2 Жылнаама 26:1—23

26  Бүт жүйүт эли+ он алты жаштагы Узияны*+ атасы Амазиянын ордуна+ такка отургузду+.  Падыша ата-бабаларына кошулгандан кийин+, Узия Элатты+ кайра куруп, аны кайра Жүйүткө каратып берди.  Ал+ он алты жашында такка отуруп, Иерусалимде элүү эки жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Жехолия эле+, ал Иерусалимден болчу.  Узия, атасы Амазиядай болуп+, Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+.  Чыныгы Кудайдан коркууга үйрөткөн+ Закарыянын көзү тирүүсүндө, ал Кудайга кызмат кылды+. Ал Жахабага кызмат кылган кезде, чыныгы Кудай ага батасын берип турду+.  Узия пелиштиликтер+ менен согушканы барып, Гатты+, Жапнени+ жана Азотту+ басып алып, алардын дубалын бузуп салды. Анан Азоттун аймагына+, пелиштиликтердин жерине шаарларды курду.  Ал пелиштиликтер, Гурбаалда жашаган арабиялыктар+ жана меунимдер+ менен согушканда, чыныгы Кудай ага жардам берди+.  Амон уулдары+ да ага салык төлөй башташты+. Узия абдан күч-кубаттуу болгондуктан, анын атагы атүгүл Мисирге чейин жетти+.  Ал Иерусалимдеги Бурч дарбазасы+ менен Өрөөн дарбазасынын+ жанына, ошондой эле Түркүктүн жанына мунараларды куруп+, аларды чыңдады. 10  Андан сырткары, чөлгө, Шепела+ менен бөксө тоолорго мунараларды+ куруп, малы абдан көп болгондуктан, суу сакталуучу чуңкурларды казды. Ал дыйканчылыкты жакшы көргөндүктөн, анын Кармелде, тоолордо дыйкандары менен жүзүмчүлөрү да бар эле. 11  Узиянын тизме боюнча топторго бөлүнгөн аскери да бар болчу+. Ал тизмени+ падышанын төрөлөрүнүн+ бири Хананиянын көзөмөлү астындагы+ катчы+ Жиел менен Маасея түзгөн болчу. Алар согушка ошол топтору менен барышчу. 12  Анын тукум башчыларынын+, күчтүү+, эр жүрөк кишилеринин+, жалпы саны 2 600 болгон. 13  Алардын кол астында 307 500 жоокери бар болчу. Алар падышага душмандары менен согушууга жардам берген кубаттуу аскерди түзүшкөн+. 14  Узия аларга, бүт аскерине, жете тургандай калкан+, найза+, туулга+, соот+, жаа+ жана салмоор таш+ даярдады. 15  Ал Иерусалимде чебер усталар ойлоп тапкан, жебе тартып, таш ыргыта турган чоң согуш куралдарын жасап, аларды мунаралар+ менен дубалдардын бурчтарына орнотту. Ал көп жардам алып, күчтүү болгондуктан, атагы алыска кетти+. 16  Бирок күчтүү болгондон кийин, анын жүрөгү менменсинип кетти+. Бул акыры анын кыйрашына алып келди+. Ал Жахаба Кудайына ишенимсиздик көрсөтүп, жыпарзат түтөткүчтүн үстүндө жыпарзат түтөтүш үчүн Жахабанын ибадатканасына кирди+. 17  Дин кызматчы Азария менен Жахабанын башка дин кызматчылары, сексен эр жүрөк киши, дароо анын артынан киришти. 18  Алар Узия падышаны токтотуп калыш үчүн+ ага: «Узия, Жахабага жыпарзат түтөтүү сенин ишиң эмес+. Бул — жыпарзат түтөтүү үчүн ыйыкталган дин кызматчылардын, Арундун уулдарынын, милдети+. Ыйык жайдан чыгып кет! Сен ишенимсиздик кылдың, ушундай кылганың үчүн Жахаба Кудайдын алдында урмат-сыйга ээ болбойсуң»,— дешти+. 19  Ошондо колуна жыпарзат түтөтүлчү идишти+ кармап турган Узиянын каары кайнап чыкты+. Дин кызматчыларга каарданганда, анын чекесинде пес оорусунун+ тагы пайда болду+. Бул Жахабанын үйүндөгү жыпарзат түтөткүчтүн жанында, дин кызматчылардын көзүнчө болду. 20  Жогорку дин кызматчы Азария менен берки дин кызматчылардын баары аны карап, чекесиндеги пес оорусунун тагын көрүштү+. Алар аны ал жерден алып чыгып кеткенге шашышты. Жахаба жазалагандыктан+, ал өзү да чыгып кеткенге шашты. 21  Ошентип, Узия падыша өмүрүнүн аягына чейин пес оорусу менен ооруду+. Пес оорусунан улам ал өз иштерин өткөрүп берип, өзүнчө үйдө жашады+. Ал Жахабанын үйүнөн да чыгарылып калды. Падышанын үйү менен элди анын уулу Жотам башкарды. 22  Узиянын калган иштери+, алгачкы жана акыркы иштери, жөнүндө Амостун уулу+ Ышая+ пайгамбар жазган. 23  Акыр-аягы, Узия ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге коюшту+. Бирок: «Пес оорусу менен ооруган» — деп, аны падышалардын бейитинин сыртындагы талаага коюшту. Анын ордуна уулу Жотам падыша болду+.

Шилтемелер

2Пд 14:21де «Азария».