2 Корунттуктар 2:1—17
2 Мен силерге эмки жолу барганда капаланбай барууну чечтим+.
2 Анткени мени кубанта турган силерди капалантсам+, анда мени ким кубантат?
3 Ушуларды жазган себебим, силерге барганымда кубантышы керек болгондор мени капалантпасын дедим+. Анткени менин кубанганым+ баарыңарды кубантарына толук ишенем+.
4 Муну капаланышыңар үчүн эмес+, силерди аябай жакшы көрөрүмдү билишиңер үчүн, кайгыга батып, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жаздым+.
5 Эгер кимдир бирөө мени капалантса+, катуу айткандай болбоюн, ал мени эмес, кандайдыр бир деңгээлде баарыңарды капалантты.
6 Андай адамга көпчүлүк тарабынан ашкереленгени+ жетиштүү.
7 Ошондуктан эми, кайгыга чөгүп кетпеши үчүн+, аны айкөлдүк менен кечирип+, сооротконуңар жакшы.
8 Силерден суранарым, аны сүйөрүңөргө ынандыргыла+.
9 Мен силерге бардык жагынан тил алып жатканыңарды+ билиш үчүн жазгам.
10 Бирөөнүн кайсы бир жаңылыштыгын кечирсеңер, аны мен да кечирем+. Ал эми мен эмнени кечирсем, эгер чын эле кечирген болсом, аны Машаяктын алдында силердин пайдаңар үчүн кечиргем,
11 Шайтан бизди алдап кетпеши үчүн+ кечиргем. Себеби анын айла-амалдары бизге белгилүү+.
12 Машаяк жөнүндө жакшы кабар жарыялаш үчүн Троаска барганымда+, ал жакта Мырзабыздын ишин аткарууга эшик ачылды+.
13 Бирок Тит+ бир тууганымды таппай койгондуктан, жүрөгүм түпөйүл боло берди. Ошондуктан ал жердеги шакирттер менен коштошуп, Македонияга кеттим+.
14 Бизди Машаяк менен бирге дайыма жеңиш жүрүшүндө+ жетектеп жүргөн+ жана өзү жөнүндөгү билимдин жыпар жытын биз аркылуу бардык жерде таратып жаткан Кудайга алкыш!+
15 Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын жана өлүмгө дуушар боло тургандардын+ арасында Машаяк жөнүндөгү кабардын жагымдуу жытыбыз+.
16 Өлүмгө дуушар боло тургандар үчүн өлүмгө алпаруучу өлүм жыты болсок+, куткарыла тургандар үчүн өмүргө алпаруучу өмүр жытыбыз. Бул кызматка ким жарактуу?+
17 Биз. Анткени биз көптөр сыяктуу+ Кудайдын сөзүн+ сатып пайда көрбөйбүз. Тескерисинче, Кудайдын алдында Машаяктын шакирттери, Кудайдын жибергендери катары чын жүрөктөн сүйлөйбүз+.