2 Падышалар 21:1—26
21 Менаше+ он эки жашында такка отуруп, Иерусалимде элүү беш жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Хепсиба болчу.
2 Менаше Жахабанын көз алдында жаман иштерди+, Жахаба Ысрайыл уулдарынын алдынан кууп чыккан элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылды+.
3 Ал атасы Хиския жок кылган бийик жерлерди+ кайра жасады, Ысрайылдын падышасы Ахапка окшоп Баалга арнап курмандык жайларын куруп+, ыйык устун орнотту. Асмандагы нерселердин баарына+ табынып+, аларга кызмат кылды+.
4 Менаше Жахабанын үйүнө, Жахаба: «Менин ысмым Иерусалимде болот»+,— деп айткан жерге, курмандык жайларын курду+.
5 Жахабанын үйүнүн эки короосуна+ тең асмандагы нерселердин+ баарына арнап курмандык жайларын курду.
6 Ошондой эле өзүнүн уулун отко салды*+, сыйкырчылык кылды+, белгилерди карап, көзү ачыктык кылды, өлгөндөрдү чакыргандар+ менен келечекти алдын ала айткандарды+ дайындады. Жахабанын көз алдында көп жаман иштерди кылып, аны каардантты.
7 Андан сырткары, Менаше Ашейра* бурканын жасап+, аны Жахабанын үйүнө койду+. Кудай ал үй жөнүндө Дөөтү менен анын уулу Сулайманга: «Менин ысмым түбөлүккө ушул үйдө, мен Ысрайыл урууларына таандык шаарлардын ичинен тандап алган Иерусалимде болот+.
8 Эгер ысрайылдыктар менин буйруктарымдын баарын, кызматчым Муса берген мыйзамдын баарын аткарышса+, мен аларды ата-бабаларына берген жерден кууп чыкпайм+, мындан ары тентитпейм»,— деп айткан болчу.
9 Бирок Ысрайыл уулдары укпай коюшту+. Менаше азгыргандыктан+, алар Жахаба Ысрайыл уулдарынын алдында жок кылган элдер+ кылган иштерден да жаман иштерди кылышты.
10 Ошондо Жахаба пайгамбарлары аркылуу+ мындай деди:
11 «Жүйүт падышасы Менаше+ ушундай жийиркеничтүү иштерди кылып+, өзүнө чейинки аморлуктардан+ да ашып түштү. Ал өзүнүн заңдай жийиркеничтүү буркандары менен Жүйүттү күнөөгө батырды+.
12 Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен Иерусалим менен Жүйүткө алаамат жиберем+, ал тууралуу уккан адамдын үрөйү учат*+.
13 Иерусалимге Самария үчүн колдонгон+ ченегич жипти тартам+, аны Ахаптын үйүн ченегенде колдонгон деңгээл өлчөгүч менен өлчөйм+. Мен Иерусалимди аарчыгандан кийин көңтөрүп койгон табактай+ кылып аарчыйм+.
14 Өз энчимдин+ калдыгын таштап коём+, душмандарынын колуна салып берем. Душмандарынын баары аларды талап-тоношот+.
15 Анткени алар ата-бабалары Мисирден чыккан күндөн тартып ушул убакка чейин менин көз алдымда жаман иштерди кылып, мени капалантып келатышат“»+.
16 Менаше айыпсыз кишилердин канын көп төгүп+, Иерусалимди бир четинен экинчи четине чейин канга толтурду. Андан сырткары, өзүнүн күнөөсү менен Жүйүттү да күнөөгө батырып, алардын Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылышына себепкер болду+.
17 Менашенин калган иштери, эмнелерди кылганы, анын күнөөсү жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+.
18 Акыр-аягы, Менаше ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн үйүнүн жанындагы Узанын багына коюшту+. Анын ордуна уулу Амон падышалык кыла баштады.
19 Амон+ жыйырма эки жашында такка отуруп+, Иерусалимде эки жыл падышалык кылды. Анын энесинин аты Мешулемет эле. Ал жотпалык Харустун кызы болчу.
20 Амон, атасы Менашеге окшоп, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+.
21 Ал атасы кызмат кылып, таазим эткен заңдай жийиркеничтүү буркандарга кызмат кылып+, атасынын жолу менен жүрдү+.
22 Амон ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны таштап койду+, Жахабанын жолу менен жүргөн жок+.
23 Акыры, Амондун кулдары өз ара сүйлөшүп алып, аны өзүнүн үйүндө өлтүрүп коюшту+.
24 Бирок эл Амон падышаны өлтүргөн кишилердин баарын өлтүрүп+, Жошияны атасынын ордуна падыша кылып койду+.
25 Амондун калган иштери, эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган+.
26 Анын сөөгүн Узанын багындагы мүрзөгө коюшту+. Анын ордуна уулу Жошия+ падыша болду.