2 Жылнаама 9:1—31
9 Шебанын канышасы+ Сулайман жөнүндө угуп, ага кыйын суроолорду берип сынаганы+ Иерусалимге келди. Ал көп кишилердин коштоосунда бальзам майы+, абдан көп алтын+ жана кымбат баалуу таштар+ артылган төөлөрү менен келди+. Каныша Сулайманга кирип, аны менен, жүрөгүндө эмне болсо, ошонун баары тууралуу сүйлөштү+.
2 Сулайман ага сураган нерселеринин баарын түшүндүрүп берди+. Ал жооп бере албаган бир да суроо болгон жок+.
3 Шебанын канышасы Сулаймандын акылмандыгын+, курган үйүн+,
4 дасторконундагы тамак-ашын+, кызматчыларынын дасторкондо кандай отурганын, тамак ташыган кулдарынын тейлегенин, алардын кийимин+, суусундук ташыган кулдарынын тейлегенин+, алардын кийимин, Жахабанын үйүндө дайыма чалган+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарын+ көргөндө аябай таасирленип,
5 падышага мындай деди: «Сенин иштериң менен акылмандуулугуң жөнүндө өз жеримде жүргөндө уккандарым чын экен+.
6 Мен бул жерге келип, баарын өз көзүм менен көрмөйүнчө+ алардын сөздөрүнө ишенген эмес элем+. Көрсө, мага сенин ашып-ташкан акылмандыгыңдын жарымы да айтылбаптыр!+ Сен мен уккандан алда канча ашып түштүң+.
7 Сенин кишилериң, дайыма сенин алдыңда турган, акылдуу сөздөрүңдү уккан+ кызматчыларың кандай бактылуу!+
8 Жахаба Кудайың дайындаган падыша болушуң үчүн+, сени өзүнүн тактысына отургузган+ Жахаба Кудайыңа даңк!+ Сенин Кудайың Ысрайылды сүйгөндүктөн+ аны түбөлүккө бекемдеш үчүн, адилет+ сот жүргүзсүн деп+, сени аларга падыша кылып дайындаган»+.
9 Анан ал падышага 120 талант алтын+, абдан көп бальзам майын+, кымбат баалуу таштарды тартуу кылды+. Сулайман падышага Шебанын канышасы тартуу кылганчалык көп бальзам майын эч ким тартуу кылган эмес эле+.
10 Андан сырткары, Хирамдын+ жана Сулаймандын Опирден алтын ташыган+ кулдары ал жактан кызыл дарак+ жана кымбат баалуу таштарды алып келишти+.
11 Падыша ал кызыл дарактардан Жахабанын үйүнө жана падыша сарайына+ тепкичтерди+, ошондой эле ырчылар үчүн+ арфаларды+ жана башка кыл аспаптарды+ жасады. Буга чейин Жүйүт жериндегилер мындай кызыл даракты көрө элек болчу.
12 Сулайман падыша Шебанын канышасына+ ал каалаган, ал сураган нерселердин баарын берди, ал ага өзү алып келгенден да көп нерсе берди. Ошентип, каныша кызматчылары менен өз жерине кайтты+.
13 Сулайманга жыл сайын 666 талант алтын түшүп турчу+.
14 Андан сырткары, жер кезип жүргөн көпөстөр, соодагерлер+, Арабиянын бардык падышалары+ жана жергиликтүү башкаруучулар да Сулайманга алтын-күмүш алып келип турушчу.
15 Сулайман падыша алтындын эритиндисинен эки жүз чоң калкан+ (ар бирине 600 шекел алтын кетти)+,
16 үч жүз кичине калкан (ар бирине 3 мина* алтын кетти) жасады+. Ал аларды Лебанон токою деп аталган үйгө койду+.
17 Падыша пилдин сөөгүнөн чоң такты жасап, аны таза алтын менен каптады+.
18 Тактынын алды жагына алты тепкич жасады, ошондой эле тактыга бириктирип алтындан бут койгуч жасады. Тактынын эки жагына болсо чыканак койгучтарды+ жана эки арстан+ жасады.
19 Алты тепкичтин эки жагында он эки арстан турчу+. Мындай эч бир падышалыкта болгон эмес+.
20 Сулайман падышанын суусундук ичкен идиштеринин+ баары алтындан+, ошондой эле Лебанон токою деп аталган үйдөгү+ идиштердин баары таза алтындан жасалган эле. Күмүштөн жасалган бир да нерсе жок болчу, анткени Сулаймандын убагында күмүш бааланчу эмес+.
21 Падышанын Таршышка каттаган кемелери+ бар болчу. Аларды Хирамдын кызматчылары+ башкарчу. Таршыш кемелери үч жылда бир жолу алтын, күмүш+, пилдин сөөгүн+, ошондой эле маймылдар менен тоосторду ташып келчү+.
22 Сулайман падышага байлыгы+, акылмандыгы+ жагынан жер жүзүндөгү бир да падыша тең келчү эмес.
23 Жер бетиндеги падышалардын баары чыныгы Кудай берген акылмандыгын+ угуш үчүн+ Сулайманды көргүсү келчү+.
24 Келгендердин ар бири ага күмүштөн, алтындан жасалган буюмдарды+, кийимдерди+, курал-жарактарды, бальзам майын, жылкылар менен качырларды тартуу кылышчу+, жыл сайын ушундай болчу+.
25 Сулаймандын 4 000 атканасы+, майдан арабалары+, 12 000 аты бар болчу. Ал аларды арабалары үчүн курулган шаарларга+ жана өзүнө жакын жерге, Иерусалимге жайгаштырды.
26 Сулайман дарыядан* пелиштиликтердин жерине чейинки, ошондой эле Мисирдин чек арасына чейинки падышалардын баарын башкарды+.
27 Ал Иерусалимде күмүштү ташка теңеди, ал эми бал карагайды анын көптүгүнөн+ Шепелада+ өскөн анжир дарагына теңеди+.
28 Сулайманга жылкыларды+ Мисирден+ жана башка жерлерден алып келишчү.
29 Сулаймандын калган иштери+, анын алгачкы жана акыркы иштери, Натан+ пайгамбардын билдирүүлөрүндө, шилолук+ Ахиянын+ пайгамбарлыгында жана Идо көрөгөчтүн+ Набаттын уулу+ Жеробам+ жөнүндө көргөн аяндары жазылган билдирүүлөрдө баяндалган.
30 Сулайман Иерусалимде бүт Ысрайылга кырк жыл падышалык кылды.
31 Акыр-аягы, ал ата-бабаларына кошулду. Аны атасы Дөөтүнүн шаарына+ коюшту. Анын ордуна уулу Рехабам+ падышалык кыла баштады+.