2 Жылнаама 5:1—14

5  Ошентип, Сулайман Жахабанын үйүнө байланышкан иштердин баарын бүтүрдү+. Ал атасы Дөөтү ыйыктаган+ алтын-күмүштүн жана башка буюмдардын баарын алып келип, чыныгы Кудайдын үйүнүн казынасына өткөрдү+.  Андан соң Жахабанын келишиминин сандыгын+ Дөөтүнүн шаарынан+, башкача айтканда, Сиондон+ алып чыгыш үчүн+ ал Ысрайылдын аксакалдарын+, Ысрайыл уулдарынын уруу башчылары+ менен тукум башчыларынын+ баарын Иерусалимге чогултту.  Ошентип, жетинчи айда бүт ысрайылдыктар майрамды белгилеш үчүн падышанын алдына чогулушту+.  Ысрайыл аксакалдарынын баары келгенде+, лебилер келишим сандыгын алып жөнөштү+.  Алар келишим сандыгын+, жыйын чатырын+ жана анын ичиндеги ыйык нерселердин+ баарын көтөрүп жөнөштү. Аларды дин кызматчы-лебилер* көтөрүп баратышты+.  Сулайман падыша менен бирге келишим сандыгынын алдына чогулган бүт Ысрайыл жамааты болсо сан жеткис, көптүгүнөн санап бүткүс койлор менен букаларды курмандыкка чалып жатышты+.  Андан соң дин кызматчылар Жахабанын келишиминин сандыгын үйдүн ички бөлмөсүнө+, башкача айтканда, Ыйыктын ыйыгына+ алып кирип, ал үчүн даярдалган орунга, керуптардын канаттарынын астына коюшту+.  Келишим сандыгы коюлган жерде турган керуптардын канаттары жайылып тургандыктан, алар келишим сандыгын да, анын шыргыйларын+ да жаап турду+.  Бирок шыргыйлар узун болгондуктан, алардын учтары ички бөлмөнүн алдындагы Ыйык жайдан көрүнүп турчу, бирок сырттан көрүнчү эмес. Алар бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде турат+. 10  Келишим сандыгынын ичинде Муса Хореп+ тоосунда салган эки таш лооктон+ башка эч нерсе жок болчу. Ал аларды Жахаба Мисирден чыккан Ысрайыл уулдары+ менен келишим түзгөндө+ салган болчу. 11  Дин кызматчылар ыйык жерден чыгышты (ал жердеги дин кызматчылардын баары, кайсы топко киргенине+ карабай, ыйыкталган болчу)+. 12  Асап+, Хеман+, Жедутун+ жана алардын уулдары менен туугандары, ырчы лебилер+ тобундагылардын баары, өзгөчө чебердик менен токулган кездемеден кийим кийип, колдоруна жез табак+, арфа+ менен башка кыл аспаптарды кармап+, курмандык жайынын чыгыш тарабында турушту. Алар менен бирге сурнай тарткан жүз жыйырма дин кызматчы+ да турду. 13  Сурнайчылар менен ырчылардын баары бир кишидей болуп+ Жахабага ыраазычылык билдирип+, аны даңктай башташканда+, ырчылар сурнайдын, жез табактын жана башка күү аспаптардын коштоосунда+: «...анткени ал жакшы, анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»+,— деп Жахабаны даңктап ырдай баштаганда, Жахабанын үйүнүн+ ичин булут каптады+. 14  Булут каптап, чыныгы Кудайдын үйү Жахабанын даңкына толгондуктан+, дин кызматчылар ал жерде туруп кызмат кыла албай калышты+.

Шилтемелер

Же: «дин кызматчылар менен лебилер».