2 Жылнаама 29:1—36
29 Хиския+ жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Абия эле, ал Закарыянын кызы болчу+.
2 Хиския, чоң аталарынан болгон Дөөтүгө окшоп+, Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+.
3 Ал өзүнүн башкаруусунун биринчи жылынын биринчи айында Жахабанын үйүнүн эшиктерин ачып, аларды оңдоду+.
4 Анан дин кызматчылар менен лебилерди күн чыгыш тараптагы аянтка чогултуп+,
5 аларга мындай деди: «Лебилер, сөзүмө кулак салгыла. Өзүңөрдү жана ата-бабаларыңардын Кудайы Жахабанын үйүн ыйыктагыла+, ыйык жерден жийиркеничтүү нерсенин баарын алып чыккыла+.
6 Аталарыбыз ишенимсиздик көрсөтүп+, Жахаба Кудайыбыздын көз алдында жаман иштерди кылышты+. Алар аны таштап+, Жахабанын ыйык чатырынан жүзүн буруп+, тескери бурулуп кетишти.
7 Мунаранын эшиктерин+ жаап салышты, чырактарды күйгүзүшкөн жок+, жыпарзат түтөтүшкөн жок+, ыйык жерде Ысрайылдын Кудайына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышкан жок+.
8 Ошон үчүн Жахаба Жүйүт менен Иерусалимге каарын төктү+. Ал аларды, өзүңөр көрүп тургандай, көргөн кишинин үрөйү уча турган абалга калтырды+. Аларды көргөн адам таң калганынан+ ышкырат+.
9 Ата-бабаларыбыз кылычтан өлдү+, уул-кыздарыбыз менен аялдарыбыз болсо туткунга кетти+.
10 Мен эми Ысрайылдын Кудайы Жахабанын каарын басыш үчүн аны менен келишим түзөйүн деп жатам+.
11 Андыктан, балдарым, азыр кол куушуруп отура турган убак эмес+. Анткени Жахаба силерди, анын алдында туруп дайыма кызмат кылышыңар үчүн+, курмандык түтүнүн түтөтүп+ кызмат кылышыңар үчүн тандап алган»+.
12 Ошондо лебилер+ ишке киришти. Алар: Кааттын уулдарынан+ Амасайдын уулу Махат менен Азариянын уулу Жоел, Мераринин уулдарынан+ Абдынын уулу Киш менен Жехелелелдин уулу Азария, Гершондун уулдарынан+ Зиманын уулу Жоах менен Жоахтын уулу Эйден,
13 Элисапандын уулдарынан+ Шимри менен Жеуел, Асаптын уулдарынан+ Закарыя менен Матания,
14 Хемандын уулдарынан+ Жехиел менен Шимей, Жедутундун+ уулдарынан Шемая менен Узиел.
15 Алар бир туугандарын чогултуп, Жахабанын сөзү боюнча падыша буйрук кылгандай+, өздөрүн ыйыкташып+, Жахабанын үйүн тазалаганы барышты+.
16 Дин кызматчылар Жахабанын үйүн тазалаш үчүн ичине кирип, Жахабанын ибадатканасындагы таза эмес нерсенин баарын Жахабанын үйүнүн короосуна+ алып чыгышты. Лебилер болсо анын баарын Кидрон өзөнүнө+ алып барып ташташты.
17 Алар биринчи айдын биринчи күнү ыйыктоо ишин башташты. Ошол эле айдын сегизинчи күнү Жахабанын ибадатканасынын мунарасына+ барып, Жахабанын үйүн сегиз күн ыйыкташты. Ошентип, биринчи айдын+ он алтынчы күнү ыйыктоо ишин бүтүрүштү.
18 Анан Хиския падышага келип: «Биз Жахабанын үйүн, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар өрттөлчү курмандык жайын+ жана ага тиешелүү нерселердин баарын+, нан коюлчу үстөлдү+ жана ага тиешелүү нерселердин баарын+ тазаладык.
19 Ишенимсиздик көрсөткөн+ Ахаз+ падышанын башкаруусунун учурунда колдонулбаган буюмдардын+ баарын даярдап, ыйыктап+, Жахабанын курмандык жайынын алдына коюп койдук»,— дешти.
