2 Жылнаама 35:1—27

35  Жошия+ Иерусалимде Жахабага арнап пасах майрамын өткөрдү+. Биринчи айдын+ он төртүнчү күнү+ алар пасах курмандыгын союшту+.  Ал дин кызматчыларды өздөрүнүн милдеттерин аткарууга кайра дайындап+, аларды Жахабанын үйүндө кызмат кылууга+ үндөдү+.  Анан Жахабанын алдында ыйык деп эсептелген лебилерге, бүт Ысрайылдын устаттарына+, мындай деди: «Ыйык сандыкты Ысрайыл падышасы Дөөтүнүн уулу Сулайман курган үйгө+ койгула+. Мындан ары аны ийниңерге көтөрүп жүрүүнүн+ зарылдыгы жок. Эми Жахаба Кудайыңарга жана анын ысрайыл элине кызмат кылууга киришкиле+.  Ысрайыл падышасы Дөөтү жана анын уулу Сулайман жазган көрсөтмөгө ылайык+, тукумуңар+ боюнча бөлүнгөн тобуңар+ менен кызмат кылганга даярдангыла.  Бир туугандарыңарга, тукуму боюнча бөлүнгөн элге, кызмат кылыш үчүн ыйык жерге барып, тукумуңар боюнча+, лебилердин+ тукуму боюнча, бөлүнгөн тобуңар менен тургула+.  Анан пасах курмандыгын союп+, өзүңөрдү ыйыктагыла да+, Жахабанын Муса аркылуу айткан сөзүнө ылайык+, бир туугандарыңар үчүн даярдык көргүлө».  Жошия элге, ал жердегилердин баарына, пасах курмандыгы үчүн эркек козу менен эркек улактан 30 000ди, бодо малдан 3 000ди берди+. Мунун баарын падыша өзүнүн малынан бөлүп берди+.  Анын төрөлөрү+ да элге, дин кызматчылар менен лебилерге өз ыктыяры менен тартуу беришти+. Чыныгы Кудайдын үйүндөгү башчылар Хилкия+, Закарыя жана Жехиел пасах курмандыгына деп дин кызматчыларга 2 600 майда мал, 300 бодо мал беришти.  Лебилердин башчылары Канания жана анын бир туугандары Шемая менен Нетанел, ошондой эле Хашабия, Жиел жана Жозабат пасах курмандыгына деп лебилерге 5 000 майда мал, 500 бодо мал беришти. 10  Кызматты башташ үчүн бардыгын даярдап бүтүштү+. Падышанын буйругу боюнча+, дин кызматчылар ордуларына+ турушту+, лебилер да өз тобу менен+ ордуларына турушту. 11  Алар пасах курмандыктарын соё башташты+. Лебилер союлган малдын терисин сыйрып жатышты+. Дин кызматчылар+ болсо алар берген канды курмандык жайына чачыратып жатышты+. 12  Алар ошондой эле тукуму боюнча+ бөлүнгөн эл+, Мусанын китебинде жазылгандарга ылайык+, Жахабага тартуу катары алып келиши үчүн+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды даярдашты. Бодо малды да ошентишти. 13  Пасах курмандыгын+ адаттагыдай эле отко бышырышты+. Ыйыкталган эттин баарын мискейге, ар кандай казандарга салып бышырып+, дароо элге таратышты+. 14  Андан кийин лебилер өздөрү үчүн жана дин кызматчылар+ үчүн пасах курмандыгын даярдашты. Анткени дин кызматчылар, Арундун уулдары, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар+ менен майларды+ өрттөп, түн киргенге чейин бошогон жок. Ошондуктан лебилер пасах тамагын өздөрү үчүн да, дин кызматчылар — Арундун уулдары — үчүн да даярдашты+. 15  Асаптын+ уулдары, ырчылар+, мурун Дөөтү+, Асап+, Хеман+ жана падышанын көрөгөчү+ Жедутун+ бекиткен тартип боюнча, өздөрүнүн милдеттерин аткарып жатышты. Дарбазачылар+ болсо дарбазалардын+ жанында турушту. Алар өздөрүнүн кызматынан алаксыган жок, анткени алардын бир туугандары лебилер алар үчүн да пасах тамагын даярдашты+. 16  Ошол күнү, Жошия падышанын буйругуна ылайык+, пасах майрамын белгилөөгө+ байланыштуу Жахабанын алдында аткарылчу кызмат үчүн жана Жахабанын курмандык жайында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалуу үчүн талап кылынган нерселердин баары даярдалды. 17  Ошентип, ал жерге чогулган Ысрайыл уулдары ошол күнү пасахты белгилешти+. Андан соң жети күн калама майрамын өткөрүштү+. 18  Ысрайылда андай пасах майрамы Шемуел пайгамбардын күндөрүнөн бери өткөрүлө элек болчу+. Жошия, дин кызматчылар, лебилер, Жүйүт менен Ысрайыл жеринен келгендер жана Иерусалимдин тургундары өткөргөн андай пасах майрамын Ысрайыл падышаларынын бири да өткөргөн эмес эле+. 19  Ал пасах майрамы Жошиянын башкаруусунун он сегизинчи жылында белгиленди+. 20  Ушул окуялардан кийин жана Жошия үйдү калыбына келтиргенден кийин, Мисир падышасы+ Нехо+ согушуу үчүн Эфраттын жанындагы Каркемишке+ жөнөдү. Жошия+ аны менен беттешкени чыкты+. 21  Нехо кишилерин жөнөтүп, ага: «Жүйүт падышасы, эмнеге мага каршы чыгып жатасың? Мен бүгүн сени менен эмес, башка эл менен согушканы баратам. Аларды дүрбөлөңгө түшүрүүнү мага Кудай өзү буйруду. Өзүңө жакшы болсун десең, мага тоскоолдук кылба, болбосо мени менен бараткан Кудай сени кыйроого учуратат»,— деп айттырды+. 22  Бирок Жошия артка кайткан жок+. Ал Нехо+ аркылуу сүйлөгөн Кудайдын сөзүн укпай, башка кийимин кийип+, аны менен согушканы жөнөдү. Ошентип, ал Мегидо+ өрөөнүнө барды. 23  Ошондо жаа аткычтар+ Жошия падышаны атышты. Ал кызматчыларына: «Мени түшүргүлө, мен катуу жарадар болдум»,— деди+. 24  Кызматчылары аны арабадан түшүрүп, экинчи майдан арабасына салып, Иерусалимге алып барышты+. Ал көз жуумп+, сөөгү ата-бабалары коюлган көрүстөнгө коюлду+. Бүт Жүйүт менен Иерусалим Жошияны жоктоп ыйлады+. 25  Жеремия+ Жошияны жоктоп кошок кошту+, ырчы эркек-аялдар+ да ушу күнгө чейин аны жоктоп кошок кошушат. Ал кошок ырларын ырдоо Ысрайылда салтка айланды. Алар кошоктор жазылган китепте жазылган+. 26  Жошиянын калган иштери+, Жахабанын мыйзамында жазылганды+ аткарып, мээримдүүлүк көрсөткөнү+, 27  анын алгачкы жана акыркы иштери+, Ысрайыл падышалары менен Жүйүт падышаларынын китебинде жазылган+.

Шилтемелер