 19  Жахаба аларды өзүнө кайрыш үчүн пайгамбарларды жиберип турду+. Алар элге эскертип жатышты, бирок эл аларды уккан жок+. 20  Ошондо дин кызматчы Жояттын+ уулу Закарыяга+ Кудайдын руху+ түштү+. Ал элдин алдына чыгып, бийик жерге турду да: «Чыныгы Кудай мындай дейт: „Эмне үчүн Жахабанын осуяттарын бузуп жатасыңар? Силер ийгиликке жетпейсиңер+. Силер Жахабаны таштап койгондуктан, ал да силерди таштап коёт“»,— деди+. 21  Акыры, эл өз ара сүйлөшүп алып+, падышанын буйругу менен аны Жахабанын үйүнүн короосунда таш бараңга алышты+. 22  Жааш падыша Закарыянын атасы Жояттын ага көрсөткөн мээримдүүлүгүн эстеген жок+. Ал анын уулун өлтүрүп салды. Закарыя өлөр алдында: «Жахаба силерди бул кылган ишиңер үчүн жоопко тартсын»,— деди+. 23  Жылдын башында сириялыктардын+ аскери Жааш менен согушканы келип+, Жүйүт менен Иерусалимге кол салды+. Алар элдин арасындагы төрөлөрдүн+ бардыгын өлтүрүп, олжолоп алган мүлктүн баарын Дамаскка+, падышага жөнөтүп жиберишти. 24  Кол салган сириялык аскерлер көп болбосо да+, Жахаба көп сандаган жүйүт аскерлерин алардын колуна салып берди+, себеби алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны таштап коюшкан болчу. Ошентип, сириялыктар Жаашты жазалашты+. 25  Алар кеткенден кийин, Жааш катуу ооруп жатканда+, кызматчылары андан дин кызматчы Жояттын уулдарынын+ каны үчүн+ өч алууну өз ара сүйлөшүп алышты да+, барып, аны төшөктө жаткан жеринен өлтүрүп салышты+. Жааштын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына коюшту+, бирок падышалар коюлган жерге эмес, башка жерге коюшту+. 26  Аны өлтүрүүнү сүйлөшүп алгандар Амондун тукумдарынан болгон Шиматтын уулу Забат+ менен мааптык Шимриттин уулу Жеозабат болчу. 27  Жааштын уулдары жөнүндө, ошондой эле ага каршы айтылган көптөгөн өкүмдөр жөнүндө+ жана анын чыныгы Кудайдын үйүн пайдубалынан бери калыбына келтиргени жөнүндө+ падышалардын китебине берилген түшүндүрмөлөрдө баяндалган+. Анын ордуна уулу Амазия+ падыша болду.

Шилтемелер