2 Жылнаама 36:1—23
36 Андан соң эл Иерусалимде Жошиянын уулу Жахазды+ атасынын ордуна падыша кылды+.
2 Жахаз жыйырма үч жашында такка отуруп, Иерусалимде үч ай падышалык кылды+.
3 Мисир падышасы аны Иерусалимдеги бийлигинен ажыратып+, анын жерине жүз талант күмүш, бир талант алтын салык салды+.
4 Андан сырткары, Мисир падышасы+ Нехо+ Жахаздын бир тууганы Элиакимди+ Жүйүт менен Иерусалимге падыша кылып, атын Жаяким деп өзгөрттү. Жахазды болсо Мисирге алып кетти+.
5 Жаяким+ жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде он бир жыл падышалык кылды+. Ал Жахаба Кудайынын көз алдында жаман иштерди кылды+.
6 Бабыл падышасы Небухаданасар+ аны менен согушуп+, аны эки жез кишен менен кишендеп, Бабылга алып кетти+.
7 Ошондой эле Небухаданасар+ Жахабанын үйүндөгү буюмдардын+ айрымдарын Бабылга алып барып, өзүнүн ак сарайына коюп койду+.
8 Жаякимдин калган иштери+, анын кандай жийиркеничтүү иштерди+ кылганы жана ага байланышкан жаман нерселердин баары Ысрайыл падышалары менен Жүйүт падышаларынын китебинде жазылган+. Анын ордуна уулу Жаякин падыша болду+.
9 Жаякин+ он сегиз жашында такка отуруп, Иерусалимде үч ай+ он күн падышалык кылды. Ал Жахабанын алдында жаман иштерди кылды+.
10 Жылдын башында+ Небухаданасар падыша ага кишилерин жиберди+. Алар аны жана Жахабанын үйүндөгү баалуу буюмдарды+ Бабылга алып кетишти+. Ал Жаякиндин ордуна анын атасынын иниси Ситкияны+ Жүйүт менен Иерусалимге падыша кылды+.
11 Ситкия+ жыйырма бир жашында такка отуруп, Иерусалимде он бир жыл падышалык кылды+.
12 Ал Жахаба Кудайынын көз алдында жаман иштерди кылды+, Жахабанын буйругу боюнча келген Жеремия+ пайгамбардын+ алдында моюн сунган жок+.
13 Андан сырткары, Ситкия Небухаданасарга, ага Кудайдын алдында ант бердирткен+ падышага, каршы чыкты+. Ал тоң моюндук кылып+, жүрөгүн катууланткандыктан+ Ысрайылдын Кудайы Жахабага кайрылган жок.
14 Дин кызматчылардын башчылары+ менен эл да башка элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылып+, чоң ишенимсиздик көрсөтүп, Жахабанын Иерусалимдеги өзү ыйыктаган үйүн арамдашты+.
15 Алардын ата-бабаларынын Кудайы Жахаба өзүнүн элин, өзүнүн турагын+ аягандыктан+ аларга эскертиш үчүн кайра-кайра кабарчыларын жөнөттү+.
16 Бирок алар чыныгы Кудайдын кабарчыларын мазактап+, анын сөзүн баркка албай+, пайгамбарларын шылдыңдашты+. Ошондо Жахаба элине каарданды+, алар айыккыс болуп калышты+.
17 Кудай аларга каздимдиктердин+ падышасын жиберди. Ал алардын ыйык жайында+ уландарын кылычтап өлтүрдү+, алардын уландарын да, кыздарын да, карыларын да, алдан-күчтөн тайгандарын да аяган жок+. Кудай бардыгын анын колуна салып берди.
18 Ал чыныгы Кудайдын үйүндөгү буюмдардын+ чоң-кичинесинин баарын+, Жахабанын үйүндөгү казынанын+, падыша менен анын төрөлөрүнүн казынасынын+ бүт баарын Бабылга алып кетти.
19 Ошондой эле чыныгы Кудайдын үйүн өрттөп+, Иерусалимдин дубалын талкалады+. Ал жердеги мунаралуу чептер менен баалуу нерселердин+ баары өрттөлдү, бардыгы талкаланды+.
20 Кылычтан аман калгандарын болсо Бабылга туткундап кетти+. Алар ага жана анын уулдарына Персия+ бийлик кыла баштаганга чейин кул болушту+.
21 Ошентип, Жахабанын Жеремия аркылуу айткан сөзү аткарылып+, жер эс албай калган ишембилери үчүн эс алды+. Жетимиш жыл өткүчө+, жер ээн калган бардык күндөрүндө ишембини сактап, эс алды.
22 Персия падышасы+ Корештин*+ башкаруусунун биринчи жылында, Жахабанын Жеремия аркылуу айткан+ сөздөрү+ аткарылышы үчүн, Жахаба Персия падышасы Корешке түрткү бергендиктен+, ал бүт падышалыгы боюнча оозеки жана кат жүзүндө мындай деп жарыялоону буйрук кылды+:
23 «Персия падышасы Кореш мындай дейт+: „Асман Кудайы Жахаба мага жер жүзүндөгү бүт падышалыктарды берип+, Жүйүт жериндеги Иерусалимде ага арнап үй курууну буйрук кылды+. Араңардан ким ага кызмат кылган элден болсо+, Жахаба Кудайы аны менен болсун+. Ал киши Иерусалимге барсын“»+.
Шилтемелер
^ Кир II (Улуу Кир).