2 Жылнаама 25:1—28
25 Амазия жыйырма беш жашында такка отуруп+, Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Жеодан эле+, ал Иерусалимден болчу.
2 Амазия Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+, бирок аларды бүт жүрөгү менен кылган жок+.
3 Падышалык бийлигин бекемдеген соң ал атасын+, падышаны, өлтүргөн кызматчыларын+ өлтүрдү+.
4 Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, анткени Жахаба берген мыйзамда, Мусанын китебинде жазылган мыйзамда+: «Балдары үчүн аталары+, аталары үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын+. Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылышы керек»,— деп айтылган+.
5 Амазия бүт жүйүт элин чогултуп, Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусундагыларды тукуму боюнча бөлүп+, миң башылары+ жана жүз башылары+ менен тургузду. Ал жыйырма жаштан өйдөкүлөрдүн баарын санап чыкты+. Анын аскер кызматына жарактуу, найза+ жана чоң калкан+ көтөргөн тандамал кишилеринин саны 300 000 болду.
6 Андан сырткары, ал Ысрайылдан 100 талант күмүшкө 100 000 эр жүрөк, күчтүү жоокер жалдады.
7 Ошондо ага чыныгы Кудайдын кишиси келип+: «Падыша, Ысрайыл аскерлери сени менен барбасын, анткени Жахаба Ысрайылды, Эпрайым уулдарын, таштап койгон+.
8 Согушка өзүң эле бар. Коркпо, эр жүрөк бол+. Чыныгы Кудай сага жардам бере алат+. Болбосо ал душманыңдын жеңип алышына жол берип коёт»,— деди+.
9 Амазия+ чыныгы Кудайдын кишисине: «Ысрайыл аскерлерине берген жүз талантымчы, ал эмне болот?» — деди+. Чыныгы Кудайдын кишиси: «Жахаба сага андан да көптү бере алат»,— деди+.
10 Амазия Эпрайымдан келген аскерлерди өздөрүнүн жерине кетириш үчүн өзүнчө бөлдү. Алар Жүйүткө абдан каарданышты. Ошентип, алар ачууланган бойдон+ өздөрүнүн жерине кетишти.
11 Амазия кайраттанып, жоокерлерин Туздуу өрөөнгө+ баштап барды да, ал жактан Сеир уулдарынын+ 10 000 кишисин өлтүрдү+.
12 Жүйүт уулдары алардын дагы 10 000 кишисин тирүүлөй колго түшүрүп, асканын чокусуна алып чыгып, түртүп жиберишти. Ошентип, алардын баары өлдү+.
13 Амазия согушка алып барбай+, үйлөрүнө кетирип жиберген жоокерлер болсо Самариядан+ Бет-Оронго+ чейинки жерлердеги жүйүттөрдүн шаарларына жортуулга барып, алардын 3 000 кишисин өлтүрүп, көп олжо алып кетишти.
14 Эдомдуктарды талкалагандан кийин Амазия үйүнө кайтып келди. Ал Сеир уулдарынын кудайларын ала келип+, аларды өзүнө кудай кылып алды+. Анан аларга таазим кылып+, курмандык түтүнүн түтөтө баштады+.
15 Ошондо Жахаба Амазияга каарданып, өзүнүн пайгамбары аркылуу ага: «Эмнеге башка элдердин кудайларына+, өз элин сенин колуңдан куткара албаган кудайларга+, табынып жатасың?»+ — деп айттырып жиберди.
16 Пайгамбар сөзүн айтып бүтө электе, падыша ага: «Сени, эмне, падышага кеңешчи кылып коюштубу?+ Өлүп кала элегиңде токтот!» — деди+. Пайгамбар токтоп калып, кайра: «Менин кеңешимди укпай+, ушул ишти кылганың үчүн+, Кудай сени өлтүрүүнү чечти»,— деди+.
17 Жүйүт падышасы Амазия кеңешкенден кийин Жехунун небереси, Жахаздын уулу Ысрайыл падышасы Жаашка+: «Кел, беттешели»,— деп айттырып жиберди+.
18 Ысрайыл падышасы Жааш болсо Жүйүт падышасы Амазияга+: «Лебанондо өскөн тикен Лебанон бал карагайына+: „Кызыңды уулума бер“,— деп айттырып жиберет+. Бирок ал тикенди ошол жерден өтүп бараткан бир жапайы жаныбар+ тебелеп кетет.
19 Сен эдомдуктарды жеңдим деп+ менменсинип+, өзүңө даңк издеп жатасың+. Үйүңдө эле отура бербейсиңби+. Чатак чыгарып, башыңа балээ үйүп эмне кыласың?+ Өзүң да, Жүйүт да оң таппай калып жүрбөгүлө»,— деп айттырып жиберди+.
20 Бирок Амазия аны укпай койду. Чыныгы Кудай аларды эдомдуктардын кудайларына табынышканы үчүн+ душмандарынын колуна салып берүүнү чечкендиктен ушундай болду+.
21 Ысрайыл падышасы Жааш келип+, Жүйүт падышасы Амазия менен Жүйүт жериндеги Бет-Шемештен+ беттешти+.
22 Жүйүттөр ысрайылдыктардан жеңилип+, чатырларына качып кетишти+.
23 Ысрайыл падышасы Жааш Жахаздын небереси, Жааштын уулу Жүйүт падышасы Амазияны Бет-Шемештен колго түшүрүп+, Иерусалимге алып келди+. Анан Иерусалимдин дубалын Эпрайым дарбазасынан+ тартып Бурч дарбазасына+ чейин талкалап таштады; алардын ортосу төрт жүз чыканак* эле.
24 Ал чыныгы Кудайдын үйүндөгү Обет-Эдомдун көзөмөлүндөгү алтын-күмүш менен буюмдардын баарын+ жана падышанын үйүндөгү бүт казынаны+, ошондой эле туткундарды Самарияга алып кетти+.
25 Ысрайыл падышасы Жахаздын уулу Жааш+ өлгөндөн кийин, Жүйүт падышасы Жааштын уулу Амазия+ дагы он беш жыл жашады+.
26 Амазиянын калган иштери, анын алгачкы жана акыркы иштери+, Жүйүт падышалары менен Ысрайыл падышаларынын+ китебинде жазылган+.
27 Амазия Жахабага баш ийбей калгандан тартып, Иерусалимде аны өлтүрүүнү сүйлөшө башташты+. Акыры, ал Лакишке+ качып кетти. Бирок алар артынан киши жиберип, аны ошол жактан өлтүрүштү+.
28 Анын сөөгүн аттарга чегилген араба менен+ Жүйүттөгү шаарга алып келип, ата-бабалары коюлган жерге коюшту+.
Шилтемелер
^ Болжол менен 178 м.