20 Хиския+ падыша эртең менен эрте туруп+, шаардын төрөлөрүн чогултту да+, Жахабанын үйүнө барды.
21 Алар падышалык үчүн, ыйык жай менен жүйүт эли үчүн күнөө курмандыгына+ жети бука+, жети кочкор, жети эркек козу, жети теке алып келишти. Падыша Арундун уулдарына, дин кызматчыларга+, аларды Жахабанын курмандык жайынын үстүндө курмандыкка чалууну буйруду.
22 Букаларды сойгондон кийин+ дин кызматчылар алардын канынан алып+, курмандык жайына чачыратышты+. Андан кийин кочкорлор+ менен козуларды союп, алардын канын да курмандык жайына чачыратышты+.
23 Анан күнөө курмандыгына чалынчу текелерди+ падыша менен жамааттын алдына алып келип, алардын үстүнө колдорун коюшту+.
24 Андан соң аларды союп, бүт Ысрайылды күнөөдөн арылтыш үчүн+, алардын канын курмандык жайына күнөө курмандыгы катары алып келишти. Анткени падыша бүт Ысрайыл үчүн+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен күнөө курмандыгын+ чалууну буйрук кылган эле.
25 Ошол учурда лебилер+, падыша буйрук кылгандай, мурун Дөөтү+ падыша менен анын көрөгөчү Гат+ жана Натан пайгамбар+ бекиткен тартип боюнча, жез табактары+, кыл аспаптары+ жана арфалары+ менен Жахабанын үйүнүн жанында турушту. Ал тартипти Жахаба өзүнүн пайгамбарлары аркылуу бекиткен болчу+.
26 Лебилер колдоруна Дөөтүнүн күү аспаптарын+, дин кызматчылар болсо сурнайларын+ кармап турушту.
27 Ошондо Хиския курмандык жайында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалууну буйрук кылды. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чала башташканда, Жахабага арналган ырлар ырдалып+, Ысрайыл падышасы Дөөтүнүн күү аспаптарынын коштоосунда сурнайлар тартылды.
28 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынып бүткүчө, ыр ырдалып+, сурнайлар тартылып жатты, эл болсо таазим кылып жатты+.
29 Курмандык чалынып бүткөндөн кийин, падыша менен анын жанында тургандардын баары тизелеп, таазим кылышты+.
30 Хиския падыша менен төрөлөр+ лебилерге Дөөтү+ менен Асап+ көрөгөч чыгарган ырлар менен Жахабаны даңктап ырдоону буйрук кылышты. Ошондо алар тизелеп, таазим кылып+, Кудайды кубанычтуу даңктай башташты+.
31 Акырында Хиския: «Эми силер Жахабага кызмат кылыш үчүн бийликке ээ болдуңар*+. Жакын келип, Жахабанын үйүндө ыраазычылык курмандыктары+ менен башка курмандыктарды чалгыла»,— деди+. Ошондо бүт жамаат ыраазычылык курмандыктары менен башка курмандыктарын жана жүрөгү түрткү бергендердин баары бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарын алып келе баштады+.
32 Эл Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка 70 бука, 100 кочкор, 200 эркек козу+,
33 ал эми башка ыйык тартууларга 600 бука жана 3 000 кой алып келди.
34 Дин кызматчылар+ аз болуп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынган малдын терисин сыйрыганга жетишпей жатышты+. Ошондуктан ал иш бүткөнгө чейин жана калган дин кызматчылар өздөрүн ыйыктаганга чейин+, аларга бир туугандары+, лебилер, жардам беришти+. Анткени алар өздөрүн ыйыктоого дин кызматчыларга караганда көбүрөөк дилгир болушту+.
35 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+, тынчтык курмандыктарынын+ майы+ жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен кошо алынып келген суюк тартуулар+ абдан көп болду. Ошентип, Жахабанын үйүндөгү кызмат кайра калыбына келтирилди+.
36 Хиския менен бүт эл чыныгы Кудайдын өз эли үчүн жасаган иштерине кубанышты+, анткени мунун баары бат эле болду+.