2 Падышалар 15:1—38

15  Ысрайыл падышасы Жеробамдын башкаруусунун жыйырма жетинчи жылында Жүйүт падышасы Амазиянын+ уулу Азария*+ падыша болду.  Ал он алты жашында такка отуруп, Иерусалимде элүү эки жыл падышалык кылды+. Анын энесинин аты Жехолия эле, ал Иерусалимден болчу.  Азария, атасы Амазиядай болуп, Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+.  Бийик жерлер гана жок кылынган жок+. Эл дагы эле бийик жерлерде курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтүп жатты+.  Акырында Жахаба аны пес оорусуна чалдыктырды+. Пес оорусу+ менен ооругандыктан ал өз иштерин өткөрүп берип, өлөр-өлгөнчө өзүнчө үйдө жашады+. Падышанын үйү менен элди анын уулу Жотам+ башкарды+.  Азариянын калган иштери, эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+.  Акыр-аягы, Азария ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге, Дөөтүнүн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Жотам падыша болду+.  Жүйүт падышасы Азариянын+ башкаруусунун отуз сегизинчи жылында Жеробамдын уулу Закарыя+ Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал алты ай падышалык кылды.  Закарыя, ата-бабаларындай болуп, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган+ Небаттын уулу Жеробам кылган жаман иштерди кылды+. 10  Жабештин уулу Шалум бирөөлөр менен сүйлөшүп алып+, аны Иблиемде+ өлтүрүп+, ордуна падыша болуп алды. 11  Закарыянын калган иштери Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 12  Жахаба Жехуга: «Сенин уулдарың төртүнчү муунуна чейин Ысрайылдын тактысында отурат»+,— деп айткан эле+. Так ошондой болду+. 13  Жабештин уулу Шалум Жүйүт падышасы Узиянын+ башкаруусунун отуз тогузунчу жылында такка отурду. Ал Самарияда бир ай падышалык кылды+. 14  Анан Самарияга Тирсадан+ Гадинин уулу Менахем+ келип, Жабештин уулу Шалумду+ өлтүрүп, ордуна падыша болуп алды. 15  Шалумдун калган иштери жана анын чыккынчылык уюштурганы жөнүндө+ Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 16  Ошол убакта Менахем Тирсадан келип, Типсакты жана андагынын баарын, ошондой эле анын тегерегиндеги аймактын бардыгын талкалады. Анын тургундары дарбазасын ачпай коюшкандыктан, ал шаарды кыйратып, кош бойлуу аялдарынын курсагын жарып салды+. 17  Гадинин уулу Менахем Жүйүт падышасы Азариянын башкаруусунун отуз тогузунчу жылында+ Ысрайылга падыша болуп, Самарияда он жыл башкарды. 18  Менахем өлөр-өлгөнчө Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган+ Небаттын уулу Жеробам кылган жаман иштерди кылды+. 19  Ашур*+ падышасы Пул+ Ысрайыл жерине келгенде, Менахем өзүнүн бийлигин бекемдөөгө+ жардам бериши үчүн ага 1 000 талант күмүш+ берди+. 20  Менахем ал күмүштү Ашур падышасына ысрайылдыктардан чогултуп берди. Ал ар бир бай кишиден 50 күмүш шекелден чогултту+. Ошентип, Ашур падышасы ал жерден кетип калды. 21  Менахемдин+ калган иштери, эмнелерди кылганы Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 22  Акыр-аягы, Менахем ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Пекахия+ падыша болду. 23  Менахемдин уулу Пекахия Жүйүт падышасы Азариянын башкаруусунун элүүнчү жылында Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал эки жыл башкарды+. 24  Пекахия Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган+ Небаттын уулу Жеробам кылган жаман иштерди кылды+. 25  Анын жардамчысы+ Ремалиянын уулу Пеках+ бирөөлөр менен сүйлөшүп алып+, Гилат уулдарынан элүү киши ээрчитип барды да, Самариядагы падыша үйүндөгү мунаранын ичинен+ аны, Аргоп менен Ариейди өлтүрүп, ордуна падыша болуп алды. 26  Пекахиянын калган иштери, эмнелерди кылганы Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 27  Ремалиянын уулу+ Пеках+ Жүйүт падышасы Азариянын башкаруусунун элүү экинчи жылында Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал жыйырма жыл башкарды. 28  Пеках Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган+ Небаттын уулу Жеробам кылган жаман иштерди кылды+. 29  Ысрайыл падышасы Пекахтын убагында Ашур падышасы+ Тиглат-Пилесер+ келип, Ионду+, Абыл-Бет-Маакты+, Жаноахты, Кедешти+, Хазорду+, Гилатты+, Галилеяны+, Напталы+ уруусуна таандык жердин баарын, басып алды да, тургундарын Ашурга туткундап кетти+. 30  Акыры, Эланын уулу Ошуя+ бирөөлөр менен сүйлөшүп алып+, Ремалиянын уулу Пекахты өлтүрүп+, Узиянын уулу Жотамдын+ башкаруусунун жыйырманчы жылында өзү падыша болуп алды. 31  Пекахтын калган иштери, эмнелерди кылганы Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 32  Ысрайыл падышасы Ремалиянын уулу Пекахтын башкаруусунун экинчи жылында Жүйүт падышасы Узиянын+ уулу Жотам+ падыша болду. 33  Ал жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде он алты жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Жеруша эле, ал Садоктун кызы болчу+. 34  Жотам, атасы Узиядай болуп+, Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды+. 35  Бийик жерлер гана жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлерде+ курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтүп жатты. Ал Жахабанын үйүнүн жогорку дарбазасын орнотту+. 36  Жотамдын калган иштери, эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 37  Ошол күндөрү Жахаба Сирия падышасы Резинди+ жана Ремалиянын уулу Пекахты+ Жүйүткө каршы жибере баштады+. 38  Акыр-аягы, Жотам ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге, чоң аталарынан болгон Дөөтүнүн шаарына коюшту+. Анын ордуна уулу Ахаз+ падыша болду.

Шилтемелер

2Пд 15:13, 30, 32, 34-аяттарда «Узия».
Ассирия.