2 Падышалар 20:1—21

20  Ошол күндөрү Хиския катуу ооруп калды+. Ал өлүм алдында жатканда, Амостун уулу Ышая+ пайгамбар келип, ага: «Жахаба мындай дейт: „Үйүңдөгүлөргө керээзиңди айт+, анткени сен айыкпайсың, өлөсүң“»,— деди+.  Ошондо ал жүзүн дубалга буруп+, Жахабадан тилене баштады+.  Ал: «Оо, Жахаба, сага жалынып-жалбарам, сага бүт жүрөгүм менен+, ишенимдүүлүк менен+ кызмат кылганымды+, көз алдыңда туура иштерди кылып келгенимди+ эстей көр»+,— деп тиленди. Анан өксөп ыйлады+.  Ышая ортоңку короого чыга электе, Жахаба ага мындай деди+:  «Кайра элимдин жол башчысы+ Хискияга барып: „Чоң аталарыңан болгон Дөөтүнүн Кудайы Жахаба+ мындай дейт: “Мен сенин тиленүүңдү+ уктум+, көз жашыңды көрдүм+. Мен сени ооруңдан айыктырам+, үчүнчү күнү Жахабанын үйүнө барасың+.  Өмүрүңдү дагы он беш жылга узартам. Сени да, бул шаарды да Ашур падышасынын колунан куткарам+. Бул шаарды өзүм үчүн, кызматчым Дөөтү үчүн коргойм”+,— деп айт“».  Ышая падышанын кызматчыларына: «Анжирдин ныкталып жасалган кагынан+ алып келгиле»,— деди. Алар алып келип, Хискиянын жарасына+ тартышты. Убакыттын өтүшү менен ал айыгып калды+.  Хиския Ышаядан: «Жахабанын мени айыктырарын, үчүнчү күнү Жахабанын үйүнө барарымды кайсы жышаандан+ улам билем?» — деп сурады.  Ышая: «Жахаба айткан сөзүн аткарат. Буга далил катары Жахаба мындай жышаан берет+: көлөкө он тепкич алдыга жылсынбы же он тепкич артка жылсынбы?» — деди. 10  Хиския: «Көлөкөнүн он тепкич алдыга жылганы оңой. Ошондуктан көлөкө он тепкич артка жылсын»,— деди+. 11  Ошондо Ышая пайгамбар Жахабага кайрылды. Ал Ахаздын тепкичине түшкөн көлөкөнү он тепкич артка жылдырды+. 12  Ошол убакта Бабыл+ падышасы Баладан уулу Беродах-Баладан+ Хискиянын ооруп калганын угуп, ага кат менен кошо белек берип жиберди+. 13  Хиския ал жиберген кишилердин айткандарын угуп, аларга казыналарынын баарын+, алтын-күмүшүн+, бальзам майын, кымбат баалуу майын+, курал-жарагын, казыналарында эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хискиянын үйүндө, падышалыгында аларга көрсөтпөгөн эч нерсеси калган жок+. 14  Ошондон кийин Хиския падышага Ышая пайгамбар келип+: «Бул кишилер эмне дешти, кайдан келишиптир?» — деп сурады+. Хиския: «Алыстан, Бабылдан келишиптир»,— деп жооп берди. 15  Анан Ышая: «Үйүңөн эмнелерди көрүштү?» — деп сурады. Хиския: «Үйүмдө болгондун баарын көрүштү. Казыналарымда аларга көрсөтпөгөн эч нерсем калган жок»,— деди+. 16  Ошондо Ышая Хискияга мындай деди: «Жахабанын сөзүн ук+. 17  „Мына, үйүңдө эмне болсо, ошонун баары+, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне чогултушса, ошонун баары Бабылга алынып кете турган күндөр келатат+. Эч нерсе калбайт,— дейт Жахаба+.— 18  Сенден төрөлгөн уулдарыңдын кээ бирлерин алып кетишет+, алар Бабыл падышасынын+ ак сарай кызматчылары болушат“»+. 19  Хиския Ышаяга: «Жахабанын сен аркылуу айткан сөзү жакшы экен»,— деди+. Анан: «Эгер менин күндөрүмдө тынчтык менен чындык+ өкүм сүрсө, анда жакшы турбайбы»,— деп кошумчалады+. 20  Хискиянын калган иштери, кандай зор иштерди жасаганы, көлмө+ менен куур*+ жасап, шаарга суу киргизгени жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+. 21  Акыр-аягы, Хиския ата-бабаларына кошулду+. Анын ордуна уулу Менаше+ падышалык кыла баштады.

Шилтемелер

Суу өткөрүлүүчү курулма.