2 Жылнаама 8:1—18
8 Сулайман Жахабанын үйү+ менен өзүнүн үйүн+ жыйырма жылда куруп бүттү+.
2 Андан кийин ал Хирам+ берген шаарларды кайрадан куруп, аларды Ысрайыл уулдарына жашаганга берди.
3 Анан Сулайман Хамат-Собага барып, аны каратып алды.
4 Андан сырткары, ал чөлдөгү Тадморду жана Хаматтагы+ кампалары бар шаарлардын баарын кайра курду+.
5 Ал Жогорку Бет-Орон+ менен Төмөнкү Бет-Оронду+, дубал менен тосулган+, дарбазалары менен бекиткичтери бар шаарларды+,
6 Баалатты+, кийин өзүнө таандык болуп калган кампалары бар шаарларды, арабалары үчүн+ жана атчан аскерлери үчүн шаарларды курду+. Ошондой эле ал Иерусалимде, Лебанондо+, өзү башкарган жердин баарында эмнелерди курууну кааласа+, ошолордун баарын курду.
7 Сулайман ысрайыл элинен башкасын+: Хеттин тукумдарынын+, аморлуктардын+, периздердин+, хибиликтердин+, жебустуктардын+ аман калгандарынын баарын,
8 алардын ысрайылдыктар тирүү калтырган уулдарынын+ баарын кул кылып, жумушка салды+. Алар ушу күнгө чейин кул болуп келатышат+.
9 Бирок Сулайман Ысрайыл уулдарынын эч кимисин кул кылган жок+, аларга өзүнүн жумушун кылдырган жок. Ал аларды өзүнө жоокер+, жардамчыларынын башчысы, арабачылары+ менен атчандарынын башчысы кылды+.
10 Сулайман падышанын башчылардын үстүнөн коюлган 250 башкаруучусу бар эле+. Алар элди көзөмөлдөп турушчу+.
11 Сулайман фараондун кызын+: «Ал аялым болсо да, ага Ысрайылдын падышасы Дөөтүнүн үйүндө жашаганга болбойт, анткени Жахабанын келишим сандыгы турган жердин баары ыйык» — деп+, Дөөтүнүн шаарынан ал үчүн курган үйгө+ көчүрүп келди+.
12 Сулайман мунаранын+ алдындагы өзү курган Жахабанын курмандык жайынын+ үстүндө Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалды+.
13 Ал, Муса буйрук кылгандай, ишембиде+, ай жаңырганда+, жыл сайын белгиленчү+ үч майрамда+: калама майрамында+, жумалар майрамында+ жана алачык майрамында+, алардын ар биринде эмне талап кылынса, ошолорду чалды.
14 Андан сырткары, ал, атасы Дөөтү бекиткен тартип боюнча+, дин кызматчылардын топторун+ кызматка дайындады. Ошондой эле, күн сайын белгиленген тартип боюнча+ Кудайды даңктап+, дин кызматчылардын алдында кызмат кылышы үчүн+, лебилерди+ өздөрүнүн милдетин аткарууга дайындады, дарбазачыларды да топ-тобу менен ар кайсы дарбазаларга койду+, анткени чыныгы Кудайдын кишиси Дөөтү ушундай буйрук берген болчу.
15 Алар падышанын дин кызматчылар менен лебилерге ар кандай иштер менен мүлккө байланыштуу берген буйруктарынын баарын аткарышты+.
16 Сулаймандын бардык иштери, Жахабанын үйүнүн пайдубалы салынгандан баштап толук бүткөнгө чейинки иштеринин баары ийгиликтүү аяктады+. Ошентип, Жахабанын үйү курулуп бүттү+.
17 Сулайман Эсион-Геберге+ жана Эдомдогу+ деңиздин жээгиндеги Элатка+ барды.
18 Хирам+ өзүнүн кызматчылары менен кошо ага кемелерди жана тажрыйбалуу кемечилерин жөнөтүп турду+. Алар Сулаймандын кызматчылары менен бирге Опирге+ барган сайын, ал жактан Сулайман падышага 450 талант+ алтын+ алып келишчү+.