2 Корунттуктар 3:1—18
3 Биз өзүбүзгө кайрадан кепилдеме беришибиз керекпи?+ Же, кээ бирөөлөргө окшоп, силерге кепилдеме кат жөнөтүүгө+, же силерден ошондой кат алууга муктажбызбы?
2 Биздин жүрөгүбүзгө жазылган жана бардык адамдар билип, окуп жүргөн+ катыбыз силерсиңер+.
3 Силер Машаяктын каты экениңерди көрсөтүп турасыңар. Ал кат биз — Кудайдын кызматчылары+ — тарабынан сыя менен эмес, тирүү Кудайдын руху менен+, таш лоокторго эмес+, жүрөктөргө жазылган+.
4 Биз муну Кудайдын алдында Машаяк аркылуу ишенимдүү түрдө айта алабыз+.
5 Бул кайсы бир нерсеге өз күчүбүз менен жетип, өзүбүздөн өзүбүз эле жарактуу болуп калганыбызды билдирбейт+. Бизди жарактуу кылган — Кудай+.
6 Ал бизди жаңы келишимдин+, жазуу түрүндөгү мыйзамдардын эмес+, рухтун+ кызматчылары болууга жарактуу кылды. Жазуу түрүндөгү мыйзамдар өлүмгө өкүм кылат+, ал эми рух өмүр берет+.
7 Мусанын жүзүнөн даңк+, өчө турган даңк, чагылып тургандыктан+, Ысрайыл уулдары анын жүзүн карай алышкан эмес. Эгер ташка чегилип жазылган+, өлүмгө алып барган Мыйзам+ ушундай даңктуу болгон болсо,
8 рухтун кызматы+ андан да даңктуу болушу керек эмеспи?+
9 Анткени өкүм чыгаруучу+ Мыйзам даңктуу болсо+, адилдикке жеткирүүчү+ кызмат андан да даңктуу эмеспи+.
10 Чынында эле, мурун даңктуу болгон нерсе өзүнөн жогору турган нерсенин даңкынан улам+ даңктуу болбой калды+.
11 Эгер жок боло турган нерсе даңктуу болгон болсо+, кала турган нерсе андан да даңктуу болот+.
12 Ушундай үмүтүбүз бар болгондуктан+, биз кайраттуулук* менен сүйлөйбүз.
13 Ысрайыл уулдары жок боло турган нерсенин натыйжасын көрбөшү үчүн+, жүзүнө жабуу жаап алган+ Мусага окшоп, биз жүзүбүздү жаппайбыз.
14 Алардын акылы караңгыланып калган+. Ушул күнгө чейин ал жабуу эски келишим окулганда алынбай турат+, анткени ал Машаяк аркылуу гана жок кылынат+.
15 Бүгүнкү күндө да Мусанын китептери окулганда+, алардын жүрөгүн жабуу жаап турат+.
16 Ал эми Жахабага кайрылышканда, ал жабуу алынып салынат+.
17 Жахаба — Рух+. Жахабанын+ руху+ бар жерде эркиндик бар+.
18 Биз баарыбыз+ жабуусуз жүзүбүз менен Жахабанын даңкын+ күзгүдөй чагылдырып, Рух болгон Жахаба кандай өзгөртсө+, ошондой өзгөрүп+, даңктан даңкка өтүү менен+ аныкындай бейнеге ээ болобуз+.
Шилтемелер
^ Же: «сүйлөө эркиндиги».