2 Падышалар 17:1—41
17 Жүйүт падышасы Ахаздын башкаруусунун он экинчи жылында Эланын уулу Ошуя+ Самарияда+ такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал тогуз жыл падышалык кылды.
2 Ошуя Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды, бирок өзүнө чейинки Ысрайыл падышалары кылганчалык кылган жок+.
3 Ашур+ падышасы Шалманесер+ аны менен согушканы келди. Ошуя ага кул болуп, салык төлөй баштады+.
4 Ошуя Мисир падышасы Сого кабарчыларын жөнөткөндүктөн+ жана мурункудай болуп салык төлөбөй калгандыктан, Ашур падышасы анын чыккынчылык уюштурганын+ билип калды. Ошондуктан аны каматып, кишендеп койду+.
5 Ашур падышасы бүт Ысрайыл жерине согуш ачты. Ал Самарияга келип, аны үч жыл курчоого алды+.
6 Ошуянын башкаруусунун тогузунчу жылында Ашур падышасы Самарияны басып алып+, ысрайылдыктарды Ашурга туткундап кетти да+, аларды Гозан дарыясынын+ боюндагы Халах+ менен Хаборго жана мадайлыктардын шаарларына жашатып койду+.
7 Мунун баары Ысрайыл уулдары өздөрүн Мисир жеринен алып чыгып, Мисир падышасы фараондун колунан куткарган Жахаба Кудайына+ каршы күнөө кылганы үчүн+, башка кудайларга кызмат кылганы үчүн болду+.
8 Ысрайыл уулдары Жахаба алардын алдынан кууп чыккан элдердин жол-жоболору боюнча жана Ысрайыл падышалары берген көрсөтмөлөр боюнча жашашты+.
9 Алар Жахаба Кудайына жакпаган иштерди кылып+, бардык шаарларына, күзөт мунарасынан+ тартып чептүү шаарларына чейин, сыйынууга арналган бийик жерлерди жасашты+.
10 Ар бир бийик дөбөгө+, ар бир шактуу дарактын түбүнө+ ыйык мамылар+ менен ыйык устундарды+ орнотушту.
11 Алар, Жахаба алар үчүн кууп чыккан элдердей болуп, бийик жерлеринин баарында курмандык түтүнүн түтөтүп+, жаман иштерди кылып, Жахабаны капалантышты+.
12 Жахаба: «Аларга сыйынбагыла»+,— деп айтса да, алар заңдай жийиркеничтүү буркандарга табынышты+.
13 Жахаба өзүнүн бардык пайгамбарлары+, көрөгөчтөрү аркылуу+ Ысрайыл+ менен Жүйүткө+: «Жаман жолуңардан кайткыла+, мен ата-бабаларыңарга берген+ жана пайгамбарларым аркылуу+ силерге да берген мыйзамда+ жазылган осуяттар+ менен көрсөтмөлөрдүн+ баарын аткаргыла»,— деп эскерткен болчу+.
14 Бирок алар кулак салбай коюшту, өздөрүнүн Жахаба Кудайына ишенбеген+ ата-бабаларындай болуп, тоң моюндук кылышты+.
15 Алар анын көрсөтмөлөрүн, ата-бабалары менен түзгөн келишимин+ жана эскертиш үчүн айткан насааттарын+ четке кагышты. Тегерегиндеги Жахаба туурабагыла деген элдерди туурап+, пайдасыз буркандарды ээрчип+, өздөрү да пайдасыз болуп калышты+.
16 Алар Жахаба Кудайынын осуяттарын аткарбай+, куйма буркандарды+, эки музоону+ жана ыйык устун жасап+, асмандагы нерселердин баарына табынып+, Баалга кызмат кыла башташты+,
17 ошондой эле уул-кыздарын отко салып*+, төлгө ачып+, белгилерди карап көзү ачыктык кылып+, Жахабанын көз алдында жаман иштерди жасап*+, аны капалантышты+.
18 Ошондуктан Жахаба ысрайылдыктарга аябай ачууланып+, аларды четке кагып+, Жүйүт уруусун гана калтырды+.
19 Бирок жүйүт эли да Жахаба Кудайынын осуяттарын аткарбай+, Ысрайыл падышалары берген көрсөтмөлөр боюнча жашады+.
20 Ошондуктан Жахаба бүт Ысрайыл тукумун четке какты+, аларды жазалап, талап-тоноочулардын колуна салып берди+, акыры аларды таштап койду.
21 Ал Ысрайылды Дөөтүнүн үйүнөн бөлүп салды. Ысрайылдыктар Небаттын уулу Жеробамды+ өздөрүнө падыша кылышты. Ал аларды Жахабадан алыстатып, чоң күнөөгө батырды+.
