2 Падышалар 13:1—25

13  Жүйүт падышасы Ахазиянын+ уулу Жааштын+ башкаруусунун жыйырма үчүнчү жылында Жехунун+ уулу Жахаз+ Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал он жети жыл падышалык кылды.  Жахаз Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+, ошондой эле Ысрайылды күнөөгө батырган+ Небаттын уулу Жеробамдын жолунда жүрүп+, күнөө кылганын токтоткон жок.  Жахабанын Ысрайылга каары кайнап+, аларды кайра-кайра Сирия падышасы Хазаел+ менен анын уулу Бенадаттын+ колуна салып берип жатты.  Акыры, Жахаз Жахабадан ырайым кылышын сурап жалбарды*+, ошондо Жахаба анын үнүн укту+. Анткени ал Сирия падышасынын ысрайылдыктарды канчалык кысымга алып жатканын+ көрүп турган эле+.  Жахаба ысрайылдыктарга куткаруучу берип+, аларды Сириянын эзүүсүнөн бошотту. Ысрайыл уулдары мурдагыдай эле өз үйлөрүндө жашап калышты+.  (Бирок алар Ысрайылды күнөөгө батырган Жеробамдын+ үйү кылган жаман ишти кылып, күнөө кылганын токтотушкан жок+. Самарияда атүгүл ыйык устун да бар болчу.)+  Сирия падышасы Жахаздын аскерлерин кырып+, эгин бастырганда чыккан чаңдай кылып салгандыктан+, анын 50 атчаны, 10 арабасы, 10 000 жөө аскери эле калган болчу+.  Жахаздын калган иштери, эмнелерди кылганы, кандай зор иштерди жасаганы Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+.  Акыры, Жахаз ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн Самарияга коюшту+. Анын ордуна уулу Жааш+ падышалык кыла баштады. 10  Жахаздын уулу Жааш Жүйүт падышасы Жааштын+ башкаруусунун отуз жетинчи жылында Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал он жыл падышалык кылды. 11  Жааш Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган Небаттын уулу Жеробам кылган жаман иштердин баарын кылып, күнөө кылганын токтоткон жок+. 12  Жааштын калган иштери, эмнелерди кылганы, кандай зор иштерди жасаганы, Жүйүт падышасы Амазия менен кантип согушканы жөнүндө+ Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 13  Акыры, Жааш ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Жеробам+ такка отурду. Жааштын сөөгүн Самарияга, Ысрайыл падышалары коюлган жерге коюшту+. 14  Элиша+ катуу ооруп, өлүм алдында жатканда+, Ысрайыл падышасы Жааш келип, аны кучактап: «Атаке, атаке!+ Ысрайылдын майдан арабасы менен атчандары!*» — деп ыйлады+. 15  Элиша Ысрайыл падышасына: «Жаа менен жебелерди ал»,— деди. Ал алды. 16  Анан Элиша ага: «Эми жааны колуңа карма»,— деди. Ал колуна кармаганда, Элиша анын колдорунун үстүнө колдорун койду+. 17  Анан ага: «Чыгышка караган терезени ач»,— деди. Ал ачканда, Элиша: «Ат!» — деди. Ал атты. Ошондо Элиша: «Бул — Жахабанын куткаруучу жебеси, Сириядан куткара турган жебе!+ Сен сириялыктарды Апекте+ толугу менен талкалайсың»,— деди. 18  Андан кийин Элиша Ысрайыл падышасына: «Эми жебелерди ал»,— деди. Ал алды. Анан Элиша ага: «Жебелерди жерге чап»,— деди. Ал үч жолу чаап, токтоп калды+. 19  Ошондо чыныгы Кудайдын кишиси+ ага ачууланып: «Беш же алты жолу чаппайт белең! Ошондо сириялыктарды биротоло талкаламаксың. Эми аларды үч эле жолу жеңесиң»,— деди+. 20  Элиша көз жумуп, анын сөөгүн жерге коюшту+. Жыл сайын жылдын башында мааптыктар+ келип, Ысрайыл жерин тоноп кетишчү+. 21  Бир жолу эл бир кишинин сөөгүн койгону жатып талап-тоноочулардын келатканын көрүп калышты. Ошондо алар анын сөөгүн Элишанын мүрзөсүнө таштай салып, качып кетишти. Элишанын сөөгүнө тиери менен, өлгөн киши тирилип+, туруп кетти+. 22  Сирия падышасы Хазаел+ Жахаздын убагында ысрайылдыктарга дайыма кысым көрсөтүп турду+. 23  Бирок Жахаба аларга Ыбрайым+, Ыскак+ жана Жакып+ менен түзгөн келишими+ үчүн кайрымдуулук көрсөтүп+, ырайым кылды+. Ал аларды жок кылгысы келген жок+, ушул күнгө чейин алардан жүзүн бурган жок. 24  Акыры, Сирия падышасы Хазаел өлүп, анын ордуна уулу Бенадат падыша болду. 25  Жахаздын уулу Жааш Хазаелдин уулу Бенадат анын атасынан тартып алган шаарларды кайра тартып алды. Жааш аны үч жолу жеңип, Ысрайылдын шаарларын кайра тартып алды+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Жахабанын жүзүн жумшартты».
Бул сөздөр Кудайдан же анын өкүлдөрүнөн жардам сурап өтүнүүнү билдириши мүмкүн.