2 Жылнаама 28:1—27

28  Ахаз+ жыйырма жашында такка отуруп, Иерусалимде он алты жыл падышалык кылды+. Чоң аталарынан болгон Дөөтүдөн айырмаланып, ал Жахабанын көз алдында туура эмес иштерди кылды+.  Ахаз Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрдү+, атүгүл Баалдардын+ айкелдерин куйду+.  Ал Жахаба Ысрайыл уулдарынын алдынан кууп чыккан элдер кылган+ жийиркеничтүү иштерди кылып+, Ином уулунун өрөөнүндө+ курмандык түтүнүн түтөтүп+, өзүнүн уулдарын отко салды*+.  Ошондой эле бийик жерлерде+, дөбөлөрдө+ жана ар бир шактуу дарактын түбүндө+ дайыма курмандык чалып+, курмандык түтүнүн түтөттү.  Ошондуктан Жахаба Кудайы аны Сирия падышасынын+ колуна салып берди+. Сириялыктар аны жеңип, көп кишисин Дамаскка+ туткундап кетишти. Кудай аны Ысрайыл падышасынын+ да колуна салып берди, ал ага катуу сокку урду.  Ремалиянын уулу+ Пеках+ бир күндө Жүйүттүн жүз жыйырма миң эр жүрөк жоокерин өлтүрдү, анткени алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны таштап коюшкан эле+.  Эпрайым+ уруусундагы Зихри деген күчтүү жоокер болсо падышанын Маасея деген уулун, ак сарай башчысы Азрикамды жана падышадан кийинки кишини, Элкананы, өлтүрдү.  Андан сырткары, Ысрайыл уулдары өздөрүнүн бир туугандарынын эки жүз миң кишисин, аялдары менен уул-кыздарын, туткундап, көп мал-мүлкүн Самарияга+ олжолоп алып кетишти.  Ал жерде Жахабанын Одет деген пайгамбары бар эле. Ал Самарияга кайтып бараткан аскерлердин алдынан чыгып, мындай деди: «Сөзүмө кулак салгыла! Ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба жүйүттөргө каардангандыктан+ аларды колуңарга салып берген болчу. Силер болсо каарыңарды төгүп, аларды ырайымсыздык менен өлтүрдүңөр. Силердин ырайымсыздыгыңар+ асманга чейин жетти+. 10  Эми болсо Жүйүт менен Иерусалимдин элин өзүңөргө кул+, күң кылганы жатасыңар. Өзүңөр, эмне, Жахаба Кудайыңардын алдында эч качан күнөө кылган эмес белеңер? 11  Сөзүмө кулак салгыла! Туткундап алган бир туугандарыңарды коё бергиле+, анткени Жахаба силерге каарданып жатат»+. 12  Муну укканда Эпрайым+ уулдарынын башчыларынын айрымдары+, атап айтканда, Жахонандын уулу Азария, Мешилемоттун уулу Берекия, Шалумдун уулу Жехиския жана Хадлайдын уулу Амаса согуштан кайтып келаткан жоокерлерге каршы чыгып: 13  «Туткундарды бул жакка алып келбегиле, болбосо Жахабанын алдында айыптуу болуп калабыз. Эмне, бизди ого бетер айыптуу кылып, күнөөлөрүбүздү көбөйткөнү жатасыңарбы?+ Ансыз деле айыбыбыз көп болуп, Кудай Ысрайылга каарданып жатат»,— дешти+. 14  Ошондо жоокерлер+ туткундар+ менен олжону төрөлөр+ менен элге тапшырышты. 15  Атынан аталып дайындалган кишилер+ кийими жок туткундардын баарына олжолоп алган кийимдерден берип+, буттарына сандал кийгизип, курсагын тойгузуп+, суусунун кандырып+, май менен майлашты. Анан баса албай калгандарын эшекке мингизип+, Жерихого+, курма дарактары өскөн шаарга+, бир туугандарына алып барышты да, өздөрү кайра Самарияга+ кайтышты. 16  Ошол убакта Ахаз+ падыша жардам сурап Ашур падышаларына+ киши жиберди. 17  Эдомдуктар+ дагы келип, Жүйүттү талкалап, тургундарын туткундап кетишти. 18  Пелиштиликтер+ болсо Жүйүт жериндеги Шепеладагы+ жана Негептеги+ шаарларга кол салып, Бет-Шемешти+, Айлонду+, Гедеротту+, Сокону+ жана ага караштуу шаарларды, Тимна+ менен Гимзону жана аларга караштуу шаарларды басып алып, ошол жерлерге отурукташышты. 19  Ошентип, Ысрайыл падышасы Ахаз Жахабага чоң ишенимсиздик көрсөткөндүктөн жана анын айынан Жүйүт жериндегилер абдан бузулгандыктан+, Жахаба Жүйүттү басынтты+. 20  Кийинчерээк Ахазга Ашур падышасы Тиглатпилнесер*+ келди. Бирок ал ага жардам бербей эле, кайра кысым көрсөтө баштады+. 21  Ошондо Ахаз Жахабанын үйүндөгү+ жана падыша+ менен төрөлөрдүн+ үйүндөгү буюмдардын баарын алып, Ашур падышасына белекке берди+, бирок андан да эч майнап чыккан жок. 22  Ашур падышасы кысым көрсөткөндө, Ахаз падыша Жахабага мурдагыдан да көбүрөөк ишенимсиздик көрсөтө баштады+. 23  Дамасктын+ кудайларына сыйынгандар ага катуу сокку уруп жаткандыктан, ал: «Сирия падышаларынын кудайлары аларга жардам берип жатышат+. Эгер ал кудайларга курмандык чалсам, мага да жардам беришет» — деп ойлоп+, аларга курмандык чала баштады+. Бирок алар анын жана бүт Ысрайылдын ого бетер күнөөгө батышына себеп болду+. 24  Ахаз чыныгы Кудайдын үйүндөгү буюмдардын+ баарын чогултуп, аларды талкалады+. Ал Жахабанын үйүнүн эшиктерин бекитип+, Иерусалимдин ар кайсы бурчуна курмандык жайларын курду+. 25  Башка кудайларга курмандык түтүнүн түтөтүш үчүн+ бардык шаарларга, атүгүл Жүйүттөгү шаарларга да бийик жерлерди жасап+, ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны капалантты+. 26  Ахаздын калган иштери+, анын эмнелерди кылганы, алгачкы жана акыркы иштери, Жүйүт падышалары менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган+. 27  Акыр-аягы, ал ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн Иерусалим шаарына коюшту, бирок Ысрайыл падышалары коюлган жерге эмес, башка жерге коюшту+. Анын ордуна уулу Хиския падыша болду.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «оттон өткөрдү».
Же: «Тиглатпаласар».