22 Ысрайыл уулдары Жеробам кылган бардык күнөөлөрдү кылышты+. Алар күнөө кылганын токтотушкан жок.
23 Акыры, Жахаба Ысрайылды, өзүнүн бардык кызматчылары, пайгамбарлары, аркылуу айткандай+, четке какты+. Ошентип, Ысрайыл өз жеринен Ашурга туткундалып кетти. Алар ушу күнгө чейин ошол жакта жашайт+.
24 Ашур падышасы Бабылдан+, Куттан, Абадан+, Хаматтан+, Сепарбайымдан+ элдерди көчүрүп келип, Ысрайыл уулдарынын ордуна Самариянын шаарларына+ жашатып койду. Ошентип, алар Самарияны ээлеп, анын шаарларында жашап калышты.
25 Башында ал жерге отурукташканда алар Жахабадан коркушчу эмес+. Ошондуктан Жахаба аларга арстандарды жиберип+, айрымдары арстандарга жем болушту.
26 Ошондо Ашур падышасына: «Сен көчүрүп келип, Самариянын шаарларына жашатып койгон элдер бул жердин Кудайына кантип сыйыныш керектигин билишпегендиктен, ал аларга арстандарды жиберип+, айрымдары аларга жем болуп жатышат. Бул жердин Кудайына кантип сыйыныш керектигин алардын арасынан эч ким билбейт экен»,— деп билдиришти.
27 Ашур падышасы: «Силер ал жактан көчүрүп жиберген дин кызматчылардын бирин+ кайра ошол жакка жибергиле. Ал барып, ошол жакка отурукташсын да, аларды ал жердин Кудайына сыйынууга үйрөтсүн»,— деп буйрук берди.
28 Ошондо Самариядан көчүрүлүп кеткен дин кызматчылардын бири Бейтелге+ барып отурукташты да, аларды Жахабадан коркууга үйрөтө баштады+.
29 Бирок ал элдердин ар бири өз кудайларын жасап+, аларды өздөрү жашаган шаарларга, самариялыктар курган бийик жерлердеги үйлөргө коюшту.
30 Бабылдыктар Сукот-Бенотту, куттуктар+ Нергалды, хаматтыктар Ашиманы,
31 абалыктар+ Нибхаз менен Тартакты жасашты. Сепарбайымдыктар+ болсо Сепарбайымдын кудайлары Адрамелек менен Анамелекке арнап уулдарын өрттөп жатышты+.
32 Ошол эле учурда алар Жахабадан да корккондуктан, бийик жерлерде кызмат кылышы үчүн, өздөрүнүн элинин арасынан дин кызматчыларды дайындашты+. Алар бийик жерлердеги үйлөрдө кызмат кылышты.
33 Алар Жахабадан коркушчу+, бирок өздөрү көчүрүлүп келген жерлердеги+ элдердей болуп, өздөрүнүн кудайларына табынышчу+.
34 Алар мурун кандай сыйынышса, ушул күнгө чейин ошондой сыйынышат+. Эч кимиси Жахабадан коркуп жашаган жок+, Жахабанын Жакыптын+ (ал анын атын Ысрайыл деп өзгөрткөн)+ уулдарына берген көрсөтмөлөрүнө, жол-жоболоруна+, мыйзамдарына+, осуяттарына+ карманып жашаган жок.
35 Жахаба алар менен келишим түзгөндөн+ кийин мындай буйрук берген болчу: «Башка кудайлардан коркпогула+, аларга таазим этпегиле, кызмат кылбагыла, аларга арнап курмандык чалбагыла+.
36 Силерди Мисир жеринен сунулган күчтүү колу менен алып чыккан+ Жахабадан корккула+, ага гана таазим кылгыла+, ага гана арнап курмандык чалгыла+.
37 Анын силер үчүн жазган+ көрсөтмөлөрүнө+, жол-жоболоруна, мыйзамдарына+, осуяттарына дайыма кармангыла+, башка кудайлардан коркпогула.
38 Силер менен түзгөн келишимимди унутпагыла+, башка кудайлардан коркпогула+.
39 Жахаба Кудайыңардан+ гана корккула, анткени ал силерди бардык душмандарыңардын колунан куткарат»+.
40 Бирок алар анын тилин албай, мурун кандай сыйынышса, ошондой сыйына беришти+.
41 Жахабадан коркушканы менен+, ал элдер оюлуп жасалган буркандарына кызмат кылышчу. Алардын уулдары да, неберелери да ушу күнгө чейин ата-бабалары кылганды кылышат.