2 Падышалар 1:1—18

1  Ахап өлгөндөн кийин+, Маап+ Ысрайылга каршы чыкты+.  Бир күнү Ахазия Самариядагы үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн+ тор тосмосунан түшүп кетип+, катуу жаракат алды. Ал кабарчыларын: «Барып, Экрондун+ кудайы Баал-Зебуптан+ айыгар-айыкпасымды сурап келгиле»+,— деп жиберди.  Ошол убакта Жахабанын периштеси+ тишпилик Илияска+: «Тур да, Самариянын падышасы жиберген кабарчылардын алдынан чыгып, аларга: „Экрондун кудайы Баал-Зебуптан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жок бекен?+  Ошондуктан Жахаба: “Төшөктөн турбайсың, өлөсүң”+,— деп айтып жатат”,— деп айт»,— деди. Илияс ошолорду айтып, кетип калды.  Кабарчылар падышага кайтып келишкенде, ал: «Эмнеге кайра келип калдыңар?» — деп сурады.  Алар мындай дешти: «Жолдон бир киши жолугуп: „Силерди жиберген падышага кайра барып: “Жахаба сага+: “Экрондун кудайы Баал-Зебуптан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жок бекен? Ошондуктан төшөктөн турбайсың, өлөсүң”+,— деп айтып жатат”,— деп айткыла“,— деди».  Падыша: «Алдыңардан чыгып, ушул сөздөрдү айткан кишинин сырткы көрүнүшү кандай экен?» — деп сурады.  Алар: «Ал түктүү кийим кийип+, белине кайыш кур курчанып алыптыр»+,— дешти. Ошондо падыша: «Ал — тишпилик Илияс»,— деди.  Анан падыша ага элүү башыны элүү кишиси менен жиберди+. Элүү башы Илияс отурган тоого чыгып барды да, ага: «Чыныгы Кудайдын кишиси+, падыша: „Түш!“ — деп жатат»,— деди. 10  Илияс элүү башыга: «Эгер мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп+, сени да, элүү кишиңди да жалмап кетсин»,— деди. Ошондо асмандан от түшүп, аны да, анын элүү кишисин да жалмап кетти+. 11  Падыша ага дагы башка элүү башыны элүү кишиси менен жиберди+. Ал Илияска: «Чыныгы Кудайдын кишиси, падыша: „Тезирээк түш!“ — деп жатат»,— деди+. 12  Илияс аларга: «Эгер мен чыныгы Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да жалмап кетсин»,— деди. Ошондо асмандан Кудайдын оту түшүп, аны да, анын элүү кишисин да жалмап кетти. 13  Падыша ага үчүнчү жолу дагы бир элүү башыны элүү кишиси менен жиберди+. Элүү башы Илияска барды да, анын алдына чөгөлөп+, ырайым кылышын өтүнүп+: «Чыныгы Кудайдын кишиси, мага да+, жанымдагы бул элүү кулуңа да ырайым кыла көр+, бизди өлтүрө көрбө. 14  Асмандан от түшүп, менден мурунку эки элүү башыны элүү кишиси менен кошо жалмап кетти+. Сенден суранам, мага ырайым кыла көр, өлтүрө көрбө»,— деп жалынды. 15  Жахабанын периштеси Илияска: «Муну менен түшүп бара бер, бул кишиден коркпо»,— деди+. Илияс ордунан туруп, аны менен чогуу падышага барды да: 16  «Жахаба сага: „Кабарчыларыңды+ Экрондун+ кудайы Баал-Зебуптан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жок бекен? Ошондуктан төшөктөн турбайсың, өлөсүң“,— деп айтып жатат»,— деди. 17  Бир канча убактан кийин, Жахабанын Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча+, падыша өлдү+. Анын уулу жок болгондуктан, ордуна Жорам*+ падыша болду. Ал Жүйүт падышасы Жошапаттын уулу Жорамдын башкаруусунун экинчи жылында такка отурду+. 18  Ахазиянын+ калган иштери Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+.

Шилтемелер

Ахазиянын бир тууганы.