2 Падышалар 16:1—20

16  Жүйүт падышасы Жотамдын уулу Ахаз+ Ремалиянын уулу Пекахтын башкаруусунун он жетинчи жылында падыша болду.  Ал жыйырма жашында такка отуруп, Иерусалимде он алты жыл падышалык кылды. Чоң аталарынан болгон Дөөтүдөн айырмаланып, ал Жахаба Кудайынын көз алдында туура эмес иштерди кылды+.  Ахаз Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрдү+. Ал Жахаба Ысрайыл уулдарынын алдынан кууп чыккан элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылып+, атүгүл өз уулун отко салды*+.  Ал бийик жерлерде+, дөбөлөрдө+, ар бир шактуу дарактын түбүндө+ курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөттү.  Ошол убакта Сирия падышасы Резин+ менен Ысрайыл падышасы Ремалиянын уулу Пеках+ Ахаз менен согушканы Иерусалимге келип, аны курчоого алышты, бирок басып ала алышкан жок+.  Ошондо Сирия падышасы Резин Элатты+ Эдомго кайрып берип, ал жактагы жүйүттөрдүн баарын кууп чыкты. Элатка эдомдуктар отурукташып, ушул күнгө чейин ошол жерде жашашат.  Ахаз Ашур падышасы Тиглат-Пилесерге+ киши жиберип: «Мен сенин кулуңмун+, сенин уулуңмун. Сирия падышасы менен Ысрайыл падышасы мени менен согушканы келишти. Келип, мени алардын колунан куткара көр»+,— деп айттырып жиберди.  Анан Жахабанын үйүндөгү жана падышанын үйүндөгү казынадагы алтын-күмүштү алып+, Ашур падышасына тартуу катары жөнөттү+.  Ошондо Ашур падышасы анын айтканын угуп, Дамаскка+ барды да, аны басып алып+, тургундарын Кирге+ туткундап кетти, Резинди+ болсо өлтүрүп салды. 10  Ахаз+ падыша Ашур падышасы Тиглат-Пилесер+ менен жолугуш үчүн Дамаскка барды. Ал Дамасктагы курмандык жайын көрүп+, анын сүрөтүн жана толук чиймесин дин кызматчы Урияга жөнөттү+. 11  Урия+ ал чийме боюнча курмандык жайын куруп+, аны Ахаз падыша Дамасктан кайтып келгенге чейин бүтүрүп койду. 12  Дамасктан кайтып келгенден кийин падыша курмандык жайын көрдү. Анан курмандык жайынын жанына барып+, анын үстүндө курмандыктарды чалды+. 13  Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+ менен нан курмандыгын+ өрттөп+, алып келген суюк тартуусун+ куюп, курмандык жайына тынчтык курмандыктарынын канын чачыратты. 14  Ал эми Жахабанын алдында турган, Жахабанын үйү+ менен өзү курдурган курмандык жайынын ортосундагы жез курмандык жайын+ ордунан жылдырып, өзүнүн курмандык жайынын түндүк жагына коюп койду. 15  Анан Ахаз падыша дин кызматчы Урияга+: «Эртең мененки+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кечки+ нан курмандыгын чоң курмандык жайынын үстүндө чал. Ошондой эле падыша алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+ менен нан курмандыгын, бүт эл алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, анын нан курмандыгы менен суюк тартууларын да чоң курмандык жайынын үстүндө чал. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен башка курмандыктардын канын ушул курмандык жайына чачырат. Ал эми жез курмандык жайын эмне кылышты мен ойлонуп көрөйүн»,— деди. 16  Дин кызматчы Урия+ баарын Ахаз падыша айткандай кылды+. 17  Андан сырткары, Ахаз падыша арабалардын+ капталдарын+ бузуп+, алардын үстүндөгү казандарды+ алып салды. Ал жез өгүздөрдүн+ үстүнө орнотулган чоң казанды+ да алып, таш төшөлгөн жерге койду. 18  Ашур падышасынан корккондуктан Ахаз үйгө улап курулган, ишемби күнү колдонулган үстү жабык жайды башка жакка жылдырып, Жахабанын үйүнө падыша кирчү эшикти бүтөп салды. 19  Ахаздын калган иштери, эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 20  Акыр-аягы, ал ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына, ата-бабалары коюлган жерге коюшту+. Анын ордуна уулу Хиския+ падыша болду.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «оттон өткөрдү».