2 Падышалар 12:1—21

12  Жааш+ Жехунун+ башкаруусунун жетинчи жылында такка отуруп, Иерусалимде кырк жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Зибиа болчу, ал Беир-Шебадан эле.  Дин кызматчы Жоят акыл айтып, үйрөтүп турган убакта Жааш Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+.  Бийик жерлер гана жок кылынган жок+. Эл дагы эле бийик жерлерде курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтүп жатты.  Жааш дин кызматчыларга+: «Жахабанын үйүнө ыйык тартуу катары+ алынып келген акчанын баарын: ар бир киши төлөшү керек болгон акчаны+, дин кызматчы ант берген кишиге белгилеген акчаны+ жана Жахабанын үйүнө+ ар бир киши чын жүрөгүнөн алып келген акчаны+  дин кызматчылар тааныган кишилеринен чогултуп+, үйдүн оңдош керек болгон жерлерин оңдоого жумшашсын»,— деди+.  Бирок Жааштын башкаруусунун жыйырма үчүнчү жылы дин кызматчылар үйдү дагы эле оңдото элек болчу+.  Ошондуктан Жааш падыша дин кызматчы Жоятты+ жана башка дин кызматчыларды чакырып: «Эмнеге үйдү оңдобой жатасыңар? Тааныган кишилериңерден мындан ары акча чогултпагыла, акчаны үйдү оңдош үчүн бергиле»,— деди+.  Дин кызматчылар элден акча чогултуу жана үйдү оңдоо жоопкерчилигин падышага өткөрүп берүүгө макул болушту.  Андан кийин дин кызматчы Жоят бир куту+ алып, анын капкагын тешип, аны курмандык жайынын жанына, Жахабанын үйүнүн кире беришинин оң жагына койду. Дарбаза кайтарган дин кызматчылар+ Жахабанын үйүнө алынып келген акчаны ошол кутуга салышчу+. 10  Кутуга көп акча чогулган сайын, алар падышанын катчысы+ менен башкы дин кызматчыга билдирип турушчу. Алар келип, Жахабанын үйүнө алынып келген акчанын баарын баштыктарга салып, оозун бууп, санаганы алып кетишчү+. 11  Санагандан кийин акчаны Жахабанын үйүндө жүргүзүлүп жаткан ишке көзөмөл кылууга дайындалгандарга беришчү+. Алар болсо аны Жахабанын үйүндө иштеген жыгач усталардын, куруучулардын, 12  таш тизгендер менен таш сомдогондордун+ эмгек акысына беришчү, ошондой эле ал акчаны Жахабанын үйүн оңдогонго жылмаланган таштарды, жыгач сатып алууга жана оңдоо ишине кеткен башка чыгымдарды жабууга жумшашчу. 13  Жахабанын үйүнө алынып келген ал акчаны Жахабанын үйүндө колдонулчу күмүш чараларды, билик өчүргүчтөрдү+, табактарды+, сурнайларды+ жана башка алтын-күмүш буюмдарды жасаганга жумшашчу эмес+. 14  Анткени ал акчаны көзөмөл кылууга дайындалгандарга берип, Жахабанын үйүн оңдогонго жумшашчу+. 15  Жумушчуларга эмгек акысын таратып берүүгө дайындалган+ ал кишилерден эсеп-кысап талап кылынчу эмес+, себеби алар чынчылдык менен иш кылышчу+. 16  Айып курмандыгы менен күнөө курмандыгына алынып келген акча+ Жахабанын үйүн оңдоого жумшалчу эмес. Ал дин кызматчыларга таандык болчу+. 17  Ошол убакта Сирия падышасы Хазаел+ Гатка+ кол салып, аны басып алды. Анан Иерусалимге кол салмакчы болду+. 18  Ошондо Жүйүт падышасы Жааш өзүнүн аталары: Жүйүт падышалары Жошапат, Жорам, Ахазия ыйыктаган бардык ыйык тартууларды+, ошондой эле өзүнүн ыйык тартууларын, Жахабанын үйүндөгү жана падышанын үйүндөгү казынадан табылган бардык алтынды алып, Сирия падышасы Хазаелге берип жиберди+. Ошондуктан Хазаел Иерусалимге кол салбай, кетип калды. 19  Жааштын калган иштери, эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 20  Кызматчылары+ өз ара сүйлөшүп алып+, аны Сылага кеткен жолдогу Милодогу*+ үйүндө+ өлтүрүп коюшту. 21  Аны Шимат уулу Жозакар, Шомер уулу Жеозабат+ деген кызматчылары өлтүрүштү. Жааштын сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге, Дөөтүнүн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Амазия падыша болду+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «үймө топурактагы». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.