2 Жылнаама 31:1—21

31  Майрам бүткөндөн кийин, ал жерге чогулган ысрайылдыктардын баары+ Жүйүт жериндеги шаарларга+ жөнөштү. Алар Жүйүт жериндеги+, ошондой эле Бенжемин, Эпрайым+ жана Менаше+ урууларына таандык жерлердеги ыйык мамыларды кыйратып+, ыйык устундарды кыйып+, бийик жерлер+ менен курмандык жайларын талкалашты+, бирин да калтырышкан жок. Андан кийин Ысрайыл уулдарынын ар бири өз шаарына, өз жерине кайтты.  Дин кызматчылар+ менен лебилер+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ менен тынчтык курмандыктарын чалышы үчүн+, Жахабанын үйүнүн дарбазаларынын жанында Кудайга ыраазычылык билдирип+, аны даңкташы үчүн+ жана ага кызмат кылышы үчүн+, Хиския падыша аларды+ топтору боюнча, ар бир топтун аткарган кызматы боюнча бөлүштүрдү+.  Ошондой эле ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар үчүн+: Жахабанын мыйзамында жазылгандарга ылайык+, эртең менен+ жана кечинде чалына турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар үчүн, ишембиде+, ай жаңырганда+ жана майрамдарда+ чалына турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар үчүн өзүнүн мүлкүнөн бөлүп берди+.  Андан сырткары, падыша Иерусалимдин тургундарына, дин кызматчылар+ менен лебилер+ Жахабанын мыйзамын+ эч нерсеге алаксыбай аткарышы үчүн+, аларга тиешелүү үлүшүн берип турууну буйрук кылды.  Ал буйрук чыккандан тартып, Ысрайыл уулдары+ эгиндин, жаңы шараптын+, майдын+, балдын+ жана талаасында өскөн башка өсүмдүктөрүнүн+ биринчи түшүмүн+, алардын ондон бир бөлүгүн мурдагыдан да көп алып келе башташты+.  Жүйүт жериндеги шаарларда жашаган Ысрайыл уулдары+ менен Жүйүт уулдары бодо малы менен майда малынын жана Жахаба Кудайы үчүн ыйыкталган нерселеринин ондон бир бөлүгүн алып келип+, алып келген нерселерин дөбө-дөбө кылып үйүштү.  Алар тартууларды үчүнчү айда+ жыя башташты, жетинчи айда+ бүтүштү.  Хиския менен төрөлөр+ келип, дөбө-дөбө болгон тартууларды көрүшкөндө Жахабаны даңктап+, анын ысрайыл элине батасын беришти+.  Анан Хиския дин кызматчылар менен лебилерден ал тартуулар тууралуу сурады+. 10  Садоктун+ тукумдарынан болгон жогорку дин кызматчы Азария+ ага: «Жахаба элине батасын бергендиктен+, Жахабанын үйүнө тартуу алынып келе баштагандан тартып+, эл тойгончо жеп+, дагы көп артып калып жатат+. Алар жегенден кийин дагы ушунча көп артып калды»,— деди. 11  Ошондо Хиския Жахабанын үйүндөгү ашканаларды+ даярдоону буйрук кылды. Ашканалар даяр болгондон кийин, 12  ал жакка тартууларды+, ондуктарды+, ыйык нерселерди алып кире башташты. Алар ал ишти чынчылдык менен аткарышты+. Ал нерселердин баарына Канания деген леби жооптуу болду, ал эми анын бир тууганы Шимей анын орун басары болду. 13  Хиския падышанын буйругу менен Жехиел, Азазия, Нахат, Асаел, Жеримот, Жозабат, Элиел, Исмахия, Махат жана Бенаялар Канания менен анын бир тууганы Шимейге жардам берүүгө дайындалды. Ал эми Азария+ чыныгы Кудайдын үйүнө башчы болуп дайындалды. 14  Имнактын уулу, чыгыш тараптагы+ дарбазаны кайтарган+ леби Коре, чыныгы Кудайга алынып келген ыктыярдуу тартууларга+, тактап айтканда, Жахабага алынып келген тартууларды+ жана абдан ыйык нерселерди+ бөлүштүрүүгө жооптуу болду. 15  Дин кызматчылардын+ шаарындагы Эйден, Миниамин, Жешуя, Шемая, Амария жана Шеханиялар анын көзөмөлү астында болушту. Аларга топтордо+ кызмат кылган бир туугандарына, улуу-кичүү дебей+, тиешелүү үлүшүн бөлүштүрүү тапшырылды+. 16  Ошондой эле аларга өздөрүнүн милдеттерин аткарыш үчүн Жахабанын үйүнө күн сайын өз-өз тобу менен келген эркектерге, санжырада+ айтылып өткөн үч жаштан өйдөкү эркек аттуулардын баарына+, тиешелүү үлүшүн бөлүштүрүү да тапшырылды. 17  Дин кызматчылардын тукуму боюнча+ түзүлгөн санжырасынан сырткары, жыйырма жаштан өйдөкү+ лебилердин+ да өздөрүнүн тобунда+ аткарган кызматы боюнча санжырасы түзүлдү. 18  Санжырага алардын бүт жамааты: кичинекей балдарынын, аялдары менен уул-кыздарынын баары кирди, анткени алар өздөрүнө тапшырылган+ ыйык кызматты аткаруу үчүн ыйыкталышкан болчу+. 19  Ал санжырага Арундун уулдары+, башкача айтканда, өздөрүнө таандык шаарлардын тегерегинде+ жашаган дин кызматчылар кирди. Дин кызматчылар менен санжырага кирген лебилердин эркек аттууларынын баарына тиешелүү үлүшүн берип турушу үчүн, ар бир шаарга атынан аталып тандалган эркектер дайындалды. 20  Хиския бүт Жүйүт жери боюнча ушундай кылды. Ал Жахаба Кудайынын алдында ишенимдүүлүгүн сактап+, жакшы+, туура иштерди кылды+. 21  Ал Кудайын издеш үчүн+ мыйзамга+, осуятка жана чыныгы Кудайдын үйүндөгү кызматка+ байланыштуу кандай иш аткарбасын, аны бүт жүрөгү менен+ аткаргандыктан, аны дайыма ийгилик коштоп жүрдү+.

Шилтемелер